Кожомкулдун эстелиги

Википедия дан

Кожомкулдун эстелиги - Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайынын чыгыш бет маңдайында орнотулган.

2004-ж. Суусамыр эли жана белгилүү ишкер Конушбаев Тынчтыкбек жеке каражатына тургузган. Эстеликтин автору белгилүү скульптор Сыдыков Базарбек Кимбилдиевич.

Скульптуранын бийиктиги 4,5 м, постаментиники4л, жалпы бийиктиги 8,5 м. Эстелик жезден жасалып, динамикалуу аллегориялык формада болуп, ат көтөрүп турганы чагылдырылган. Эстеликтин бардык скульптуралык композициясын кошкондогу салмагы 100 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9