Кобыстан

Википедия дан

Кобыстан — 1) Азербайжан Республикасындагы Жейрен-Кечпес суусуна жакын жердеги тоо; 2) К. аскаларына тартылган байыркы оймо-чиймелер. Мезолит доорунан орто кылымга чейинки мезгилге таандык 4 миңден ашык түрдүү сүрөттөн турат. Алардын арасында эгин эгүү жана жыйноо, курмандык чалуу жана башкалар диний жана чарбачылык мүнөздөгү сюжеттүү сүрөттөр көп. Кобыстан оймо-чиймелерине жакын жерде таш дооруна таандык тургун жай үңкүрлөр бар. Ошондой эле биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктагы коло доорунда эл отурукташкан жайлар жана көрүстөндөр да белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]