Колдонуучунун баарлашуулары:Орустун колдонуучусумун

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Аладоботтон кат[булагын түзөтүү]

Саламатсызбы. Менимче сиз, Кыргызстанга бир да жолу келбесеңиз да абдан жакшы кыргызча билет экенсиз. Жазгандарыңызды көрүп чыгып ката жок экенин көрдүм. Сиз азаматсыз, сизге алкыш! :) --Aladobot (talk) 22 Ноябрь (Жетинин айы) 2012 16:21

Биз сизге кубанычтуубуз![булагын түзөтүү]

Иштериңизге ийгилик каалаймын! --Chorobek (talk) 05:07, 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2012 (UTC) Чоробек Сааданбеков, основатель сайта на кыргызском языке // "Википедия" в Кыргызстане

Моралдык жардамыңызга үчүн чоң рахмат, Чоробек мырза! --москвалык киши (talk) 18:14, 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2012 (UTC)

Мен да жакшымын, рахмат. Кыргыз тили м-н орус тили экөө бири-биринен абдан эле айырмаланып турат. Ошондуктан эки эл үчүн бири-биринин тилин үйрөнүш өтө кыйын, сиз муну туура баамдапсыз. Сиздин кыргыздар жөнүндө жакшы ойлоруңузду окуп, сизге таң калбай кой алган жокмун. Балким сиз кыргыздарга симпатия м-н караган биринчи орус болушуңуз мүмкүн. Башка улуттарга сый мамиледе болгон сиздей адамдар көп болсо.

Ал эми которгон текстиңизге келсек, жакшы которгонсуз. Ошентсе да мен кээбир жерлерин түзөтүп койдум.

Сиздики:«2006-жылдан бул гезитте кабарчы болуп иштеген. 2008-жылдын январынан атайын кабарчы ордун (=орунун) ээлеп алган»?

Меники:«2006-жылдан тартып бул гезитте кабарчы болуп иштеп, 2008-жылдын январынан бери атайын кабарчы катары эмгектенип келет»

"ордун (=орунун) ээлеп алган" деп которсонуз анда Дина айым ал орунду зордоп тартып алган болуп калат :))

Сизге чың ден-соолук каалайм, замандашым! --Aladobot (talk) 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2012

Рахмат, урматтуу Аладобот. Кыйын тил. Сиз мага күлөсүз го ;-) Албетте, мен сиздин жоопуңузду дээрлик түшүнбөй жатамын, себеби кыргыз тили үйрөнгөн жокмун. Убактым жок. Бирок кыргыз досум орусча эң эле жакшы сүйлөйт. Ал текстиңизди түшүндүрөт го :-) Сурап аламын. Сизге чың ден-соолук да каалаймын!
Орус тилинде Post Scriptum. А всё-таки недоумеваю, как вам, тюркским народам, удаётся так хорошо и так быстро осваивать наш русский язык. Ведь, оказывается, разница между нашими языками огромная! Наверное, у вас в Средней Азии просто люди живут какие-то особенно одарённые. Урмат менен, москвалык киши (talk) 18:18, 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2012 (UTC)