Кожогат

Википедия дан
Fragaria vesca.

Кожогат (лат. Fragaria, L. 1753)– роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көп жылдык чөп. Гүлсүз сабактары сойлоп өсөт, алар учунан тамырлайт да жаңы түп өсүмдүктү пайда кылат; Ар бир жаңы өркүндүн (побег) тамыр моюнчасынан узун саптуу, үч бөлүктүү көп сандаган жалбырак өсүп чыгат, алардын жээги майда айчыктай оюктуу, гүл сабактары да ушул моюнчадан өсөт. Гүлдөрү бирден, ак түстө, калканчадай топ гүлгө чогулган. Мөмөчөсү көп, жаңгак сымал, алар өсүмдүк гүлдөп бүткөндөн кийин ширелүү болгон, формасы жумурткадай же конустай формадагы кызыл, мала кызыл гүл уясына жайгашат. 50 жакын түрү Жердин эки жарым шарында тең таралган. Кырг-да анын эки түрү токойдун, бадалдын арасында өсүшөт. Ширелүү “мөмөсү” желет, канаттууларга да жакшы жем.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]