Козучу уулу Отор

Википедия дан

Козучу уулу Отор, Отор баатыр (1880, Жумгал району, Кара-Чий айылы - 1973, ошол эле жер) — балбан, найзакер.
"Кызарт" совхозунда иштеген. Жаш кезинде жылкы баккан.
Бойлуу, далылуу зор адам болгон. 12 жашында Соң-Көлдөгү тулпар ташты эки колдоп ээрдин кашына 12 жолу көтөрүп койгон экен. 16 жашынан эр сайышка түшкөн. Тогузторолук Кизтек, Жумгал, Кочкор өрөөнүнөн чыккан Сабыр, Аксакал, Торсо, таластык Теке баатыр сыяктуу белгилүү найзакерлер менен көп ирет беттешкен.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.