Эгей деңизи
Көрүнүш
| Эгей деңизи | |
| грек. Αιγαίο πέλαγος, түрк. Ege Denizi | |
| | |
| Координаттар: 39°15′34″ с. ш. 25°57′09″ в. д.HGЯO | |
|---|---|
| Мүнөздөмөлөрү | |
| Аянты |
179 000 км² |
| Эң терең жери |
2 639 м |
| Суу топтоо аянты |
214 000 км² |
| Өлкө | |
| Океан | |
Эгей деңизи | |
Эгей деңизи - жартылай туюк деңиз, Жер Ортолук деңиздин бир бөлүгү.
Балкан, Кичи Азия ж. а-ын жана Крит а-нын ортосунда жайгашкан, жээгинде Грекия менен Түркия мамлекеттери жайгашкан. Дарданелл кысыгы аркылуу Мрамор денизи менен туташат. Аянты 191 миң км2.
Тереңдиги 200-1000 м. Эң терең жери 2561 м. Ири аралдары: Түндүк жана Түштүк Спорада, Кикладдор, Эвбея, Крит, Лесбос, Самос, Иония ж. б. Суунун үстүнкү бетинин тем-расы кышында 11-16°С, жайында 22-25°С. Кара деңизге салыштырмалуу туздуу 37-40%о. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 1 мте чейин). Балык (сардина, скумбрия, ж. б.) кармалат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4