Кокутой

Википедия дан

Кокутой (уникалдуу жапондук улуттук маңыз) - синтоизмдин мифологиясы менен Конфуций окуусунун этикалык принциптерин өзүнө камтыйт. 1825-ж. Сэйсисой Айдзова өзүнүн «Синрон» («Жаңы теория») деген саясий чыгармасында аныктама берген.

Кокутойго ылайык, Жапония күн кудайы Аматреску мурастаган өзгөчө улуттук өз алдынчалыкка ээ. Анын маңызы бир жагынан «кудайдын тукумдары» болгон, түбөлүк тынымсыз алмашып туруучу императорлордун династиясы, эл эми экинчи жагынан, Конфуцийдин окуусуна ылайык улууларды сыйлоо, аталык камкордукка негизделген жапондук мораль.

Айдзова синтоизмди мамлекеттин жаңы руху деп жарыялап, Кокутой түшүнүгүнө үч түрлүү маани берген:

  • саясий жагынан - өзгөчө коомдук түзүлүшү билдирет (же императордук бийлик институту);
  • дин жагынан мамлекеттин руханий негизин билдирет (өлкөнүн жана династиялардын кудай тарабынан келип чыгышы);
  • моралдык жагынан - жапондуктардын өзгөчө улуттук мүнөзү (салтты ыйык тутуу, аталык камкордук, сыйлоо ж.б.).

Кокутойдун башкы элементи император менен жапон элинин ортосундагы байланыш жөнүндөгү мистикалык идея. Официалдуу жапон адабиятында ушул байланыштын өзү жапон мамлекетинин жана улутунун пайдубалы катары таанылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8