Кикладдар

Кикладдар.

Кикладдар, Цикладдар [грекче Kyklades – тегеректер (аралдар)] – Эгей деңизинин түштүк бөлүгүндөгү архипелаг. Грекияга карайт. Жалпы аянты 2,6 миң км2, 200дөн ашык аралдан турат; ирилери – Наксос (428 км2), Андрос (405 км2), Тинос, Парос, Милос. Кикладдар – байыркы (эгей) кургактыктын калдыгы, Балкан жана Кичи Азия жарым аралын туташтырып турган суу астындагы босоголордун көтөрүлгөн бөлүгү. Милос жана Тира аралдары жанартоо атылышынан пайда болгон. Тоолуу рельефи басымдуу, бийиктиги 1008 мге чейин (Наксос аралында). Жер титирөөлөр болуп турат. Негизинен кристаллдык жана акиташ тоо тектеринен түзүлгөн. Климаты жер ортолук деңиздик, жайы ысык жана кургак, кышы жылуу жана нымдуу. Январдын орт температурасы 10–13,5оС, июлдуку 26–27оС. Жылдык жаан-чачыны 350–600 ммдей. Тоо капталдарында бадал өсүмдүктөрү (фригана) басымдуу; өрөөндөрүндө жүзүм, май алынчу жана цитрус өсүмдүктөрү, буудай, жүгөрү өстүрүлөт. Мал чарбасы жана балыкчылык өнүккөн. Темир жана боксит кендери, Наксос аралында наждактын ири кени бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]