Койчуев Турар

Википедия дан

Койчуев Турар (4.9.1938, Чүй облусу, азыркы Жайыл району, Сары-Булак айылы) — экономист, экономика илимдер доктору (1985), профессор (1986), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1989), КРдин илимге Эмгек сиңирген ишмери (1992), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына лауреаты (1996). Экономика теориясы— региондук экономика боюнча адистик КМУну бүткөн (1961). 1963-87-ж. Кыргыз ССР ИАда аспирант, илимий кызматкер, бөлүм башчы, ЭИнын директорунун орун басары, 1987-93-ж. КР УИАнын вице-президенти, 1990-92-ж. КРдин мамлекеттик катчысы,1993-ж. КР Өкмөтүнүн вице-премьерминистри, 1993-97-ж. КР УИАнын президенти, 1998-2008 -ж. КР Финансы министрлигине караштуу Экономикалык жана социалдык реформалар боюнча борбордун директору, 2008-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессор илимий докладдар менен Россия, АКШ, Англия, Япония, Германия жана башка өлкөлөрдө болгон. 300дөй илимий эмгектин, андан ичкери 30дан ашуун монографиянын автору. 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган (2003). Эмгектери: Кыргызстан: каким будет завтра. Б.,1994; Экономика переходного периода. Б.,1995; История кыргызов и Кыргызстана (авторлош). Б.,1995; Постсоветская перестройка: теория, идеология, реалии. Б.,1999.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]