Ким Илья Иванович

Википедия дан

Ким Илья Иванович (1919, Бишкек шаары - 2002, ошол эле жер) - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, СССР эл агартуу отличниги.

Кыргыз мамлекеттик университетинин математика факультетин бүткөн (1954). 1954-57-жылдары Аксы районунун Кербен мектеп-интернатында мугалим, 1957-80-жылдары Шакафтар мектеп-интернатынын директору. Мектеп-интернатты жетектеген 23 жыл аралыгында анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, мектепти республиканын алдыңкы окуу жайына айландырууга зор эмгек сиңирген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6