Колдонуучу:Жылдыз Джумашева

Википедия дан

ТЕМА: «ДҮЙНӨГӨ – ТЫНЧТЫК!»

Сабактын темасын жана максаттарын жарыялоо – 1 мүн.

Мугалим сабакты төмөнкүдөй сөз менен баштайт: «Балдар, биз силер менен чыр-чатактарды жана аларды чечүү, алдын алуу ыкмаларын билдик. Чыр-чатакты тынч жол менен, күч колдонбостон кантип жөнгө салуу мүмкүндүгүн билип алдык. Эми курстун соңунда биз сабактарыбыздын канчалык натыйжалуу өткөнүн баалоо үчүн чыгармачыл сабак өтөбүз». Мугалим сабактын темасын жана максаттарын жарыялайт.

«Саламдашуу» көнүгүүсү – 5 мүн.

Мугалим мындай дейт: «Эгерде биз бири-бирибизди карасак, баарыбыз ар башкача экенибизди көрөбүз. Бири-бирине толугу менен окшош эки адамды кезиктирүү мүмкүн эмес – бул биз кайталангыс экенибизди билдирет. Бири-бирине куюп койгондой окшош адамдар эч качан болгон эмес, келечекте да болбойт, дүйнө ушунусу менен кызыктуу, ушунусу менен бай! Дүйнөдө маданияттары жана тарыхы кайталангыс болгон элдер көп. Келгиле, азыр ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү кандай саламдашарын карап көрөлү». Мугалим мурдатан даярданган окуучуларды чакырат, алар доскага кезеги менен чыгып, саламдашуу түрлөрүн көрсөтөт: • Көкүрөккө эки колун коюп («сыйынып» жаткандай), ийилишет (Япония) • Мурдун тийгизишет (Жаңы Зеландия) • Бири-биринен алыс туруп, колдорун бек кысышат (Улуу Британия) • Бек кучакташып, беттеринен үч ирет өбүшөт (Россия) • Бири-бирине тилдерин көрсөтүшөт (Тибет) • Бири-бирине жакын туруп, колдорун бек кысышат (Германия) Мугалим окуучуларга ыраазычылык билдирип, сабактын кийинки бөлүгүнө өтөт.

Эссе конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу – 15 мүн.

Мугалим сегизинчи сабакта эссе жазуу тапшырмасы берилгенин окуучулардын эсине салат да, эки-үч окуучудан жазгандарын окуп берүүсүн өтүнөт. Эсселер окулгандан кийин жалпы талкуу болот. Анан мугалим эссе конкурсунун жыйынтыгын жарыялап, класс боюнча биринчи орунду ээлеген окуучунун аты-жөнүн айтат. Ал окуучудан өзүнүн эссесин окуп берүүсүн суранат. Андан соң аны жалпы талкуу жүргүзүлөт.

«Көңүл алуу» көнүгүүсү – 10 мүн.

Мугалим окуучулардан биринчи-экинчи деп санак өткөрүүнү суранат. «Биринчилер» класстын ортосуна келип, ички тегерекке тизилет. «Экинчилер» алардын сыртынан тизилет. Ички жана тышкы тегеректегилер бет маңдай турушат. Мугалим мындай дейт: «Биз турмушта бири-бирибизге жакшы сөздөрдү өтө аз айтабыз. Келгиле, азыр бири-бирибизге жакшы сөздөрдү айтып көрөлү». Окуучулар кезеги менен бири-бирине жакшы сөздөрдү айтат. 10 секунддан кийин мугалим алакан чабат, ошондо сырткы тегеректегилер бир кадам оңго карай жылышат, ичкеридегилер ордунан жылбайт. Дагы 10 секунд өткөн соң кайра алакан чабылат, кайрадан оңго бир кадам ж.б. Тышкы тегеректеги окуучулар ичкеридегилерди толугу менен айланып, мурдагы ордуна жеткенге чейин жылыша берет. Ошентип, бардык окуучулар бири-биринин тушуна келгенде жакшы сөз айтышат. Көнүгүүнү жыйынтыктоо үчүн мугалим төмөнкү суроолорду берет: - Бири-бириңерге жакшы сөз айтышуу жактыбы? - Өзүңөрдү кандай сездиңер? - Башкалардан жакшы сөз угуу жагабы? ж.у.с.

Жыйынтык чыгаруу (тест) – 14 мүн.

Мугалим окуучуларга тест-карточкаларды таратат. Карточкаларда 26 суроо камтылганын түшүндүрөт. Ар бир суроого жооптун бир нече варианты берилген, бирок алардын ичинен бирөө гана туура. Окуучу туура деп эсептеген жооптун вариантын тегеректеп коюуга тийиш. Толтуруу убактысы – 10 мүнөт.

Тестирлөөнүн жыйынтыктарын чыгаруу Бөлүнгөн убакыт аяктагандан кийин мугалим окуучуларга бири-биринин жоопторун текшерүүнү сунуш кылат, бул үчүн алар өз карточкаларын алмашат. Мугалим жооптордун туура варианттарын окуйт, окуучулар аларды тегеректеп белгилейт жана канча балл топтолгонун мугалимге айтат.

Каталар жагынан иштөө Тестирлөөнүн натыйжалары боюнча мугалим окуучулардын көпчүлүгү жооп бере албаган суроолорду төмөнкүдөй түрдө бөлүп көрсөтөт. Мугалим доскага мамычага 1ден 26га чейинки суроолордун номерлерин жазат, аларды санап өтөт жана тиешелүү суроого туура жооп берген окуучулардан колун көтөрүүсүн өтүнөт. Туура эмес жооптордун саны суроолордун номерлеринин тушуна жазылат. Андан соң баарынан көп туура эмес жооптор берилген жана ошонун өзү менен окуучуларда алда канча кыйынчылык келтирген суроолор аныкталат. Мугалим окуучуларга суроолору алда канча кыйынчылык туудурган темаларды кайталоого үйгө тапшырма берет. Сабактын аягында мугалим мындай дейт: «Биз силер менен чыр-чатактан кийинки жарандык билим курсун аяктадык. Сабактардын жүрүшүндө көп жаңы нерселерди, атап айтканда, ар бир адамды кандай болсо дал ошондой кабылдоо керектигин, стереотиптерге ишенбей, талаштарды жана чыр-чатактарды тынч жол менен чечүү зарылдыгын, эң жакшысы – чыр-чатакты четтетүү оң экендигин билдик».

Мугалим сабактын тыянагын Конфуцийдин накыл сөзү менен жыйынтыктайт:

«Өзүңдү өзүң урматтагандай башкаларды урматтоого жетишүү жана биз өзүбүзгө мамиле жасашын каалагандай башкаларга мамиле кылуу – мына ушуну адамды сүйүү деп атоого болот». КЫСКАРТУУЛАРДЫН ТИЗМЕСИ

КР – Кыргыз Республикасы ООН – Бириккен Улуттар Уюму КЖК – Кылмыш-жаза кодекси АКШ – Америка Кошмо Штаттары ЖПК – Жазык-процесстик кодекс ЖМК – жалпыга маалымдоо каражаттары ОМОН – Өзгөчө багыттагы милиция отряды ОБСЕ – Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм Чыр-чатаксыз келечекке карай. 9–11-класстар: Америкалык Юристтер Ассоциациясы, Укуктун Үстөмдүгү Программасы (ABA ROLI). Окуу куралы. – Б., 2011. – 130 б.