Кожомкулов Муктар

Википедия дан

Кожомкулов Муктар (1920, Суусамыр өрөөнү, Жоо-Жүрөк өзөнү - 1992, Кожомкул айылы) - Кожомкул балбандын баласы.

Алгачкы агартуучулардан. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1942-43). ЖалалАбад шаарындагы педагогикалык окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн (1968).

Согуштан кайткандан кийин 8-Март негизги мектебинде мугалим, кийинчерээк директор болуп эмгектенген (1943-51). Ал С.Мырзакматов атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп (1951-80), ардактуу эс алууга кеткен. Өрөөндөгү жаш өспүрүмдөргө билимтарбия берген алгачкы мугалимдерден. Жаныш уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9