Кичи казат

Википедия дан

Кичи казат — эпостун корутунду бөлүмү, салттык туруктуу окуялардын бири. Бөлүм Манастын жакын жолдоштору ажал таап, өзү жарадар болуп элине келип, өлгөнүн баяндаган окуяларды камтыйт.

Бөлүм белгилүү манасчылардын көпчүлүгүндө «Кичи казат» делет, элде да ушундай ат менен белгилүү. Айрым манасчылардын варианттарында башкача аталган учурлар да бар. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Кичи чабуул» делсе, ТМВда «Кан казат» деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4