Кожомкул атындагы aт майданы

Википедия дан

Кожомкул атындагы aт майданы - ат спорт мелдештерин өткөрүүчү жай.

  • Суусамыр кыштагынан 5 км түштүк-чыгышта, Кароол дөбөнүн түштүк этегинен өткөн Суусамыр - Арал жолунун боюнда жайгашкан.
  • Бул ат майдан 2000-ж. Төралиев Садирдиндин демилгеси менен курулган.
  • Аянты 16 ганы ээлейт.Ат чабуучу жолдун туурасы 12 м, узундугу 2 км 700 м.
  • Айланма жолдун ортосундагы тегиз аянтта көк бөрү да тартылат.
  • Ошондуктан майдандын ортосуна тай казан орнотулган.
  • Андан сырткары трибуна бар.
  • Ага электр линиясы тартылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9