Кичи махаон

Википедия дан

Кичи махаон (Papilio (s. str.) alexanor Esper, 1800 ssp. Voldemar), (Kreuzberg, 1989) - Эффективдүү, эстетикалык жаткан баалуу жана жаратылышты кооздочу Кыргызстанда таралган түркүмдүн эки түрүнүн бири.

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү=[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сырткы кебетеси кадимки махаонго окшогон чоң көпөлөк, алдынкы канатынын узундугу 31–37 мм. Канаттары ачык-сары, кара тактары бар. Туурасынын кеткен субмаргиналдык тилкеси көгүш-боз чаң менен капталган. Канатынын ички бурчунун үстүнкү бөлүгү кара түс менен алды жагы сары-кызыл түс менен жээктелген көк көзчөлөрү орун алган. Арткы канаттары бирден куйрукчалары бар. Мурутчалары төөнөгүчтөй, узундугу алдынкы канатынын үч бөлүгүнө жакын. Тулкусу ичке, кара тилкелүү, ийнинин четтери, көкүрөгүнүн капталдары жана курсагы сары түстө. Жыныстык диморфизм начар өнүккөн, ургаачылары эркектеринен чоңураак .

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түр Түштүк Европада, Жакынкы Чыгышта, Түркияда, Закавказңеде, Афганистанда жана Орто Азияда чачыранды таралган; P. a. voldemar ареалы Батыш Тянңшанң менен чектелет. Кыргызстанда Кыргыз жана Талас кырка тоолорунда кездешет. Алай кырка тоолорунун батыш жагында P. a. judeus Staudinger, 1893 көрсөтүлүшү анык эмес.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда деңиз деңгээлинен 800–2000 м бийиктикге түрдүү өсүмдүктүү талааларда жана ксерофил өсүмдүктүү тоо этектеринде жана орто тоолордун таштуу-чополуу тик боорлорун жердешет.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бардык жерде төмөн, бирин-серин кездешет . Кыргызстандын аймагында онго жакын популяциясы анык белгилүү. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Өнүгүү цикли адатта эки жыл . Көпөлөктөрдүн учуусу жана жумуртка таштоосу майдын аягынан июлдун башына чейин жүрөт. Гусеницалары июлдун башында чыгып, өсүмдүктөрдүн (Ferula, Falcaria, Sesel i , Toril i s , Кыргыз кырка тоолорунда – Ferula sp. ), гүлдөрү, мөмөлөрү менен тамактанышып жалгыздан жашашат. Көпчүлүк убакта чабармандардын, ошондой эле түктүү чымындардын (тукум Tachinidae) мителерин жуктуруп алышат. Курчакчалары күрөң түстө , тоют өсүмдүктөрүнүн кургак бөлүктөрүнө жана таштарга жабышып калышат. Көпөлөктөр жапайы пияздын (Al l ium) жана татаал гүлдүүлөрдүн (Sonchus, Centau rea, L igularia) гүлдөрүнүн нектарлары менен азыктанышат. Эркектеринин аймактык жүрүш-турушу ачык көрүнүп турат; ургаачылары жумурткаларын ачыла элек гүлдөргө жана тоют өсүмдүктөрүнүн өсүп жаткан бөлүктөрүнө ташташат.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир жерде туруктуу болушу, миграцияга жөндөмсүздүгү жана популяциялардын бытыранды болуп кетиши. Ошондой эле жайыттардын тапталышы, ашыкча чөп чабыш жана ички митечилик факторлору да белгиленген . Рекреациялык басымдын өсүшү жана пестициддерди иштетүү да потенциалдык мааниге ээ. Кыргызстандын аймагындагы популяциялар үчүн чөптөрдүн чабылышы актуалдык фактор эмес, гусеницалардын өлүмүнүн 70 %ине мителер себеп болушат .

Көбөйтүү ( колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдо багуу эксперимент аркылуу далилденген . Кыргызстанда жаратылыштан жыйнап алынган жумурткалар менен гусеницаларды андан ары куурчакча стадиясына чейин өстүрүп, аларды эки кыштатып имаго алынганы белгилүү . Бул методду интродукциялоодо колдонуу мүмкүн.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иштелип чыккан эмес. Азыр P. a. voldemar жашаган жерлери Кыргызстанда корголбойт. Түрчө Чаткал-Угам улуттук паркынын (Өзбекстан) коргоосуна кирет. ==Коргоо үчүн зарыл аракеттер== Мониторинг жүргүзүү аркылуу чарбалык иштерди жөнгө салуу менен өсүмдүкө басымды төмөндөтүү, жердеген жерлерге микрорезерваттарды түзүү максатка алайык. Ареалын кеңейтүү жана колдо өстүрүү методун пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

II категория (VU B1ab(iii)+2ab(iii)c(iii,iv); C2b). Өтө чектелген түштүк-батыш палеарктикада таралган саны кыскарып бара жаткан ареалы мозаикалуу түрчөсү; Кыргызстанда түрчөнүн бардык популяциялары аз, бытыранды жана начарлаган. P.Alexanor 1984-жылы III категория менен СССРдин Кызыл китебине жана Өзбекстандын Кызыл китебине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]