Мазмунга өтүү

Мрамор деңизи

Википедия — ачык энциклопедия
Мрамор деңизи
түрк. Marmara Denizi

Мрамор деңизинин картасы
Координаттар: 40°43′21″ с. ш. 28°13′29″ в. д.HGЯO
Мүнөздөмөлөрү
Аянты

11 472 км²

Көлөмү

3 378 км³

Жээгинин узундугу

927 км

Эң терең жери

1355 м

Орточо тереңдиги

289 м

Туздуулугу

22-26 ‰

Куйган дарыялар

Симав, Ганен, Бига

Максималдуу температурасы

25-28 °С

Минималдуу температурасы

8-9 °С

Өлкө

 Түркия

Океан

Атлантика океаны

Мрамор деңизи (Түркия)
Мрамор деңизи
Мрамор деңизи Викиказынада

Мрамор деңизи, Мармара деңизи (түрк. Marmar denizi) – Атлантика океанындагы жер ортолук деңиз; Европа менен Кичи Азиянын аралыгында. Түркиянын жээгин чулгайт. Ыстанбул кысыгы аркылуу Кара деңиз, Дарданелл кысыгы аркылуу Эгей деңизи менен туташат. Аянты 12 миң км2, узундугу 280 км, эң жазы жери 80 км. Суусунун орточо көлөмү 3 миң км3, эң терең жери 1273 м. Көл чанагы Европаны, Азияны жана Африканы бөлгөн тектоникалык ири жаракадан пайда болгон. Жээги тоолуу, түштүгү менен чыгышы булуң-буйткалуу; түндүк жээктеринде суу астындагы рифтер арбын. Мармара, Канзаадалар жана башкалар. Аралдары бар. Деңиз тоңбойт, суунун үстүнкү бетинин температурасы кышында 8–9˚С, жайында 29˚Сге чейин. Мрамор деңизинин гидрологиялык режиминде Кара жана Эгей деңиздеринин суу алмашуусунун мааниси зор. Туздуулугу түндүгүндө 20‰, түштүгүндө 25–26‰. Балык (скумбрия жана башкалар) кармалат. Мрамор деңизи аркылуу Кара деңизден Жер Ортолук деңизге маанилүү коммуникациялар өтөт. Түндүк жээгинде Стамбул шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]