Дарданелл

Википедия дан
Дарданелл.

Дарданелл (түркчө Чанаккале-Богазы, байыркы гр. Геллеспонт) – Түркиядагы кысык. Европа (Балкан жарым аралы) менен Азияны (Кичи Азияны) бөлүп, Мрамор деңизин Эгей деңизи менен туташтырат. Узундугу 120,5 км, туурасы 1,3–27 км, тереңдиги фарватерде 29–153 м. Европа жак жээгинде Гелиболу, Азия тарабында Чанаккале (Түркия) порттору жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия