Колдонуучунун баарлашуулары:Жылдыз Джумашева

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

ЧҮЙ ОБЛУСУ


Респ-нын түн. бөлүгүн ээлейт. Түн. ж-а батышынан Казакстан, түш.-батышынан Талас, түштүгүнөн Жалалабат, Нарын, чыгышынан Ысыккөл облустары м-н чектешет. Облуста 8 адм. район (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысыката), 4 шаар (Токмок, Кант, Карабалта, Шопоков), 5 шаарча (Актүз, Борду, Кайыңды, Кемин, Орловка), 105 айыл өкмөтү, 327 кыштак бар. Облустун чегинде респ-нын борбору - Бишкек ш. жайгашкан. Аянты 20,2 миң км2. Калкы 758,1 миң (2002). Борбору - Токмок ш. (2003). 1939-ж. чейин облустун азыркы чегинде түрдүү адм.-айм. системалар (округ, кантон, болуштук ж. б.) болгон. 1939-59-ж. Фрунзе облусу; 1959-90-ж. респ-га тике баш ийген райондор, 1990-жылдын 14-декабрынан Чүй облусу. Табияты. Облустун аймагын Чүй, тоо аралык Чоң Кемин ж-а Суусамыр өрөөндөрү, о. эле аларды чектеп жаткан Иле, Кыргыз, Күнгөй, Талас Алатоолорунун, Суусамыр, Жумгал кырка тоолорунун капталдары түзөт. Абсолюттук бийиктиги 550 мден (Чүй өрөөнүнүн Камышановка кыш. туштагы түн. чет-жакасы) 4895 мге чейин (Кыргыз Ала-тоосундагы Аламүдүн чокусу). Облустун аймагынын басымдуу бөлүгүн Чүй өрөөнү ээлейт. Өрөөн негизинен түн.-батышты карай эңкейиш келип, батыш ж-а ортоңку бөлүктөрү Чүй д-на жакындаганда дээрлик жайык түздүккө айланат. Андан жогору адырлар ж-а дөңсөөлөр (айрыкча Бишкек ш. тушта), этек тоолор көтөрүлүп турат. Алар-дын 1-тилкеси Аларча, Аламүдүн ж-а Норус сууларынын өрөөндөрү м-н тилмеленет, айрым дөңсөөлөрдү – Бешкүнгөй (бийикт. 1150 мге чейин), Басбөлтөк (1400 м), Шороба-шат (1750 м) ж. б. пайда кылат. Андан түштүгүрөөк, этек тоолордон бийигирээк этек тоо-дөбө-дөңсөөлөрдүн 2-тилкеси созулуп жатат. Аларды 1-тилкеден кеңдик багытта жаткан Байтик өрөөнү бөлүп турат. Кыргыз Алатоосунун капталдары асимметриялык түзүлүштө: түш. капталдары кыска ж-а тик, түндүгү жазы, айрым айрыктары 20 кмге жетип, өрөөн капчыгайлуу; ирилери: Ашмара, Карабалта, Аксуу, Сокулук, Аларча, Аламүдүн, Ысыката, Кегети, Шамшы, Коңорчок, Байдамтал, Түн. ж-а Чыгыш Каракол ж. б. 3500 м бийиктиктен жогору аска-таштуу, кар-мөңгүлүү алкак башталат. Чүй өрөөнү чыгышта Кичи Кемин өрөөнүнө өтөт. Чыгышта Иле ж-а Күнгөй Алатоолорунун аралы-гында Чоң Кемин өрөөнү жайгашкан. Аталган тоолор чыгышта бири-бирине жакында-шып, Кемин-Челек тоо тоомун пайда кылат. Чоң Кемин өрөөнүнүн чыгышында Көгой-рок жайлоосу бар. Ал эми облустун түш. бөлүгүн Кырг-ндагы ири жайлоолордун бири Суусамыр өрөөнү ээлейт. Ал деңиз деңг. 2000–3200 м бийиктикте жайгашкан. Өрөөн батышты карай кууштап, таманы бийиктейт. Батышы Дубанкечүү өрөөнү, борб. бөлү-гү – Суусамыр, чыгышы Батыш Каракол өрөөнү деп аталат. Кен байлыктарынан алтын (Талдыбулак, Далпраң, Камоотөр), темир, титан, хром, никель, коргошун, цинк, сейрек кездешүүчү элементтер (Актүз) бар. Металл эмес кендер да арбын: кум, чопо, мергель, туз, тальк, гранит-сиенит, акиташ теги, мрамор, гранит, кварцит. Тектон. жаракаларга тутумдаш жерлерден минералдуу, ысык суулар жер бетине агып чыгат (Ысыката, Аламүдүн, Аксуу капчыгайларында). Климаты ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Түндүгүндөгү түзөң бөлүгүнүн климаты континенттик, кургак, жайы ысык, кышы мелүүн, суук. Июлдун орт. темп-расы 17–25°С, январдыкы –7°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 270-400 мм. Бийик жайгашкан Суусамыр өрөөнүндө июлдун орт. темп-расы 13–14°С, январдыкы –20…–21°С, жылдык жаан-чачы-ны 350–370 мм. Тоо капталдары бийиктеген сайын абанын темп-расы төмөндөп, жаан-чачындын (айрым тоолордун түндүккө ж-а батышка караган капталдарында) өлчөмү арбыйт. Кыргыз Алатоосунда жалпы аянты 520 км2 жеткен 582 мөңгү бар, көбү борбордук бөлүгүндө. Чоң Кемин суусунун башы мөңгү чордону болуп саналат. Суулары негизинен Чүй, Нарын д-нын алабына кирет. Чүй д-сы Боом капчыгайынан чыга бергенде ага оң тараптан Чоң Кемин ж-а Кичи Кемин суулары кошулат. Кыргыз Алатоосунун түн. капталынан Чүйдүн сол куймалары – Шамшы, Кегети, Ысыката, Аламүдүн, Карабалта ж. б. суулар агып түшөт. Азыркы кезде алар сугатка толук пайда-ланылгандыктан Чүй д-на жетпейт. Суусамыр суусу Көкөмеренге куят. Чүй өрөөнүндө ири ирригациялык курулмалар - суу сактагычтар (Чөмүч плотинасы, Төмөнкү Аларча ж. б.), каналдар (Чыгыш, Батыш ж-а Түш. Чоң Чүй) бар. Топурак өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук б-ча ырааттуу таралган. Чүй, Кичи ж-а Чоң Кемин өрөөндөрүнүн түзөң бөлүктөрүндө, тоо этектериндеги тилкелерде боз ж-а ачык коңур топурактуу жарым чөл-кургак талаа алкагы басымдуу. Мында табигый өсүмдүктөрдөн шыбак-эфемердүү жарым-чөл, шыбак-дан өсүмдүктүү, бетеге-шыбак-туу талаа саздуу шалбаа, камыш ж-а бадалдуу (чычырканак, бөрүкарагат, итмурун) жерлер кездешет. Тоо этектерин, жапыз ж-а орто бийиктеги тоо капталдарынын көп бөлүгүн коңур, кара ж-а каралжын, күрөң шалбаа топурактуу талаа ж-а токой-шалбаа-луу талаа алкактары ээлейт. Тоо этектеринде негизинен бетегелүү ж-а түктүү буудайык, аркыл чөптүү талаа, андан жогору шалбаалуу талаа ж-а бийик тоо шалбаасы тараган. Күнгөйлөрүндө талаа өсүмдүктөрү, тескейлеринде шалбаа, бадал ж-а сейрек токой ба-сымдуу. Тоо капталдарынын түн. экспозицияларында (1300 мден жогору) бадалдар (ит-мурун, табылгы, бөрүкарагат ж. б. ) өсөт; токой да бар. Кыргыз Алатоосунун капчыгай-ларында, Чоң Кемин өрөөнүндө карагай, арча, кайың, зараң, четин ж. б. өскөн токойлор кездешет. Суусамыр өрөөнүнүн көп бөлүгү коңур ж-а ачык коңур топурактуу келип, тоолуу талаа ландшафты (бетеге, түктүү буудайык, доңуз сырты, шыбак ж. б. өсүмдүктөр) мүнөздүү, 2400 м бийиктиктен жогору субальп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа башта-лып, өсүмдүктөрүнүн ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Альп шалбаасы 2800 м бийик-тиктен башталып, доңуз сырты, ар кыл чөп өсөт. Субальп ж-а альп шалбааларында негизинен бетеге басымдуу; бадалдардан кодоо четин, итмурундун айрым түрлөрү, жа-палак арча өсөт. 3600 мден жогору гляциалдык-нивалдык алкак жатат. Калкы. Чүй облусунда респ-нын калкынын 16,0%и жашайт (Бишкек ш-нын калкын кошпогондо). Калктын жайгашуусунун орт. жыштыгы кыйла жогору: 1 км2 жерге 38 адам туура келет (респ-да бул көрсөткүч 24тү түзөт). Чүй өрөөнү аркылуу батыштан чыгышты карай өткөн Чалдыбар–Бишкек–Балыкчы автомобиль ж-а темир жол магист-ралдарын бойлой калктуу айыл-кыштактар жыш жайгашкан. Шаар калкы 160,1 миң (жалпы калктын 21,1%), калган 598,0 миңи (78,9%) айыл-кыштакта жашайт. Облустун калкы көп улуттуу: 46,3% кыргыздар, 29,6% орустар, 6,2% дуңгандар, 2,8% украиндер, 2,3% казактар, 1,9% өзбектер,1,9% уйгурлар, 1,4% немис-тер, 7,6% калган улуттар. Шаарлары: Токмок (56,6 миң адам), Карабалта (43,6 миң), Кант (21,4 миң), Шопоков (8,9 миң); шаарчалары: Кемин (11,0 миң), Орловка (9,0 миң), Кайыңды (8,9 миң), Актүз (0,9 миң), Борду (0,2 миң). Чүй облусунда калктуу ири кыштактар арбын. Алар: Сокулук (22,6 миң адам), Бело-водский (21,1 миң), Новопокровка (18,1 миң), Новопавловка (15,3 миң), Лебединовка (15,1 миң), Чүй (12,2 миң), Александровка (11,9 миң), Аламүдүн (11,3 миң), Ивановка (15,1 миң), Военноантоновка (10,8 миң), Ленин (10,1 миң), Төмөнкү Аларча (9,3 миң), Аксуу (9,2 миң), Панфилов (8,3 миң) ж. б. Облустун жалпы калкынын 228,9 миңи (30,2%и) эмгек жашына жете элек жаштар, 436,9 миң (57,6%) эмгек жашындагылар, 92,3 миңи (12,2%и) эмгек жашынан өткөндөр. Эмгек жашындагылардын ичинен атайын каттоо-дон өткөн жумушсуздардын саны 2002-ж. облуста 9,4 миң адамды түзгөн. Облустун калкынын миграциясы: 2001-ж. келгендердин саны 2392, кеткендер - 15639 адам болгон. Миграциялык азайуу 13247 адамды түзгөн. Экономикасы. Облустун экон-нын өнүгүшү базар экономика жагына багыт алды. Өндүрүш ж-а тейлөө ишканалары менчиктештирилип, мамл. монополиянын таасири төмөндөдү. Өндүрүштүк тармактык түзүлүшү өзгөрүп, атаандаштык өсө баштады. Облуста 2002-ж. чарба жүргүзүүнүн базар экон-нын жаңы формадагы, статистика-лык бирдиктин мамл. регистрине киргизилген ээлик кылуучу субъекттерден (юридика-лык жактар) 5819 ишкана, уюм ж-а мекемелер катталган (а. и. иштегендери 2657). Бул ишканалар түрдүү менчикте болуп, экон-нын дээрлик бардык тармактарына тиешелүү. Мис., жогоруда белгиленген 5819 ишкананын 8,9% (иштеген ишканалардын 13,9%) мамл. менчикте, 4,7% (9,1%) коммуналык ж-а 86,4% (77,6%) жеке менчикке таандык. Ишканалардын түрлөрү б-ча 5819 (иштеген 2657 ишкананын) субъектин 4959 (2018) чакан, 567 (415) орто ж-а 293 (214) ири ишканаларга тиешелүү. 2002-ж. иштеген 2657 ишкананын 17,4%и ө. ж., 12,2%и курулуш, 25,7%и соода ж-а коомдук тамактануу, 8,0%и турмуш тиричилик жактан тейлөө, калган 23,1%и даярдоо, ремонттоо ж. б. социал-дык жактан тейлөө багытында иштеген. Облус респ-дагы ө. ж. өнүккөн регион. 2001-ж. облуста жогоруда айтылган ө. ж-га тиешелүү ишканалардын ичинен 140 ө. ж. ишкана-сы өзүнчө балансада иштеп, анда 19,2 миң (респ-дагы жумушчулардын 22,4%и) адам эмгектенип, 2001-ж. 15786,9 миң сомдук (32,4%) продукция чыгарып, региондун ичинен 1-орунду алган. Өнөр жайдын негизги тармактары түстүү металлургия (ө. ж. продукция-сынын 67,3%ин өндүрөт), тамак-аш (17,3%), курулуш материалдарын чыгаруу (6,2%), машина куруу (2,5%) ж-а жеңил ө. ж. (1,5%). Өнөр жай продукцияларынын ичинен тазартылган алтын (Карабалта), сейрек кездешүүчү түстүү металл (Актүз, Орловка ж. б. ), кабель буюмдары (Кайыңды), айнектер, картон, кагаз, жүндөн токулган бут кийимдер (Токмок), шифер ж-а асбоцемент түтүктөрү (Кант), линолеум (Кемин шаарча-сында), кумшекер (Кайыңды, Шопоков) облуска гана таандык. Булардан башка облус-та электр энергия (Кемин, Аламүдүн р-ндору), цемент (Кант), байпак (Лебединовка), колбаса, сүт, ун, макарон, жашылча консервалары, жүзүм шараптары ж. б. чыгарылат. Облустун ө. ж-нда өлкөгө белгилүү эң ири ө. ж. ишканалары: Карабалтадагы тоо-кен комбинаты мамл. акционердик коому (2000-ж. облустун ө. ж-нын 60,0%тен көбүрөөк продукциясын өндүргөн), «Кайыңды-Кант» (763,1 млн сом), «Кант цемент-шифер ком-бинаты» (605,4 млн) акционердик коомдору, «Бакай» биргелешкен ишканасы (406,0 млн), Карабалта ш-ндагы «Авторемзавод» (120,0 млн), Москва р-ндагы «Аксүт» (82,8 млн), «Айнек» (76,5 млн), Кемин р-ндагы «Химия-металлургиялык комбинаты» (50,0 млн) акционердик коомдор ж. б. Облустун экон-нда айыл чарба тармагы маанилүү орунду ээлейт. Айыл чарба өндүрүшү көп түрдүү менчикте. 2002-ж. 1 январында облуста 13 мамл. чарба, агрофир-ма, 25 акционердик коом, 94 коллективдүү дыйкан чарба бирикмеси, 40 кооператив ж-а 30 миңден ашык дыйкан чарбалары болгон. Айыл чарбасынын адистешкен негизги тар-мактары: дыйканчылыкта - дан эгиндерин, кант кызылчасын ж-а анын уругун, беде уругун, о. эле жашылча өстүрүү, мал чарбачылыгында - сүт багытындагы уй чарбасы, чочко ж-а канаттууларды асыроо. Облустун бардык формадагы айыл чарба ишканала-рында 2001-ж. 143,5 миң адам эмгектенип (респ-нын а. ч-да иштеген калкынын 15,2%и), 14117 млн сомдук (29,5%), азык-түлүк өндүрүлгөн. Облустун жалпы аянтынын 65,6%и же 1324,4 миң га жери айыл чарбага пайдаланууга жарактуу жер (2002). Анын 421,1 миң гасы айдоо (айыл чарбага жарактуу жердин 31,8%и), 9,4 миң га мөмө-жемиш ж. б. дарактар (0,7%), 20,9 миң гасы чөп чабынды (1,6%), 872,6 миң гасы жайыт (65,9%). 2001-ж. облуста 387,0 миң га жерге эгин эгилип (респ-нын 32,1%), анын 221,4 миң гасын дан эгиндери (респ-дагы дан эгиндин 32,6%и), 20,5 миң гасын кант кызылчасы (91,1%), 12,3 миң гасын картөшкө (16,7%), 20,9 миң гасын жашылча (47,8%), 100,8 миң гасын тоют өсүмдүктөрү (37,4%), калган 10,6 миң гасын коон, дарбыз, ашкабак ж-а май өсүмдүктөрү ээлеген. Дыйканчылыкта 2001-ж. 642,0 миң дан эгиндери, 255,7 миң т кант кызылчасы, 192,5 миң т картөшкө, 345,2 миң т жашылча, 41,6 миң т бакча азыктары, 25,0 миң т мөмө жемиш ж-а 5,9 миң т жүзүм даярдалган. 2001-ж. облустун бардык чарбаларында 193,2 миң уй (респ-дагы уйдун 20,0%и), 332,4 миң кой ж-а эчки (8,9%), 62,9 миң чочко (72,6%), 39,6 миң жылкы (11,2%), 1363,4 миң (42,0% үй кушу болуп, алардан 53,8 миң т союлган салмактагы эт (21,0%), 117,3 миң даана жумуртка (51,5%) өндүрүлгөн. Мал чарба азык-түлүктөрүн өндүрүүнүн не-гизин жеке менчик формасына тиешелүү болгон дыйкан фермер чарбалары ж-а калктын жеке чарбалары түзөт. Алардын үлүшү 2001-ж. эт өндүрүүдө 95,0%, сүт саап алууда 90,0%, жумуртка алууда 92,0% ж-а жүн кыркууда 98,9%ти түзгөн. Чүй облусунда 270 км т. ж. (Чалдыбар–Бишкек–Балыкчы) болгонуна карабастан, ички ж-а тышкы экон. байланыш түзүүдө автомобиль транспорту негизги орунда турат. Облус чегинде автомобиль жолунун жалпы уз. 3,4 миң км болуп, а. и. 3,0 миң кмине асфальт төшөлгөн. 2002-ж. автомбиль транспортунда 7,5 млн т жүк, 760,8 млн жүргүнчү ташылган. Негизги автомобиль жолдору: Бишкек–Ош, Чалдыбар–Карабалта–Бишкек– Токмок–Балыкчы, Бишкек–Карабалта–Сосновка–Тунук (Суусамыр өрөөнү), Бишкек– Манас (аэропорт) – Камышановка, Бишкек–Алматы ж. б. Жүргүнчүлөрдү ташууда аба транспорту да маанилүү орунда; облустун чегинде жайгашкан «Манас» аэропортунан чет өлкөлөргө ж-а респ-нын ичиндеги 40ка жакын шаар ж-а айылдарга самолёт кат-тайт. Облустун батыш бөлүгүндөгү шаарларга ж-а калктуу ири айылдарга Мубарек– Бишкек–Алматы газ куурунун тармактары жеткирилген. Облуста 2001-ж. 56 бала бакча иштеп, аларда 5,0 миңдей бала тарбияланган. Облус-та 2001-ж. 20 мед. мекемелер иштеп, калктын 10 миң адамына 47 койка туура келип (Кырг-нда 66), 21 (28) доктор-дарыгер, 49 (71) орто медперсонал тейлеген. 2000/01-окуу жылында жогорку окуу жайында 1,4 миң студент окуп, 62 окутуучу иштеген. Облустун 7 атайын орто окуу жайында 3,7 миң окуучу окуп, 291 мугалим эмгектенген. 23 кесиптик-тех. окуу жайларында 4,9 миң окуучу болгон. 2000/01-окуу жылында облуста 313 жалпы билим берүүчү мектепте 155,9 миң бала окуп, 9,2 миң мугалим иштеген. Алардын ичинен 2 балдар үйү (245 орун), жетим же кароосуз калган балдар үчүн 5 жатак-мектеп (1645 орун) болгон. Алардан башка облуска 4 жеке менчиктеги жалпы тарбия берүүчү мектеп иштеп, анын үчөө орто, бирөө башталгыч мектеп болуп, аларда 671 бала окуган. Окуучулардын 39,9%и кыргыз, 60,0%и орус ж-а 0,1%и өзбек тилдеринде билим алышат. Чүй облусунда Шаршен атн. куудулдар театры, 44,3 миң орундуу 255 клуб ж-а маданият үйлөрү, 3191,75 миң нуска китеби бар 224 китепкана иштеген. Облустук 2 гезит (кыр-гызча, орусча), бир нече райондук гезиттер чыгат. 1991-ж. Чүй облустук телекөрсөтүү ж-а радиоуктуруу компаниясын ачуу жөнүндө чечим кабыл алынган. «Сары-Өзөн» информациялык-публицистикалык радиоуктуруу программасы биринчи жолу эфирге 1991-ж. 2-декабрда чыккан. Иш күндөрү 30 минута-дан, жекшемби күндөрү 1 саат көркөм адабий-муз. берүү болот. Облуста жашаган баш-ка улут өкүлдөрү үчүн жумасына 1 жолу (30 минута) берүү бар. 1993-жылдан облусттук телекөрсөтүү программасы «Көз ирмемде Сарыөзөн» деген ат м-н чыккан. Жумасына жалпы респ. үчүн 30 минута (кыргыз тилинде) көрсөтүү болот. Облустун жеринин табияты кооз, минералдуу ж-а жылуу сууларга бай. Алар даары-лануучу ж-а дем алуучу жайларды, туризмди, о. эле эл аралык альпинизмди уюштуруу-га өтө ыңгайлуу. Алардын ичинен Ысыката жылуу суу дарылануу үчүн, «Аларча» улут-тук табият паркы эс алуу ж-а альпинизм үчүн пайдаланууда. Булардан башка Карабал-та, Аксуу, Сокулук, Аламүдүн, Кегети, Шамшы,Чоң Кемин ж. б. кооз капчыгайлар туристтер үчүн ыңгайлуу. Облустун чегинде эң байыркы археол. эстеликтер - таш доору-нун Георгиевка дөбөсү, Аламүдүн тургун жайы, коло доорунун Кайыңды, Жайылма тургун жайлары, Сак-усун мезгилине таандык тургун жайлар (Карабалта), орто кылым-дын археол. ж-а архит. эстеликтеринен Ашмара, Суйаб, Невакет, Баласагын, Акбешим ж. б. шаар чалдыбарлары, о. эле түрк этносун чагылдырган балбалдар ж. б. сакталган.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ГЕОГРАФИЯСЫ 558-562 барак А. Актанова, Н. Бакиров , А. Мырзаев, М. Жакияева