Коко

Википедия дан
Коко.

Коко, мууздоо (larynx) - үстүнкү (жогорку) коко, кургакта жашоочу омурткалуу жаныбарлардын дем алуу системасынын үстүнкү кемирчектүү бөлүгү. К. бир нече кыймылду бириккен кемирчектер жана аларга бекиген булчуңдар менен байламталардан турат; кекиртеке абанын кирип турушун камсыз кылып, дем алуу жолдорго тамактын киришинен сактай. К. (канаттуулардан башкаларда) үн аппараты жайгашкан. К. кулкундан бөлүнүп чыккан: анын скелети бакалоор доголордон, булчуңдары - бакалоор 2-, 3-булчуңдарынан пайда болот. Сүт эмүүчүлөрдө К. 2-3-бакалоор доголорунан пайда болгон калкан сымал кемирчек жана К. үстүнкү кемирчектер пайда болушат. Балдар менен аялдарда калкан кемирчектин 2 эбелектери бири-бири менен бурч түзүп кошулат, ал эми эркектердики болсо тик бурчту түзүп биригип уркуюп чыгып турган урчукту пайда кылат. Эркектердин К. уз. орточо 44 ммге, аялдардыкы - 36 ммди түзөт; төмөнкү К. - куштардын кекиртегинин колкого өткөн жериндеги кеңейген бөлүгү. Бул жерде алардын үн аппараты жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]