Козу-Баглан

Википедия дан
Козу-Баглан.

Козу-Баглан, Кожо-Бакырган-СайБаткен облусунун Лейлек району менен Тажикстандын Хожент облусундагы суу, Сыр-Дарыянын сол куймасы. узундугу 117 км, алабынын аянты 2150 км2. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталынан башталат. Баш жагы (Өрөмдүн чатына чейин) Лайли-Мазар, ортоңку агымында (көп бөлүгү) Козу-Багландын төмөн жагы Кожо-БакырганСай аталат. Жогорку жана ортоңку агымында тоо аралап кууш өрөөндөр менен агат. Аучи-Калача кыштагы ченде өрөөнгө чыгып, өзөнү кеңийт жана суунун көбү сугат каналдарына бөлүнүп кетет. Ири куймалары: Өрөм, Жети-Көпүрө, Бөрк-Суу (оң), Кожо-Бакырган-Сай (сол). Негизинен кар, мөңгү жана жер астындагы суудан куралат. Апрелде кирип, октябрда тартыла баштайт. Жылдык орточо чыгымы Андаркан кышаарына жакын 11,0 м3/сек, эң көбү 100 м3/сек, азы 3,4 мЗ/секга жетет. Козу-Багландан Кулунду (Кыргн), Гулянандоз (Таджикстан) жана башка каналдар чыгарылган. Боюнан Лейлек, Андаркан, Тагап, Кызыл-Чарба, Өзгөрүш, Аучи-Калачи жана башка кыштактар орун алган. Кожо-Бакырган-Сайдын сол жээгинен байыркы таш доорундагы адамдардын журту табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]