Кичи бизнести колдоо боюнча АКШнын агентствосу

Википедия дан

Кичи бизнести колдоо боюнча АКШнын агентствосу - кичи бизнестин инвестициялык компанияларына карыз берип, алар тобокелчил (венчурдук) капиталды кичи бизнести каржылоого жумшашат.

1982-жылдан баштап, инновациялык бизнести колдоо үчүн федералдык бюджеттен каржылоо киргизилген. Изилдөө жана долбоорлорду иштеп чыгуу, келечекте аларды коммерциялаштыруу боюнча Америкалык өкмөттүк программа иштелип чыккан. Программа SBIR кичи бизнести 1982-жылдан бери инновациялык изилдөө жөнүндөгү Закон менен тейлейт, 2000-жылдын 30-сентябрында кичи бизнести иштетүүгө жана изилдөөгө багытталган Законду 2008-жылдын 30-сентябрына чейин узартышкан. Бул Закон азыркы убакытка чейин күчүн жоготкон жок.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9