Мазмунга өтүү

Клавдия Ивановна Антипина

Википедия дан

Клавдия Ивановна Антипина (1904 -1996-жж.) –белгилуу окумуштуу-этнограф. 1937-ж. куйоосу «эл-душманы» катары камака алынгандан кийин, ал Москвадан Фрунзеге (азыркы Бишкек) айдалган жана Кыргызстанда жашап калган, кыргыз элинин салт-санаасын жана маданиятын изилдеп, алардын акылмандуулугуна жана сабырдуулуугуна суктанган. К.И.Антипина окутуучулук жана илимий иш жургузгон, анны кыргыз этнографиясынын «байбечеси» деп аташкан. Анын фотоматериалдарынын архиви Кыргызстандын этнографиясынын боюнча сейрек учуроочу кенч болуп эсептелет. Омурунун акыркы жылдары К.И.Антипина кыргыз улуттук кийимдери жана жасалгалары жонундо китеп жазган, анны суротчу Т.Мусакеев иллюстрациялаган. КюИюАнтипинанын булл акыркы эмгеги корунуктуу этнографтын озуне коюлган эстелик болуп эсептелет. Клавдия Ивановна жаркын илимий омур сургон. Омурунун акыркы кунуно чейин анын идеялары жана пландары ото коп болгон, аларды ишке ашыруу –жаны муундагы изилдоочулордун милдети.

Салттуу элдик маданият – булл даанышмандык, тажрыйба, таасир беру кучу, адеп-ахлактык жана эстетикалык критерийлер. Этнографиялык маданият элдик жонундо кыйла жалпы тушунуктун болугу катары негизинен тигил же бул этностук жалпылыктагы адамдардын тиричиликтик же кыйла кенири керектоолорун канааттандыруу учун коп кылымдап анонимджуу, белгисиз же анча белгилуу эмес элдик чеберлер тарабынан тузулгон адамзат цивилизациясынын катмардын аныктайт. Мындай турдогу маданият уй-булолук чейреде кобуроок таасир этуучу салттар аркылуу мундан-муунга отот. Тоолуу чойродогу кочмондук жашоо мунезу кыргыз элинин чарбачылык-тиричиликтик укладынын оз алдынча озгочолукторунун тузулушуно комок берген. Булл озгочолуктор кыргыздардын салттуу турак-жай жасалгаларынан жана кийим-кечесинен жакши байкалат. Кыргыздардын кочмон жашоо мунезу кийим бычууга да таасир эткен. Алсак, атка тез-тез жана узакка мину зарылдыгы кыргыздарды узун этектуу, кен, этеги кымтылануучу, бели кездеме кур же кур менен курчалган кийим тигууго мажбурлаган. Кийимдин бул озгочолуктору атчан журуудо эркин кыймылдоого комок берген жана жылдын суук мезгилинде жылуулукту сактаган. Сырт кийимдин жени узун, ийини жазы жана жен учу тар тигилген. Мындай женден кол ушугон эмес, аткени колду дайыма жендин ичине катып журууго, ошол эле учурда жендин учун манжалар менен кармап жаап алууга мумкун болгон. Кыймылдын ото эле эркин болушун сактоо зарылдыгы эркектердин, аялдардын жана балдардын женсиз кийимин жасоого алып келген, анткени жылдын суук мезгилинде жендуу сырт кийим кочмондордун кыймылдуу жашоо мунозу учун абдан зарыл болгон кыймылга кыйла тоскоолдук кылган. Эркектердин жана аялдардын шымдары бычылышы боюнча окшош, балбалактаган кен, атка минууго же андан тушууго ынгайлуу тигилген жана байркы кочмондордун ушундай кийимдерине кыйла окшош болгон, алардын улгулору бизге соок коюлган корустондордон натуралай турго да, сурот турундо да жеткен. Откон мезгилдеги кыргыз этносунун тарыхый тагдыры, жаратылыштык-климаттык шарттар, кочмон малчылык менен байланышкан чарбалык укладдын озгочолуктору пахта остурууго жана жибек жасоого мумкундук беоген эмес. Алардагы токуучулук учун бирден-бир сырье жун – мал чарбачылыгынын продукциясы болгон. Ошондуктан кыргыздар бфыркы мезгилде колдо жасалган жун кездемеден, жаныбарлардын терисинен жана бышырылган кийизден тигилген кийимдерди кийишкен. Кийим – этностун маданиятын изилдоо учун кыйла маанилуу болумдору бири. Турак-жай, эмгек куралдары, тамак-аш жана уй буюмдары менен бирге ал материалдык маданияттын болугу болуп эсептелет. Кийим колдонмо багыттан башка сууктан, ысыктан, жамгырдан жана кардан коргойт – адамдын жынысы жана жашы, этностук, диний жана социалдык таандыктыгы боюнча айрмалоого мумкундук беруучу кыйла татаал белгилик системага ээ болот. Копчулук элдерде кундо кийилуучу жана майрамдык аялдардын, эркектердин жана балдардын кийимдери айырмаланат. Салттуу кийим кандайдыр бир калыптагы, сенек кийим турундо болбойт. Ал тарыхый жактан тузулгон, тиричиликтин озгорушуно жана коншу элдердин бири-бирине оз ара таасирине байланывштуу онуккон.Ошентип, кийим-кече этностун келип чыгышын жана анын маданий байланыштарын изилдоо учун маанилуу булактардын бири болуп эсептелет. Эркектердин кийими. 19 кылымдын ортосуна чейин эркек кыргыздар оздорунун байркы ата-бабаларынын кийимдеринен озунун стили боюнча коп айырмаланбаган кийимдерди кийишкен: койнок, шым, жун плащ же сырт кийим, булгары же жун кур, булгары отук, тебетей же кийизден тигилген тумак. Кыргыздарда эркектердин денеге эле кийуучу кийиминин негизгилери арты ачык койнок жана чалбар болгон. Ак безден же матадан тигилген арты ачык койнок жезде деп аталган. Анын бычылышы туника сымал болгон, четтеринин эки капталына куралган кыйык тигилген. Койноктун узундугу тизеге жеткен, жени колдун манжаларын жапкан. Ачык жакасы кокурок жагында ичкерип кеткен бойромчо менен жээктелген жана боо менен байланган же топчу менен топчуланган. Жегдени 6-7 жашынан баштап кийе баштаган жана омурунун акырына чейин форманы озгортушкон эмес. Койнокту шымданышкан жана чалбардын сыртынан кийишкен. Арты ачык койнок кийуунун байыркы салты кыргыздардын соок коую ырым-жырымын да айгинелейт. Биздин кундерго чейин олгон адамга кепинден кесилген ийинден тизеге чейинки узундуктагы кездемени кийгизуу урп-адаты сакталган. Мындай кийгизуу «жегде» деп аталат. Уч бурчтук формасында кесик жакалуу койноктор, ошондой эле ичке тилке турундо жана жакасында горизонталь тилиги бар жабык жакалуу койноктор да болгон. Эркектеридин бардык формадагы чалбарлары туюк болгон, жундон эшилген ычкырды белиндеги буктомо аркылуу откоруп, алды жагынан байлашкан. Жаштардын байыркы костюмдарында ычкырдын учтарын ачык тустогу тустуужун же жибек жип менен саймалашкан жана тустуу чачы менен кооздошкон. Жайкы чалбарлары (ыштан, дамбал, ылазым) кебез кездемеден кызыл ашыкка чейинки узундукта жана далбалактата кен тигишкен.Шымдын алаасына ромб турундогу чон кыйык киргизишкен. Тыгыз жун кездемеден кышкы чалбарлардын бычылышы (таар шым, пийазы шым) бир аз башкача болгон, кийриндини кичине олчомдо жасашкан. Кой терисинен чалбарды (тери шым) ар кандай формадагы болуктордон бычып, кыйла тар тигишкен. Бул чалбардын мехи ичине каратылган. Теке шым чалбарын кызгылтсары туско боелгон кудорудон тигишкен. Алар кен, алаасы тегеректелген жана багалеги жетишээрлик жазы болгон, анткени анны бут кийимдин сыртынан кийишкен. Кээде багалегинин капталын тилип коюшкан. Кудоручалбарлардын озгочолугу тустуу жибек жип менен сайылган сайма болгон. Оймо-чиймени адата шымдын багалегтне жана капталдарына , жайгаштырышкан. Шымдын кыйла байыркы турлорун – жаргак шымды, октеке шымды булгаарыдан тигишкен. Алар бугу терисинин тусуно окшоштурулуп, нукура курон туско боелгон. Мурунку мезгилде кыргыздар бугу терисинен тигилген шымды кандага шым деп аташкан жана «Манас» эпосунда айтылгандай мурда аны баатырлар кийшкен. Мындай шимдар азыркы мекенинен тундукто туштук Сибирдин токойлорунда кыргыздар жашап турган учурундагы «Манас» эпосунда баяндалган мезгил учун ьуноздуу. Ич шымды кебез кездемеден тигишкеню Анын жогор жагы абдан чон, кыймылга жолтоо болбогудай алаасы кен жана багалегин карай ичкерип кеткен. Ич шымды жун жиптен орулгон боо – ычкыр менен белге байлашкан , ычкырдын ар бир учу саймаланган же алтын жиптерден жана тустуу жибектен чачы менен кооздолгон. Чепкен тибиндеги эркектердин сырт кийими коп турдуулугу менен айырмалаган. Суук мезгилде эркектер чапан, чепкен (чекмен), тон (постун), ичик кийишкен. Бардык чепкендер он жагына кымтыланган, булл байыркы кочмон турктор учун муноздуу. Бийик тоолуу жерлердеги жарым кочмондор азыркыга чейин кээде кой терисинен тигилген бышык сырт кийим – тон кийишет, мехи ичин карайт. Мехти кийимге гана пайданышпастан, бышык кийиз менен жабылганына карабастан коп учурда кышкы мезгилинде ичи абдпн муздап кетуучу боз уйго да колдонушкан. Кышкы чепкендердин кыйла козу тулкунун же карышкырдын (бору) терисинен даярдалгандар болгон. Булл мех чепкендео байыркы мезгилден бери эле белгилуу. «Тон» деген аталыш 8 кылымдын кыйла байыркы турк жазма булактары болуп эсептелген Орхон-Енисей руна жазууларында эле белгиленген. Мындай чепкендер азыркыга чейин казактарда, башкырларда, Алтай жана Тувада колдонулат. Кыргызстандын тундугундо булл мех чепкендер Тажикстан менен Афганстандагы сыяктуу постуне деп аталган. Алар мехтен куралып, коп учурда моюнду коргоо учун чон мехти жакалуу тигилген. Тункусун бийик тоолуу жерлерде малчылар анны жууркан катары жамынышкан. Байырки мезгилден калган сырт кийимдин дагы бир тири болгон, ал 19 кылымдын акырына чейин кээде Кыргызстандын тундук райондорунда жолугуп калган. Даакыны кулундун терисинен жунун сырты каратып жасашкан. Кулундун жалын учага жана женге келтиришкен. Мындай пальтону негизинен жаштар кийишкен. Ушул эле раондордо илбирстин терисинен жунун сырты каратып тигилген эн сонун тонду жакынкы эле мезгилдерде кийишкен. Бирок абдан бай адамдар гана ушундай тонду кийууго мумкунчулуктору болгон. 20 кылымдын башталышында Исыкколдо койдун терисинен тигилген чепкендин жаны туру пайда болгон. Ал женил заманбап бычылышта болгон жана орус стилин туураган: бели артынан буйурмологон жана кичинекей кайрма жакасы болгон. Чепкендин булл туру орус тон же буйурмо тон деген аталыш менен белгилуу. 19 кылымдын акырында Орусиянын онор жайлык кездемелери буткул Кыргызстан боюнча тарай баштаган мезгилде материя мех тондорду тыштоо учун пайдаланыла баштаган. Булл тон-чепкендер койдун же тулкунун мехи, же болбосо байлар учун киш жана суусар сыяктуу жаныбарлардын кымбат баалуу мехтери менен жасалгаланган. Булл эркектер учун ашка-тойго кийуучу кийим болгон жана кыз тоюнда кудага кийгизилген. Салтанаттарда байлар оздорунун мехтен тигилген, кооз оймо-чиймелер менен жасалгаланган мыкты чепкендерин, бай кийимдерин элге корсотушкон. Бул чепкендер каптама тон же ичик деп аталанган. Алар малчылардын мех тондоруна караганда олчому кичирээк, кыскараак болуп, багалекке чейин жеткен жана «шаардык стилге» жакындашкан: жени колдук манжаларын жаппагандай кыска жана кичинекей кайрма жакалуу. Малчылар ачык асман астында кобунчо оздорунун малынын жанында туногон Борбодук Азиянын кенири талааларында жана Тенир_Тоонун бийик тоолуу жайыттарында бышык жылуу кийизден тигилген чон чепкен жамгырдан, шамалдан жана кардан эн сонун коргогон. Мындай чепкен буткул Борбодук Азияга тараган жана азыркы чейин Афганстанда, Иранда, Туркияда пайдаланылат, мында ал кепенекс деген ат менен белгилуу. Кыргыздардын кийизден тигилген чон чепкени кементай, ошондой эле кебенек же кебанак деп аталган. Нукура ак тустогу койдун жунунон жасалган бышык кийиз алды тилик, узун жени бар узун чепкен тигууго колдолунган жана тигиш сызыгында тустуу оймо-чиймелер менен кооздолгон. Жендин четтери, этеги жана жакасы ак аппликациялуу кара булгары менен кооздолгон учурлар да болгон. Кыйла байыркы салттуу токулган чепкен (чекмен) болгон, ал чапан деп аталган кыска жана женил кебез же жибек халаттын сыртынан кийилген. Ал саргыч боз же курон тустогу тоонун же койдун жунунон жасалган боелбогон бышык кездемеден тигилген (текме, пийазы). Чепкен жылуу жана кенен, этеги кызыл ашыкка чейин жетип, тилиги алдында, топчулуксуз болуп онго кымтыланган, Колду коргоо учун жени узун жана жакасыз болгон, Башка салттуу халаттардай эле ал материалдан жасалган кур – кушактын же кооздолгон кайыш кур – кемердин жардамы менен курчалган. Борбодук Азиянын, Казкстандын жана Туштук Сибирдин башка бардык калктарды сыяктуу эле кыргыз балдары дагы 6-8 жашынан баштап эле туздон-туз денесине кийуучуЮ ак кебез (мурда жун) кездемеден эркин бычылган узун койнок кийишкен. Булл эркектердин улантылуучу фасону болгон Тундукто мындай койнок ачык койнок деп аталган, коп учурда анын моюнга чейин топчулоо учун кебез жиптен жасалган босу бар кичинекей кайырма жакасы болгон. 19 кылымындын акырында узун койнокторду тилиги белге жетпегендей кылып кыскарта башташкан. Тундукто Орусиянын таасири менен койнокту топчулоо учун седеп топчулар пайда болгон. Баркыт жана кебез кездеме мурдагы жун кездемеден жасалган, ошондой эле мергенсилер жана малчылар гана кийуучу булгары же мех шымдарды бардык жерде суруп чыгара баштаган. Эркектердин жана аялдардын баш кийим кийуусу ага озгочо мамиле менен жонго салынган. Салт боюнча эркектер баш кийимин босогодон албайт. Баш кийимди аттаганда болбойт, анткени ал адмды аттаганда тете. Белгилуу болгондой кыргыздар белек бергенди жакшы корушот, бирок озунун башиндагы баш кийимин чечип берууго болбойт. Эгерде баш кийим белеке берилсе, ал кенже болууга тийиш. Эски баш кийимди ото жакын кенже бир туугандарына - инилерине, синдилерине гана берууго болот. Бардык кыргыздаручун типтуу эски баш кийим ак кийизден жасалган баш кийим болуп эсептелет, ал туркчо калпак деп аталат. Анны бардык курактагы кыргыздар кийишет. Туштук кыргыздардын калпагы бир аз бийигирек, кыйла бышык, тилиги бар талаалуу болуп, тундук кыргыздардыкынан бир аз айырмаланат, булл абдан ынгайлуу. Калпактын кыргагы кайрылат, эгерде жузду ачууга жана тескеринче жабууга тура келсе, кундон, шамалдан жана жамгырдан жузду коргоо учун анны тушуруп коюшат. Калпакты тилиги мандайга жана желкеге келгидей кылып кийишет. Кээде (Лыргызстандын туштугундо) калпактын тобосун боого бекитилген чачык (жибек, суу мончок) менен кооздолот. Кайрылган кыргагы кара кездеме, адата баркыт менен кайылат. Балдардын калпагы кызыл кездеме менен (баркыт, сатин, ноту) кыюланат, Калпакты саймалап кооздо дагы колдонулат. Калпактын бычылышында да арн турдуулуктор болот. Адата ал турдуучо бычылган: же тен капталдуу уч бурчтуктар же эки жуп торт бурчтук турундогу торт талаадан (болуктордон) тигилет. Кээде анны бир эле кийизден бычышкан, мындай калпакта бир гана тигиш болгон. Калпактын талааларын дагы ар турдуучо бириктиришкен. Баыркы учурда талаалардын четтерин жылкынын жалы же сызма менен бекитишкен, кийинчирээк фабрикада жасалган сызманы пайдалана башташкан. Адата калпак ак кийизден жасалат, ошондуктан анны ак калпак деп да аташат. Калпак кыргыздардын эркектер кийиминин озгочо предмети болуп эсептелет. Ак калпактуу кыргыздар деп урмат менен ушул элдин окулдорун аташат. Ошондой эле кыргыздардын салттуу кийимдеринин негизги озгочолонгон элементтерин муноздоочу макал дагы бар – «Кара чепкен, ак аклпак – калын кыргыз элибиз». Калпактын алдынан аракчын деп аталган ички баш кийимди кийишкен, ал тебетейдин бир туру болуп эсептелет. Улгайган кыргыздар азыркыга чейин откон мезгилде популярдуу болгон конус формасындагы, каралжын тустогу талааларын бойлото жана карына туурасынан тигилет. Тигиш ыкмасы кырлуу бетти пайда кылат. Кышкы баш кийимдердин ичинен тебетейди, кашкар тебетейди жана телпекти айтуу керек. Тебетей – буткул Кыргызстан боюнча кенири тараган эркектердин баш кийими. Ал кыргыздардын кышкы кийиминин алмаштырылгыс болугу болуп эсептелет жана олчомунун чондугу менен айырмаланат. Тобосунун жана кырынын формасы боюнча ал мурда жергиликтуу озгочолукторго ээ болгон. Тобосу ноотудан, баркыттан, башка тыгыз кездемеден жун салынып ичтелип тигилет. Торт талаасынын муноздуу формасы тебетейди тобо жагын аныктайт, ал торт бурчтуу болот. Талаалардын томонку болугу сыртын карай кайрылат жана устунон жазы мех менен, кобунчо тулкунун, ал эми кыйла бай кыргыздардыкы – суусар, кундуз мехи менен каптала. Мехине жарша баш кийимди тулку тебетей, кундуз тебетей, суусар тебетей деп аташат. Кашкар тебетей торт талаадан турат, кой терисинен тигилет, ноту же кебез кездеме менен капталат. Кебез салынып шырылып, ичтелип да тигилет. Мындай баш кийим учун кырына жарыш болгон кездеме тилкесин (баркыт, ноту) саймалоо муноздуу. Мех кыргагы ар кандай тустогу кой терисинин эки тилкесинен турат. Мындай баш кийим антарылма болот, анны ичинен да , сыртынан да кийууго жана анын кен же тар болуп калгыдай кылып кырын кайрып коюга болот. Телпекти кой терисинен, ичиликсиз жана ичке мех кыргактуу тигишкен. Эркектердин баш кийиминин эволюциясынын коз карашынан алганда байыркы баш кийим кала бир топ кызыгууну туудурат. Ал айрым жерлерде гана тараган. Анны ак кездемеден тик бурчтантып бир каптал тигиштуу жасашкан, жогорку жагын тигишкен эмес, тобосундо чокчо (урпок) пайда болгондой кылып байлап коюшкан. Байркы учурда булл кийимди чалдар менен кемпирлер кийишкен, булл анфн байыркы учурга таандык экендигин белгилеп турат. Кыргызстандын туштугундо саля же селде – дин кызматкерлеринин баш кийими болгон чалма колдонулган. Айрым кары адамдар анны намаз окуганда кийишкен.

Аялдардын кийими.

	Кыргыз кочмондорундо аялдардын сулуулугу жана кийими оздорунун туугандарын сыйлоодо корунот.  Эгерде кыргыз аялдарынын кийми кооз, татаал жана таланттуу саймаланган болсо, булл анын жогорку абалы жана уй-булонун материалдык абалынын жакшылыгын айгинелейт.  Жайыттан жайытка жыл бою малын айдап кочуп журуу менен аялдар эн жакши кийимдерди кийишкен жана жаш келин озунун эн кооз баш кийимин кийген, анны менен жаны уй-булосу сыймыктанган.

Жалпысынан кыргыз аялдарынын салттуу кийими эркектердикинен ото айырмаланган эмес. Ал туника тусполдуу койнок жана дамбалдан, жилеттен жана бору ачык кемсел, курдан жана отуктон турган. Бирок ушуга карабастан кыргыз аялдары сулуулугу чачынын орулушу жана кумуш, маржан асыл таштар менен кооздолгон жана жасалгаланган элечектери менен озгочо айырмаланган. Туника сымал койнокту кундуз да, тункусун да кийишкен. Ал эркектердин койногуно абдан окшош болгон. Негизинен ал кызыл ашыкка жеткен узундугу жана моюндан он тарабынан топчулангандыгы менен айырмаланган. Дагы бир озгочулук – аялдардын кийими коп учурда саймалынып кооздолгон. Келиндер кызыл туникадан (момонун тусу) кийишкен, ал эми улгайган аялдардын копчулугу ак материядан же кыйла кунурт тустогу кездемеден койнок кийишкен. Туниканын жакасы колго орулгон боо менен байланган. Туштукто кыздар оспурумдор сыяктуу эле ийнинде горизонтал тилиги бар туника кийишкен. Кыргызстандын тундугундо аялдардын туникасы моюндун жана тиликтин айланасында жайгашкан кокетканын кооз кошумча тилкеси менен жасалгаланган. Эреже катары, туниканын булл болугу алды жагынан саймаланып кооздолгон. Туштукто ушул кошумча болук болгон эмес жана койнок кездеме боюнча туздон-туз моюндун жана жаканын айланасында кенейтилип тигилген. Сайма койноктун буткул алдынкы болугун жаап чон жана татаал болгон. Ошондой болсо да кеп учурда сайма тиликтин жана жаканын айланасындагы кездеме тилкесин гана жапкан. 19 кылымдын акырында Орусиянын таасири менен топчуга топчулануучу койноктор пайда бол баштаган. 20 кылымда аялдар салттуу туниканын стилин эске салган кыйла кыска койнок кие башташкан. Булл юбкалуу койнок болгон, юбкага кашат салынган. Узун койнок-туниканын алдынан аялдар эркектердикине окшош узун жана бели кен, боо менен байлануучу чалбар кийишкен. Чалбарды денеге кийген. Аялдардын булл чалбары ыштан деп аталган, азыр тустуу кездемеден тигилет. Туштукто чалбардын багалеги тасма менен кооздолот. Коп учурда озбекткрди жана тажиктерди туурап булл тасма майда кооз оймо-чиймеленип токулат же саймаланат. Жайында жана кузундо аялдар кышкы сырт кийидерин кыйла женил – чапан менен алмаштырышат, ал эркектердикинен бир аз эле айырмаланат. Чапан мурда айтылгандай узун жени бар. Чапанды пахтадан же фабрикалык жарымы жибек тустуу тилкелуу кездемеден койдун жунун салып, шырып тигишкен. Туштукто озбекткрдин жана тажиктердин таасири менен Бухарадан алынган эн сонун тустуу жибек же ал тугул озбекткр менен Орусиянын парчасы пайдаланылган. Кемзир, камзур же кемсел – тизеге жеткен кыска сырт кийим, чыканакка чейин жени бар, анны койноктун устунон кийишкен. Анын тик жакасы, жан чонтоктору болгон жана каралжын тустогу кездемеден тигилген. Анны олконун тундугундо Таласта, Чаткалда, Чуй ороонундо жана айрым учурда Ысыкколдун айланасындагы аймактарда гана кийишкен. Бешмат орус стилинин таасири менен айырмаланган, дененин олчому боюнча заманбап бычылыштагы, бирок кыймылга жолтоо болбогудай тигилген сырт кийим болгон. Ал тизеге жеткен, чыканакка чейин жени жана тик жакасы болгон. Булл сырт кийим ачык тустогу тустуу кездемеден, коп учурда баркыттан тигилген.. Бешметти ошондой эле Тала районунда, Чуй ороонундо жана олконун борбордук болугундо кийишкен.. Майрамдарда бай уй-булодон чыккан аялдар булл сырт кийимдин устунонбулгаары кемер кур курчанышкан, ал кумуштон жасалган кооздуктар менен кооздолгон. 1920-жылдары женсиз узун жилет – келтече пайда болгон. Булл жилет мурдагы оор сырт кийимге караганда кыйла ынгайлуу болгон. Кобунчо ал каралжын когуш тусто, он жагынан кымтыланма болгон жана седептопчуга же кумуш тогоого топчуланган. Сырт кийимдин жакет жана жилет деген башка турлорун кыргыз аялдары кийинчерээк оздоштурушкон, алар эркектердикине абдан эле окшош болгон. Эреже катары сырт кийим мех менен жээктелген. Тундукто боз уйдон чыгаарда сырт кийимди топчулоо созсуз эмес болгон. Бирок туштукто аялдар ар дайым сырт кийимди бел кур же колго жасалган кур менен, ал тугул ичинен белдемчи кийип алса да дайыма курчанып журуугл тийиш болгон. Кыргыз аялдары буткул жашоосунда кийимин жана чачын салттуу турдо статусунун озгорушуно жараша алмаштырышкан: кичинекей кыз кезинен баштап, андан кийин секелек, келин, эне жана акырында жетилген аял куракка чейин. Салттуу турдо 6-7 жашка чейин кыздар эркек балдардай эле чачын кырдырып койгон. Андан улуураак кыздар чачтарын остурушко жана андан кийин анны ар бир тарабына учтон алтыга чейинки орум менен оруп коюшкан. Орулгон чачын учу маржан жана седеп топчулар менен кооздолгон. Кээде орулгон чач далысынан аркалыктын – оймо-чиймелуу кооздуктун жардамы менен бириктирилген. Булл озгочо Тенир-Тоодо жана Ысыккол кылаасында кенири тараган. Куйоого чыккандан кийин чачын эки чон орумо оруп аркасына таштап койгон. Булл орумдор сайма менен кооздолгон чач кап менен жабылган. Кыргыздардын этностук аялдар кийими жонундо айтууда баш кийимдердин коп турдуулугуно конул бурбай коюга болбойт. Уйлонуу улпоту учун озунун эн мыкты кийимдеринен башка бойго жеткен кыз шокуло деп аталуучу атайын абдан татаал баш кийим кийген, анны ал куйоого чыккандан кийин бир жыл же биринчи баласы торолгонго чейин сактаган. Булл баш кийим муундан муунга мурас катары откон.. Ал татаал сайма, маржан жана иштетилген кумуш менен кооздолгон. Атасынын уйунон кетип жана куйоосунун уй-булосуно келип жаткан кыз учун булл учур абдан салтанаттуу жана тан-тамашага карк болгон. Кыргыздар бийик шокуло кийгенди 19 кылымдын акырында гана ташташкан. Кыргызстандын тундугундо озунун ата-энесин таштап куйоо баланын ата-энесинин уйуно келуудо колукту озунун жузун гана ак шейшеп менен жаап алган. Ал эми туштукто болсо (озбектердин жана тажиктердин таасиринде болушу мумкун) жаш колукту саймаланган жибек тик бурчтуу кездеменин алдына толук боюнча жабылган, ал баш кийиминин кыргагынан кокурогуно чейин жеткен (озбектердин ичинде бул жабу – чачван жылкынын жалынан орулуп жасалган). 19 кылымда ушундай кыз узатуу улпотунун учурунда казак кыздар жана кыргыз кыздар кимечек деп аталган баш чумбот кийишкен, ал узун булгаарыдан даярдалган, баш кийимди жапкан жана сыртынан тоостун канаты менен кооздолгон. Баш чумботко бекитилген жука кездеме анын жузун жана моюнун толук жапкан. Куйоого чыккандан же биринчи баласын торогондон кийин бир жыл откондо келин озунун чачык саймаланган чач кап менен жапкан, ал кара баркыттан даярдалып, узун жана тар болгон жана кумуш пластинакалар, седеп топчулар, чачыл же чок менен кооздолгон. Ошонтип эротикалык таасир беруучу чачтар сырт коздон комускологон. Келиндердин баш кийими чачты жаап, узун элечек менен оролгон топудан турат, анын келип чыгышы тээ байыркы мезгилге таардык. Ал томон жагында озгоруучу сайма мене кооздолгон жана оймо-чиймеленген. Элечек маржан илмектер жана кумуш чегелер менен да кооздолгон. Адата элечектерди 5 метр кездемеден жасашкан, бирок копчулугу 15тен ашык же ал тугул 30 метр кездемени колдонушкан, булл болсо алардын олчомун чонойткон. Бышык токулган жана истанбоул деп аталган ичке ак кездеме кыйла кенири тараган материал болуп кызмат кылган. Тундукто ак элечек жонокой тустуу кеп такыянын же баш каптын айланасына абдан ичке кат-кат оромо турундо оролгон. Ак кездеме менен ээкти, моюнду жана ийиндин болугун бир нече айлантып орошкон. Бул коломдуу ак элечек аялдардын сырткы турун кобунчо сурдуу корсоткон жана тундук кыргыздарга туштук кыргыздардыкына караганда азыраак кооздолгон.