Кликитат

Википедия дан

Америка Кошмо Штаттарынын түндүк-батыш жээгинде (Тынч океандын) жашаган индей этносу.
Сахаптин тобуна кирген тилде сүйлөйт. Көпчүлүк англис тилинде сүйлөйт.
Саны 500 адам.
Чыгышта бир тууган тилде сүйлөгөн якима уруусу, батыш тарабында — ар кандай салиш жана чинук уруулары жашашат.
Кликитаттар активдүү жана демилгелүү соодагерлер катары белгилүү болуп калды. Алар көбүнчө жээктеги уруулар менен Каскад тоолорунун батышында жашаган уруулардын ортосунда ортомчу болуп иштешкен.
«Кликитат» этнониминин «тышында», «сырткы» (тоолордун сыртында дегенди билдирет) деген маанини билдирген чинук сөзүнөн келип чыкканы болжолдонууда.
Америка Кошмо Штаттарынын бир нече географиялык аттары уруунун атынан келип чыккан:

  • Вашингтон штатынын Кликитат округу;
  • Вашингтон штатынын Кликитат шаары;
  • Кликитат суусу, Колумбия дарыясынын куймасы.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Judson, Katharine Berry. Myths and legends of the Pacific Northwest, especially of Washington and Oregon (англ.). — 2nd. — McClurg, 1912. Oral traditions from the Chinook, Nez Perce, Klickitat and other tribes of the Pacific Northwest.