Кинология

Википедия дан

Кинология (грекче kyоn, илик жөндөмөдө kyоns — ит жана ...логия) — ит жөнүндөгү илим. Иттин анатомиясын, физиологиясын, тегин, породасын, итти багуу, үйрөтүү, эл чарбасында пайдаланууну иликтейт. Кинология 19-кылымдын 2-жарымында илим катары калыптанган. Греция, Римде итти багуу, үйрөтүү жөнүндөгү эмгектер биздин заманга чейинки эле белгилүү болгон. Азыркы кинология иттин негизги 3 тибинин (ишчил, аңчы жана эрмектик иттердин) көптөгөн породаларын изилдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]