Кокустатуу

Википедия дан

Кокустатуу - механикалык урунуудан тери айрылбай дененин жумшак ткандары менен мүчөлөрүнүн жабыркашы.

Бир нерсе менен урунганда, катуу жерге жыгылганда кокустайт. Мында көбүнчө үстүңкү ткандар (тери, тери алдындагы клетчатка, булчуң, сөөк чели) жабыркайт. Негизги белгилери: кокустаган жер ооруп, шишимик тартат. Кокустатууда ткандардын шишимик тартышы, ошондой эле кан куюлуу дароо билинбейт, кокустагандан 2-3 күндөн кийин, кээде андан да кеч билинет. Кокустатууда кан куюлган жер канталап, көгөрүп чыгат. Ал жер шишиген сайын ооруй баштайт. Ооруну басаңдатуу жана кан куюлууну басуу үчүн дароо муздак суу, муз басуу керек. Кийинчерээк куюлган канды таратууга жылуулук (жылытма компресс) жардам берет. Ошондой эле кокустаган жерди кыса таңып, кыймылдатпоо сунуш кылынат: колду жоолук менен асып, бутту өөдө жаздыкка коюш керек. Кокустаган жердин өтө катуу оорушу сөөктүн жабыркашынын белгиси болушу да мүмкүн. Ооруксунган жерди сүргүлөө жарабайт, анда тромбофлебит (венанын уюган кан менен бүтөлүп калышы) пайда болушу мүмкүн. Эгерде шишик же гематома (көгөрүү) көпкө тарабаса, сөзсүз врачка кайрылуу керек. Баш катуу урунганда (айрыкча эстен танса, жүрөк айланса, кусса) мээнин чайкалышы же кысылышы мүмкүн (к. Баш травмасы), көкүрөк, ичтин төмөнкү жагы катуу урунса ички органдар жабыркашы мүмкүн. Мындай учурда баарыдан мурда жабыркаган кишиге тынчтык берип, врач чакыруу (же токтоосуз ооруканага жеткирүү) зарыл. Оорулуу адам эч убакта ордунан турбоого жана баспоого тийиш, аны көтөрүп же замбилге салып жеткирүү оң. Кокустатууну алдын алууда өндүрүштө, айыл чарбасында, спортто, балдар коллективдеринде коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо маанилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8