Кичи Кемин
Appearance
Кичи Кемин. Чүй суусунун оң куймасы. Кемин районунда. Иле Ала-Тоосунун түштүк капталынан башталып, түштүк-батышты карай агат да, Чүй дарыясына жетпей Кемин районунда сугатка бөлүнүп кетет. Узундугу 81 км, алабынын аянты 614 км2.
Жогорку бөлүгүндө кууш өрөөн менен агып, ортоңку агымында сайы кеңийт. Жылдык орточо чыгымы 2,10 м3/сек. Эң көп чыгымы 8,63 м3/сек (июль), эң азы 0,46 м3/сек (февраль).
Ири куймалары: Кертабылгы (19 км), Сасык-булак (15км). Жээгинде Ак-Түз шаарчасы, Ильич, Жаңыжол, Кичи Кемин, Боролдой кыштагы жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[edit | edit source]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9