Койчуев Жамалдин

Википедия дан

Койчуев Жамалдин — жыгаччы. 1953-ж. Базар-Коргон районундагы Карл Маркс айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Колхоздун курулуш бригадасында, Кыргыз ССР театрлар коомунда, № 19 кол өнөрчүлүк кесипчилик-техникалык окуу жайында, «Кыял» көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинде эмгектенген. 1985-жылкы Жаштардын жана студенттердин Бүткүл союздук фестивалынын катышуучусу. Чебер Карагулов Сардарбектин, өзгөчө Кулматов Канаттын таалим-тажрыйбасын алган. Ал өрүк жыгачын чилде айында кыят. Бул учурда өсүмдүктүн өзөгүнөн суусу качып, жылуулукту араң сактап, аңы кургатууга жана жарылууга ыңгайлуу болуп турган учуру болот. Жыгачты башка мезгилде кыюуда балта тиери менек жыгач нуксуз бүт жарылып, буралып түшүп калат. Уста кыйылган өрүктү салкын жайга тигинен жөлөп коёт. Бул «табигый кургатуу» деп аталат. Үч-төрт айдан соң анын өзөгүнүн тең ортосунан дааналап жарат да, өзөк бетин жана сырткы бетин этиеттеп чаап алат.

Ушундан кийиз Жамалдин комуздун өз үлгүсүнө салып, жалпы түспөлгө келтирет. Чарасына керектүү калыңдыктан өйде өлчөмдө ашык калтырып, ичин оёт. Ушул абалында дагы үч-төрт айча көлөкө жайга кургатат. Өрүк жыгачы табына таасын келген тапта комуздун моюнун, сырткы түзүлүшүн өз кейпине келтире баштайт. Сырткы-ички жактары толук бүткөндөн кийин комуз кулагын жана тээгин коюп, кайышын тартып, лад (кылды көтөрүп туруучу жоондугу ширеңкенин чийиндей, узундугу анын жарымындай - 2,5 см жыгач, ал үч кулактын алдында болот) коёт. Комузга чебердин пикири боюнча Тянь-Шань карагайы (мари карагай), анын ичинде Чоң-Кеминдин БашКайындысындагы, Жети-Өгүздүн Чоң-Жаргылчагынын башындагы көп жылдар бою өскөн, жоон, карт (80-90-100 см) карагайлар гана комуз үчүн ойдогудай капкак боло алат. Алардын бутагы жоон, шоолдоп түз өскөн жери керектелет. Жыгачтын узундугун 50 смден кем эмес араалап, бутактарын жайланышканына карата уюлдан жарылган таза жерин бөлүп алып, кайрадан кадимки тактай сыяктуу сүрөт. Капкактын калыңдыгын 5-6 мм кылып, кыр менен тилет да, табигый кургатууга коёт. Аны комуздун тулкусуна жабыштыруу үчүн жыгач желимин колдонот. Андан кийин сыртын жылмалап, үнүн текшерет. Өрүк комузду лактабайт. Лакты ал өзү да жакшы кабыл албайт. Жамалдин чалкан аспаптын көөдөн-көкүрөгү кененирээк келет да, үндүү чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0