Кожомкулдун күмбөзү

Википедия дан

Кожомкулдун күмбөзү - Суусамырда Кожомкул кыштагынын чыгышында, Жоо-Жүрөк тоосунун этегиндеги дөңдөн орун алган.

Аны 1956-ж. Өтөбай уулу Исабек тургузган. Күмбөз ылай кыштан тургузулгандыктан урап, бузулуп калган. Кожомкул балбандын 1989-ж. өткөрүлгөн 100 жылдык мааракесине карата кайрадан калыбына келтирилип, оңдолгон. Бирок 1992-ж. Суусамыр жер титирөөсүндө кайрадан урап калган.

1997-ж. Суусамыр айыл өкмөтунун төрагасы С. Төралиев демилге көтөрүп, аны Жайыл районунун акими К. С. Сыйданов колдоп, күмбөз кайра мурунку калыбына келтирилген, сейсмикалык пояс куюлуп, эшиги түштүктү каратылып, чарчы формасында бышкан ак кыштан (силикат) тургузулган. Негизин бетон түзүп, ал сыртынан кызгылт таш менен капталган. Бийиктиги кумпасы менен 5,3 м.

Алгач күмбөздө арабча жазуу болгон, аны Ишенаалы молдо жазган. Кийинчерээк жок болуп кеткен. Күмбөздун алдыңкы эки бурчу жылдызчалары бар соколоктор менен кооздолгон. Эшигинин үстүнө гранит такта орнотулуп, ага Кожомкулдун аты-жөнү, туулган жана өлгөн жылдары жазылып коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9