Кимдин үнү? (оюн)

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 5—15 киши. Оюн аянтчада, талаада, бөлмөдө, сахнада, үйдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи шайланган соң, калгандары андан 8—10 метрлик аралыкта катарга тизилишип оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат. Оюндун жетекчиси калгандарга далысын салып турушу керек.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи көзүн жумат да, катардагы оюнчулардын бирөөсү акырын айбандардын, куштардын же музыкалык аспаптардын үнүндөй үн чыгарат. Андан соң өзү турган ордун алмаштырып жиберет. Оюн жетекчиси көзүн ачып, ордунан жылбай туруп, баарын карай чыгып, ким үн чыгарган экенин айтат. Эгерде үн чыгарган адам, туура табылып калса, ал оюнчу ырдап же бийлеп биргенден кийин оюн жетекчиси менен орун алмашып кайрадан башташат; Эгерде оюн жетекчиси үн чыгарган адамды таппай калса, ырды өзү аткаргандан кийин ордунда калып оюн кайрадан башталат. Ошентип, каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Үндү көп жолу туура тапкан оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи көзүн жумуп туруп шыкаалап кароого, жаңылгандан кийин башка оюнчуну көрсөтүүгө, айтып коюуга, чурулдоого болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]