Койчу жана карышкыр

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 5—15 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Койчу» жана «карышкыр» шайланат, калган оюнчулар «койлор» болот. Оюн өткөрүлүүчү жер белгиленет. Оюн өткөрүлүүчү жердин бир жагына «койчу», экинчи жагына «карышкыр», оюн өткөрүлүүчү жерде «койлор» жайланат жана аянтчадан 15—20 м аралыкта «кой короо» сызылат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Карышкыр» оюн өткөрүлүүчү. жердин бир жагында байкатпаска аракет кылып чочоюп басып жүрөт. Ал эми «койлор» аянтчанын ортосунда жайылып оттошот. «Койчу» аянттын экинчи четинде. Аңдып турган «карышкыр» байкатбай чуркап жетип «койлордун» бирөөсүн же бир канчасын кармоого аракеттенет. «Койлор» «кой короого» качышат, «койчу» болсо «койлорду» карышкырдан сактап калууга аракеттенет. «Карышкырга» кармалганы «карышкырдын» ролун аткарат. «Карышкыр — койлорго кошулуп, оюн кайрадан башталат. Эгерде «койчу», «карышкырды» кармап алса, оюнчулар ролдору менен алмашышпайт. Оюн каалаган убакытка чейин боло бериши мүмкүн. Көп жолу «карышкырларды» туткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Койчуга», «карышкырдан» мурда аянтчага кирүүгө «карышкырга» «койлорду», «кой короонун» ичинде кармоого, «койлорго» белгиленген аянтчадан чыгууга, «койчуга» жана «карышкырга» айтып коюуга, жардам берүүгө болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн тегиз, ыңгайлуу жерде, кечинде өткөрүлсө талапка ылайык.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, бир нерсеге көңүл коюуга, байкоого үйрөнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]