Салоники

Википедия дан
Фессалоники.

Салоники, Фессалоники (грек. Θεσσαλονίκη ) - Грекиядагы шаар. Эгей деңизиндеги Термаикос булунунун жээгинде жайгашкан. Борб. Македония перифериясынын (округунун) адм. борбору. Калкы 346 миң (2010; агломерациясы менен 1 млндой). Эл аралык аэропорту бар. Ири дениз портту. Шаардан Балкан ж. а-нда жайгашкан коңшу мамлекеттерге транзиттик жол кетет. Нефть ажыратуу, нефть-хим., текстиль, машина куруу (анын ичинде аскердик автомобилдер, бронетехника жана башкалар), фармацевтика, тамак-аш, курулуш материалдары өнөр жай ишканалары иштейт. Илимий-технол. парк (жогорку технология жаатындагы өндүрүш) бар.

Биздин заманга чейин 315-жылы негизделген. Византия доорунда мааниси боюнча Константинополдон кийинки 2-шаар, 13-кылымда Фессалоники королдугунун (Латын империясы) жана Эпир мамлекетинин (Фессалоники империясы) борбору болгон. Рим салтанат капкасы (Галерия, б. з. 300-жылы ченинде), көп сандаган византия чиркөөлөрү (анын ичинде Ыйык Георгий, 4-кылымдын аягы), Ыйык Димитрий (5-7-к.), Ыйык София кумпалуу базиликалары (5-8-к.) жана башка сакталган. Шаардагы Эрте христиан жана византия доорундагы эстеликтер Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине (1988) киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]