Кичи Кемин

Википедия дан
Кичи Кемин району.

Кичи Кемин. Чүй суусунун оң куймасы. Кемин районунда. Иле Ала-Тоосунун түштүк капталынан башталып, түштүк-батышты карай агат да, Чүй дарыясына жетпей Кемин районунда сугатка бөлүнүп кетет. Узундугу 81 км, алабынын аянты 614 км2.

Жогорку бөлүгүндө кууш өрөөн менен агып, ортоңку агымында сайы кеңийт. Жылдык орточо чыгымы 2,10 м3/сек. Эң көп чыгымы 8,63 м3/сек (июль), эң азы 0,46 м3/сек (февраль).

Ири куймалары: Кертабылгы (19 км), Сасык-булак (15км). Жээгинде Ак-Түз шаарчасы, Ильич, Жаңыжол, Кичи Кемин, Боролдой кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]