Кимсанбай Абдурахманов

Википедия дан

Кимсанбай Абдурахманов (1940-жылы туулган) – Кыргызстандын эгемендик доорундагы алгачкы муфтийи, сунний мусулмандардын Кыргызстандагы ханафий мазхабынын таасирдүү диниятчысы (улама), ажы, коомдук ишмер. Теги кыргыз. Ислам шариатынын адиси.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кимсанбай Абдурахманов 1940-жылдын 10-июлунда Өзбекстандын Фергана облусундагы (Кыргызстандын Баткен шаарынан 15 километр алыстагы) Жанабад айылында жергиликтүү кыргыз үй-бүлөдө туулган.

Ал 1957-жылда орто мектепти аяктаган.

1959-жылда ал Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесине окууга кирген.

1962-1966-жылдарда Советтер Биримдигинин (Советтер Союзунун) Ыраакы Чыгышында Аскердик Деңиз флотунда кызмат кылган.

Аскерден кайткан соң Мир араб медресесиндеги окуусун улантып, 1971-жылда аны бүтүргөн.

1971-1976-жылдарда Ташкендеги Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын Диний Башкармасында «Советтик Чыгыштын мусулмандары» журналынын редакциясында адабий кызматкер болуп иштеди.

1976-1980-жылдары ал Иорданиянын борбору Иордан (Үрдүн) шаарындагы Үрдүн мамлекеттик университетинин Шарият факультетинде окуп, аны ийгиликтүү бүтүрүп, Иорданиянын падышасынын колунан Ислам шариатынын адиси деген дипломду алган.

1980-1982- жылдары “Советтик чыгыштын мусулмандары” журналынын редакциясында журналдын араб тили жана өзбек тили вариянтынын редактору болуп иштеген.

1982-1986-жылдары ал Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесинин директору болуп иштеген.

1987-1989-жылдары Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын Диний Башкармасынын «Фатва» бөлүмүндө иштеди.

1990-жылдын мартынан 1992- жылдын сентябрына чейин Кыргызстан мусулмандарынын казыятынын төрагасы - Казы болуп кызмат кылды.

1992- жылдын август айынын аягында Кыргызстан мусулмандарынын 1-Курултайы болуп, эгемендүү Кыргызыстан Диний Башкармасын түзүп, анын төрагасы (Муфтий) кылып Кимсанбай Абдурахмановду дайындады.

Муфтий Кимсанбай 1990-жылдын сентябрында Бишкек шаарында Кыргызстандагы туңгуч ислам медресесин ачты.

Бул медресени 1993-жылда Ислам Инситутуна айлантып, окуу программаларын да жогору даражага көтөрүп, ага «Азрети Умар » наамын берди.

Ушул жылдагы Кимсанбайдын демилгеси менен Кыргызстандын облустарында да Ислам медреселери ачылып иштей баштады.

1991-жылы Кимсанбай баш болгон биринчи жолу 450 киши Кыргызстандан Саудия Аравиясына ажылыкка барышты.

Ушул жылы Муфтий Кимсанбайдын демилгеси менен даргин улуттары жашай турган айылда Ислам медресеси жана Куръани Каримди жаттоо ишин багыттаган каарылар медресеси ачылып, иштей баштады.

Муфтий Кимсанбай Эмираттагы белгилүү шейхтердин бири менен сүйлөшүп, Бишкек шаарында жаңы стилдеги борбор мечитин куруп берүүгө жардам сурап, аны макулдатты.

Ушул борбор мечит 1995-жылдын октябрь айында бүттү. Азыркы күндөрдө да ал мечит борбор мечити болуп кызмат кылып жатат.

1994- жылда муфтий Кимсанбайдын аракеттери менен Саудиядагы Ислам Банкы ушул борбор мечиттин жанындагы чон имаратты сатып алып берди.

1996- жылы Кыргызстан мусулмандарынын Диний Башкармасын жана «Азрети Умар» институтун ушул имаратка көчүрүп киргизди. Азырда ушул имаратта Диний Башкарма жана Ислам институту иштеп жатат.

Муфтий Кимсанбайдын аракеттери менен 1990-жылга чейинки Кыргызстандагы 36 мечиттин саны миңден да ашып кетти.


«Азирети Умар» Ислам институтунда Мисрден келген араб мугалимдер араб тилинен сабак бере баштады.

1996-жылдын декабрында Кимсанбай ажы Кыргызстандын Муфтийи кызматынан алгачкы жолу бошоду.

Ал эми 2000-жылдан 2003-жылдын сентябрына чейин Кимсанбай ажы экинчи жолу Кыргызстан Мусулмандарынын муфтийси болуп кызмат кылды.

2004-2007-жылдары Кимсанбай ажы Бишкек шаарындагы Махмуд Кашкарий мечитинде имам хатиб болуп иштеди.

2008-жылдын апрелинен баштап Бишкек шаарындагы жаңы курулган Мусакан төрө мечитинде имам хатиб (башкы имам) болуп кызмат өтөп жатат.

Эл аралык жыйындарга катышуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кимсанбай Абдурахманов кайра курууга чейин Москва шаарында,Баку шаарында,Ташкентте, Бухара,Самарканд шаарында болуп өткөн эл аралык Ислам конференцияларында көп жолу катышып келген.

Кайра куруудан соң да Москва да, Дүйшөмбү шаарында, жана Иорданияда, Мароккодо, Саудия Аравиясында да өткөрүлгөн эл аралык Ислам конференцияларында катышкан.

Ал өзү муфтий болуп турганда да Бишкекте эл аралык Ислам конференциясын өткөргөн.

Анын айрым чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кимсанбай ажы сунний мусулмандардын ханафий мазхабынын азхыркы учурдагы таасирдүү өкүлү.


Кыскача адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]