Козу кулак

Википедия дан
Oxyria digyna.

Козу кулак (лат. Oxyria, Hill) – кымыздыктар тукумундагы көп же бир жылдык өсүмдүк. Анын көп түрү мелүүн алкактарда кеңири таралган. Анын эки кадимки жана шпинат түрү өстүрүлөт. Уругу жана тамыры м-ен көбөйөт. Кышкысын жылыткычтарга отургузулат. Даамы кычкыл, тамак-ашка колдонулат. 1 га аянтка 5-7 кг урук эгилет да бир орунда 3-4 жылга чейин өсөт. Жылына 10-12 т түшүм жыйналат. Ал Кыргызстандын жашылча-жемиш совхоздорунда жана жеке огороддо эгилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]