Классик

Википедия дан

Классик (лат.-—үлгүлүү) — өлбөс-өчпөс чыгармаларды жараткан көркөм өнөрдүн чыгаан устатынын улуу атагы. Ар бир элдин чыгармачыл өнөрүнүн, ошонун ичинде көркөм адабиятыиын чыгаан таланттары болот. Бирок алардын бардыгы эле классик боло албайт. Өзүнүн идеялык-көркөмдүк дареметинии бийиктиги менен мезгилдин чегин билбей адам баласына бийик эстетикалык таасир берип, дайыма рухий зарылдык, деңгээлинен түшпөгөн чыгармалар болот. Ошолор классикалык чыгармалар деп аталат да, аларды жазган авторлор классик деген улуу даражага татыктуу болушат. Орус адабиятында А. С. Пушкин, Л. Толстой, А. Чехов, М. Лермонтов, М. Горький, В. Маяковский, А. Фадеев, М. Шолохов, А. Твардовский ж. б. классик жазуучулар деп сыймык менен аталат. Кыргыз адабиятында «Манас» трилогиясы классикалык чыгарма, Токтогул Сатылганов, А. Токомбаев, А. Осмонов классик акындар, Ч. Айтматов классик жазуучу деп саналышат. Байыркы грек адабиятында ошол кездеги белгилүү акындардын чыгармаларын көркөмдүк сапатына жараша класска болгон, ушуга байланыштуу бул же тигил класска бөлүнгөн чыгармалар классикалык деп эсептелип, башкаларга үлгү болуучу чыгармалар деп каралган. Бул анын алгачкы мааниси. Кийин классикалык чыгарма деп көркөм чыгарманын берметтерин гана атай баштаган. Азыркы учурда классикалык чыгармага берилип жүргөн аныктама ушуга байланышат.

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine