Колдонмо география

Википедия дан

Колдонмо география - география илимдеринин колдонмо ыкмаларын бириктирген багыт.

Практикалык милдетти чечүү үчүн атайын жүргүзүлгөн кандай гана географиялык изилдөө болбосун, ал Колдонмо географияга киргизилүүгө тийиш. Географиянын практикалык мааниси - пландаштыруучу, долбоорлоочу жана чарбалык мекемелерди тигил же бул райондун табияты, жаратылыш байлыктары, чарбачылыгы, эмгек ресурстары жөнүндөгү тиешелүү маалыматтар менен камсыз кылууда, адамзат коомунун табиятка таасир кылышынын натыйжасында мүмкүн боло турган өзгөрүүлөрдү алдын ала айтып берүүдө. Географиялык изилдөөлөр эл чарбасы койгон практикалык муктаждыктарды канааттандырарлык деңгээлде жүргүзгөн учурда гана чоң мааниге ээ болушу мүмкүн. Мындай изилдөөлөрдүн жыйынтыктары өндүрүштө улам кеңири пайдаланылып, география илиминин чарба менен болгон байланышы чыңалат. Географиялык изилдөөлөр ар кандай максатта жүргүзүлүүгө тийиш. Мисалы, айыл чарба үчүн жерлердин жарактуулугун аныктап, жаратылыш шарттарын терең талдап баа берүү, рельефке жараша айыл чарба машиналарын кеңири пайдалануу мүмкүнчүлүгүн белгилөө ж. б. Ландшафттык изилдөөлөрдүн маалыматтары өнөр жай жана транспорт курулуштарында, шаар айланасында эс алуу жайларын курууда колдонулат, о. эле ландшафттык карталар тиешелүү адистерге чоң практикалык жардам бериши мүмкүн. Физикалык географтардын изилдөөлөрүнө таянып, саламаттык сактоо кызматкерлери түрдүү оорулардын таралыш закон ченемин белгилешет.

Адам баласынын табигатка, жаратылыш процесстерине кийлигишүүсү күчөгөн сайын география илимдеринин практикалык мааниси да арта берет. Мында жалпы географиялык комплекстик изилдөөлөр менен бирге тармактык жекече изилдөөлөрдүн да ролу жылдан жылга күчөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.