Колдонуучунун баарлашуулары:Gulya-bsg

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

ТОКТОГУЛ РАЙОНУ[булагын түзөтүү]

ТОКТОГУЛ РАЙОНУ (1939-ж. чейин Кетментөбө р-ну) 1926-ж. уюшулган. Чыгышынан Тогузторо, Жумгал, түндүгүнөн Панфилов, Талас, батышынан Алабука, Аксы, түштүгүнөн Ноокен, Базаркоргон р-ндору м-н чектешет. Облустун борбору Жалалабат ш-нан 327 км аралыкта жай- гашкан. Аянты 6944,5 км2. Калкы 77,4 миң (2001). Райондо 11 айыл өкмөтү (Белалды, Жазыкечүү, Жаңыжол, Кетментөбө,Кызылөзгөрүш, Ничкесай, Сарыкамыш, Толук, Торкен, Үчтерек, Чолпоната айыл өкмөттөрү), 53 айыл, 2 шаарча бар. Борбору — Токтогул шаарчасы. Район толугу м-н Кетментөбө өрөөнүн камтыйт. Ал түндүгүнөн Талас ж-а Суусамыр, батыш ж-а түн.-батышынан Узунакмат, Атойнок тоолору, түштүгүнөн Фер- гана, түш.-чыгышынан Көгирим кырка тоолору м-н курчалат. Эң бийик жери деңиз деңг. 4165 м (Талас Ала-Тоосунда), та- маныныкы 500—850 м бийиктикте жайгашкан. Кен байлыктардан таш тузу (к. Кетментөбө кени), мрамор ж. б. курулуш материалдары бар. Климаты континенттик. Өрөөн Фергана ж-а Борбордук Теңир- тоо климаттык провинциялары чегинде жайгашкан. Климаты суук мезгилдин температуралык шарты б-ча Борбордук Те- ңиртоого, ал эми жайкысы Фергана өрөөнүнүкүнө жакын. Январдын орт. температурасы —15°С, июлдуку 24°С. Жыл- дык жаан-чачыны 367 мм. Аймагынан Нарын дарыясы агып өтөт; анын ири куймалары: Чычкан, Узунакмат, Каракулжа, Торкен, Толук, Коңурөгүз, Саргата, Камбарата ж. б. Тоо арасындагы өрөөндөргө,суу тектирлерине ж-а түзөң жерлерге негизинен майда таштар м-н кумдан туруучу аллювий-пролювий тектери, өрөөндүн жогорку бөлүктөрүнө мөңгүнүн аракетинен пайда болгон морена ж-а таш сынык- тары мүнөздүү. Топурагы м-н өсүмдүгүнө бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Топурактын бир нече түрлөрү кездешет (боз, жука скелеттүү гипстелген боз, шордуу боз, тоолуу ачык күрөң, күңүрт күрөң, тоолуу кара топурак ж. б.). Өсүмдүктөрү эбелек, чекенди, төө куйрук, ит мурун, карагаттын түрлөрү, четин, чие, долоно, кайың, кожогат, көк карагай, карагай, арча, жаңгак, буудайык, каз таңдай, кымыздык, мамыры ж. б. Жаныбарлар дүйнөсү да ар түрдүү. Токтогул суу сактагычында, көлдөрдө, сууларында маринка, форель, чабак, сазан ж. б. балыктар бар. Райондун табияты жөнүндө, о. эле к. Кетментөбө өрөөнү макаласын. Райондо кыргыз, орус, өзбек, дуңган ж. б. улуттардын өкүлдөрү жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2ге 8 киши туура келет. Дыйканчылыгы өнүккөн. 2001-ж. айыл чарбага ылайык жери 443,8 миң ганы түзгөн; а. и. 18 миң га айдоо, 10,6 миң га чөп чабынды, 360 миң га жайыт, 206 га бак-дарактар болгон. Тоют өсүмдүктөрү, тамеки, жүгөрү өстүрүлөт. Райондо 2001- ж. 610 дыйкан чарбасы ж-а 3 чакан сүт- товар фермалары бар. Район б-ча 82115 кой-эчки, 14765 бодо мал, 9470 жылкы катталган (2001). Өнөр жай ишканаларынан Токтогул май заводу акционердик коому, «Айпери», «Терме» чакан ишканалары, «Ташрабат» кыш чыгаруучу жооп- керчилиги чектелген коому ж. б. иштейт. Райондо Токтогул суу сактагычы бар, Күрпсай, Токтогул ГЭСтери иштейт. Райондун аймагы аркылуу Бишкек—Ош, Токтогул—Толук— Саркамыш автомобиль жолдору өтөт. 2000/01-окуу жылында райондогу 42 мектепте (36 орто мектеп, а. и. 1 лицей, 2 гимназия ж-а 1 гимназия класстары бар мектеп, 4 негизги, 2 башталгыч) 19404 окуучу окуп, 1288 мугалим иштеген. Алты мугалим Кыргыз Респ-нын эмгек сиңирген мугалими, бирөө Кыргыз Респ-нын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, 218и Кыргыз Респ-нын агартуу отличниги. Рай- ондун айрым мектептеринде (Бөкөнбаев атн. мектебинде Ж. Бөкөнбаевдин, тарых-биология, Бримкулов атн. гимназияда Н. Бримкуловдун, Турдумамбетов атн. мектепте Д. Турдумамбетовдун, Чодошев атн.мектепте тарых, Манас орто мектебинде Манастын ж. б.) музейлер уюшулган. Ошондой эле Жалалабат мамл. ун-тинин, Ош тех. ун-тинин филиалдары, 5 бала бакча (420 бала тарбияланат, 26 тарбиячы эмгектенет), балдар муз. мектеби (1968-ж. ачылган; 65 окуучу окуйт, 7 мугалим иштейт), спорт мектеби (спорттун 6 түрү б-ча 15 машыктыргыч иштейт, 848 окуучу катышат), балдар чыгармачылык үйү (350 окуучу катышат, 6 педагог иштейт), райондук маданият үйү, 4 клуб, стадиону бар. Токтогул элдик театры иштейт. Райондун калкын 33 мед. мекеме (6 оорукана, 7 айылдык врачтык амбулатория, 17 фельдшер- акушердик пункт ж. б.) тейлейт. Аларда 92 врач, 370 мед. орто билимдүү адистер иштейт. Райондук «Шамшыкал» гезити чыгат.

ТОКТОГУЛ, М у з т ө р — Токтогул р-нун- дагы шаарча, райондун борбору. Жалалабат ш-нан 327 км, Ташкөмүр т. ж. бекетинен 190 км түн.-чыгыш тарапта. Аян- ты 676 га. Кетментөбө өрөөнүндө деңиз деңг. 988 м бийиктикте, Бишкек — Ош жолунун боюнда жайгашкан. 1901-ж. негизделген. Мурда Музтөр айылы деп аталган. 1926-ж. Кетментөбө р-нун борбору болгон. 13,2 миң киши жашаган. Айылдык кеңеш уюшулган. 1970-ж. Токтогул ГЭСинин курулушуна байланыштуу, Т. шаарчасы райондун борбору катары негизделет. Т өрт мектеп, гимназия, кесиптик лицей, окуу лицейи, муз. мектеп, спорт мектеби, балдарга билим берүүчү борбордук мектеп, 3 бала бакча, маданият үйү, май заводу, сүт заводу, борборлоштурулган оорукана, тиш дарылоочу бейтапкана, ашканалар ж. б. бар. Т . Сатылганов, Ж. Бөкөнбаевге ж-а Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Шаарча- нын калкын турмуш тиричилик жактан тейлөө комбинаты, китепкана, телефон байланышы, почта, тегирмен, күнкарамадан май алуучу цехтер, базар, мал базарлары тейлейт. 1980-ж. шаарчанын архитектуралык курулушу үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйлыгы ыйгарылган. Калкы 16154 (2001); а. и. кыргыздар —15090, орустар —240, өзбектер —271, уйгурлар —264, татарлар —136, казактар —54, ж. б. улуттар —945 (2001). Жалалабат облусу б-ча өткөрүлгөн «мыкты айылдык элдүү пункт» аттуу кароо-сынагында шаарча 1-даражадагы диплом м-н сыйланган (2000).

АЛАБУКА РАЙОНУ[булагын түзөтүү]

АЛАБУКА РАЙОНУ — Жалалабат облусунун батыш бөлүгүн ээлеген админ. район. 1936-ж. Кызылжар районунан бөлүнүп, өзүнчө район болуп уюшулган. 1956-ж. ага Чаткал р-ну кошулган. 1963-ж. Жаңыжол (Аксы) району менен биригип, 1969-ж. кайра бөлүнгөн. 1980-ж. Чаткал району андан бөлүнүп кеткен. Түндүгүнөн Чаткал, чыгышынан Аксы райондору, түштүгүнөн жана батышынан Өзбекстан менен чектешет. Аянты 3 миң км2. Калкы 74,4 миң (2002). Райондо 41 кыштак, 8 айыл өкмөтү (Алабука, Аккоргон, Актам, Биринчимай, Көксерек, Көкташ, Өрүктү, Ызар айыл өкмөттөрү) бар. Борбору — Алабука кыштагы. Райондун аймагы көбүнчө Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармактарын ж-а Фергана тоо тизмегинин этегиндеги адырларды ээлейт. Рельефи негизинен тоолуу. Чаткал кырка тоосунун капталдарынан түстүү жана сейрек кездешүүчү металл кендери ачылган. Сумсар жана Кабасай кендеринин мааниси зор. Курулуш материалдарына да бай. Климаты континенттик, кургакчыл. Адырларда январдын орт. температурасы —10° С, июлдуку 30° С, тоолордо январдыкы —20° С, июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны тоо этектеринде 300—400 мм, тоолордо 600 ммге чейин. Райондун аймагынан Алабука, Чаначсай,Терексай, Сумсар, Кабасай суулары агып өтөт. Бул суулар райондун жана Өзбекстандын жерлерин сугарууда пайдаланылат. Касансай суусунда суу сактагыч курулган. Райондун деңиз деңг. 1500 м бийиктикте ачык, кара боз, 2600 м бийиктикте кара кочкул, айрым жерлеринде кара топурак тараган. 1300—2500 м бийиктикте (Чаткал кырка тоосунун капталдарында) тоо-токой топурагы басымдуу. Андан жогору тоо шалбаа топурагы мүнөздүү. Тоо этектериндеги түздүктө ж-а адырларда чекенди, улам жогорулаган сайын шыралжын, эрменшыбак, бетеге ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Тоо капталдарында алча, алма ж. б. аралаш жаңгак, деңиз деңг. 3000 м бийиктикте арча токою, андан жогору субальп шалбаасы-жайыт ээлейт. Калкы көп улуттуу (25 улуттун өкүлү жашайт), көбү кыргыздар (62%), о. эле өзбектер, тажиктер ж. б. Орт. жыштыгы — 1 км2ге 18 киши. Калктын негизги бөлүгү тоо этектериндеги түздүктөрдө жана суу бойлорунда отурукташкан. Чарбасынын негизин дыйканчылык ж-а мал чарбасы түзөт. Айыл чарбага жарактуу жери 141,8 миң га, а. и. 21,3 миң га айдоо жер (анын 15,1 миң гасы сугат, 6,2 миң гасы кайрак жер), 24 миң га чабынды, 120,7 миң га жайыт, 563 га бак-дарак; 16 га саздак жери бар. Айдоо аянтында а. ч. өсүмдүктөрүнүн 20дан ашык түрү өстүрүлөт. 2001-жылдын 1-январына карата райондо 2648 жеке, 439 дыйкан, 42 фермердик чарба, 22 а. ч. кооперативи уюшулган. Аларды Зеңгиата, Падек, Ак- коргон үрөнчүлүк чарбалары үрөн м-н камсыздайт. 2000-ж. 10833 га жерге дан эгилип, ар гадан 37,6 ц, дүң жыйымы 33229 т; 2205 га жердеги жүгөрүнүн ар гасынан 60,1 ц, дүң жыйымы 13261 т; 1193 га жердеги тамекинин ар гасынан 24 ц, дүң жыйымы 2858 т, 2781 га жердеги май алынуучу өсүмдүктөрдүн ар гасынан 9,6 ц, дүң жыйымы 2668 т; 828 га жердеги картошканын ар гасынан 124 ц, дүң жыйымы 10273 т; 929 га жердеги жашылча- нын ар гасынан 124,4 ц, дүң жыйымы 11557 т; 868 га мөмө-жемиш багынын ар гасынан 33,1 ц, дүң жыйымы 2871 т түшүм алынган. Райондо 2000-ж. 18 миң кара- мал (а. и. 9,1 миң уй), 103,3 миң кой-эчки, 5330 жылкы (а. и. 1430 бээ), 61,1 миң үй кушу болгон. Район б-ча 5436 т эт (тирүүлөй салмак), 20 миң т сүт, 275 т жүн, 3756 миң даана жумуртка даярдалып, малдын ар 100 тубарынан 85 музоо, 100 козу-улак, 69 кулун алынган (2000). Өнөр жай ишканаларынан «Техник» акционердик коому, «Достук-Калача» фир- масы, кыш заводу, тамеки ферменттөөчү завод ж. б. иштейт. 2000-ж. «Техник» акционердик коому 9,1 т макарон, «Достук- Калача» фирмасы 57,4 миң л вино, кыш заводу 200 миң даана кыш даярдаган, тамеки ферменттөөчү завод 572 т тамеки ферменттеген. Райондун аймагында алгачкы мектептер 1927-ж. Достук, Кызылата айылдарында ачылган. 2000/01-окуу жылында райондогу 36 мектепте (а. и. 27 орто, 6 негизги, 3 башталгыч) 19637 окуучу окуп, 1308 мугалим иштеген. 12 мектеп толук компьютерлешкен. Айрым мектептерде гимназиялык класстар, музейлер уюшулган. Райондун борборундагы 3 бала бак- чада 520 бала тарбияланган, 29 тарбиячы, мугалим иштеген. Мындан тышкары райондун аймагында 10 бала бакча (892 бала тарбияланган, 50 тарбиячы, мугалим иштеген), балдардын «Жоогазын» эс алуу ла- гери (Чаначсай айылында, 500 орундуу), «Аккоргон» лицейи (1970-ж. уюшулган), спорт мектеби (1973-ж. уюшулган, 832 окуучу машыккан, 14 машыктыргыч-мугалим иштеген), 3 муз. мектеп (400 окуучуга 28 мугалим сабак берген), 1997-ж. ачылган балдардын билим берүү борбору (250 окуучу ийримдерге катышкан, 12 мугалим иштеген), балдардын чыгармачылык үйү бар. Райондук «Айыл акыйкаты» гезити чыгат. Райондо 128 орундуу борборлоштурулган оорукана, 4 участкалык оорукана, 17 фельдшер-акушердик пункт, район аралык учук оорулар диспансери, санитардык-эпидемиологиялык станция, 7 бейтапкана, 19 дарыкана иштейт. Райондун аймагында «Шахфазил» тарыхый-мемориалдык ансамбли бар.

БАЗАРКОРГОН РАЙОНУ[булагын түзөтүү]

БАЗАРКОРГОН РАЙОНУ – Жалалабат облусундагы админ.-бирдик. 1934-ж. чейин анын курамында Масы р-ну да болгон. 1937—78-ж-дын аралыгында Масы ж-а Базаркоргон р-ндору эки жолу биригип, кийин Ленин р-ну аталган. 1978-жылдан Базаркоргон өзүнчө район. Батышынан Ноокен, түндүгүнөн Токтогул, түн.-чыгышынан Тогузторо, чыгышынан ж-а түштүгүнөн Cузак райондору, түш.-батышынан Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 2,0 миң км2. Калкы 121,4 миң (2001). Борбору — Базаркоргон кыштагы. Ал облустун борбору ж-а темир жол бекети Жалалабат ш-нан ж-а аэропортунан 33 км аралыкта. Райондун аймагы негизинен Карүңкүр өрөөнү ж-а аны курчап турган Бабашата кырка тоосунун түш.-чыгыш, Кеңкол, Фергана тоолорунун түш. капталдарын, о. эле Фергана өрөөнүнүн түн.-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Өрөөндүн жогорку бөлүгү кууш, капчыгайлуу, Чарбак кыш. тушта эки айрыкка — Кызылүңкүр өрөөнүнө ж-а Арстанбап өрөөнүнө бөлүнөт. Бул аймактар жапайы жаңгак-жемиш токою м-н капталып, табияты кооз. Өрөөндүн ооз тарабы (түш.- батыш бөлүгү) жайык (жазылыгы 70 кмге чейин), акырындап Фергана өндүрүнө өтөт. Өрөөндүн таманынын деңиз деңг. бийиктиги 600—1400 м. Райондун табигый байлыгынын негизин Арстанбап, Кызылүңкүр, Каба, Ачы жапайы жаңгак-же- миш токой массивдери, курулуш материалдары, минералдуу суулары түзөт. Климаты мелүүн континенттик, жер ортолук деңиз тибиндеги климатка окшош. Кышы мелүүн суук, январдын орт. темп-расы —3... —10°C; жайы кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, июлдун орт. температурасы 10—20°C. Жылдык жаан-чачынынын өлчөмү түзөң бөлүгүндө 300— 400 мм, тоолуу бөлүгүндө 1100 ммге чейин. Өрөөн аркылуу Карүңкүр суусу агат; ал Фергана (Миңтеке, Музтөр) ж-а Бабаш- ата тоолорунан башталып, Кызылүңкүр, Жазкечүү ж-а Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт. Көлдөрүнөн Кеңкол, Кутманкөл, Каракол сыяктуу ж. б. чакан көлдөрү бар. Жери негизинен боз, кара күрөң ж-а күрөң-тоо топурактуу. Райондун аймагына ландшафтын бийиктик ал- кактуулугу мүнөздүү. Деңиз деңг. 600— 900 м бийиктикте ландшафт ж-а чөл өсүмдүктөрү, андан жогору (800—1200 м) жарым чөл, 1000—2000 мде талаа ж-а бадал, 1100—2500 мде жаңгак-жемиш токою, шалбаа ж-а бадал, 2600—3200 мде шалбаалуу альп, 3200—3500 мде шалбаалуу альп, 3500 мден жогору гляциалдык-нивал- дык ландшафт алкактары таралган. Б. р-нун аймагында Түш. Кырг-ндагы жапайы жаңгак-жемиш токоюнун эң жыш массивдери (Арстанбап, Кызылүңкүр) жайгашкан. Ал массивдер-дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаңгак-жемиш токою түзөт. Жаңгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари, алма ж. б. мөмө- жемиштер, о. эле шилби, итмурун, асамуса, карамарт, ыргай, четин өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды бийик өскөн шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Cуу боюнда терек, тал, чычырканак ж. б. өсөт. Жаңгак токоюнун жогорку чегинде карагай, акчечек, кайың, шилби, табылгы кездешет. Токойду калыбына келтирүү ж-а көбөйтүү максатында жаңы көчөттөр отургузулуп турулат. Район рекреациялык ресурстарга бай; анын табиятынын өзгөчөлүгү, климатынын жагымдуулугу туристтерди, эс алуучуларды өзүнө тартат. Айтылуу Арстанбап, Кызылүңкүр өрөөндөрүндөгү эс алуу жайларына, табият эстеликтерине (жапайы жаңгак жемиш токойлуу ландшафтына, шаркыратмаларына ж. б.) жылына миңдеген туристтер келип эс алып кетишет. Райондун калкы көп улуттуу; көбү кыргыздар, андан сырткары орус, өзбек, уйгур, тажик, украин, корей, башкырт, татар ж. б. 24 улут өкүлү жашайт (1999-ж. эл каттоо б-ча). Калкынын орт. жыштыгы респ-нын жалпы жыштыгынан жогору, 1 км2 жерге 40тай адам туура келет. Калкы эң көп айыл — Базаркоргон, анда 28 миңден ашык калк жашайт. Райондо 9 айыл өкмөтү, 55 кыштак, 4 токой чарбасы, 2 токойчулук чарбасы бар.Райондун экон-нын негизин а. ч. түзөт. А. ч-нын негизги багыты пахтачылык, дан чарбасы ж-а тамекичилик. Район б-ча 2000-ж. 6130 чарбалык субъект иштеп, анын 5701 үй бүлөлүк, 85 фермердик, 318 дыйкан чарба, 4 үрөнчүлүк чарбасы болгон. А. ч-га жарактуу жери 104,6 миң га, анын 6,9 миң гасы кайрак, 13,3 миң гасы сугат жер, 5543 гасы чабынды, 78,3 миң гасы жайыт, 791 гасы көп жылдык бак-дарактар. Айдоо жерлеринен 2001-ж. 21,4 миң т буудай, 14,8 миң т пахта, 2,0 миң т тамеки, 9,3 миң т картошка, 3,6 миң т мөмө-жемиш, 16,3 миң т жашылча, мал чарбасы үчүн 12,4 миң т тоют жыйналган. 2000-ж. буудай 7042 га, жүгөрү 1178 га, күрүч 524 га, башка дан өсүмдүктөрү 354 га, пахта 5350 га, тамеки 838 га, май алынучу өсүмдүктөр 4451 га, картошка 787 га, жашылча 960 га, бакча 206 га жерге өстүрүлгөн. Райондо 2001-ж. 55,6 миң кой, эчки, 4,6 миң бодо мал, 6,9 миң баш жылкы, 7,0 миң үй кушу асыралган, 5,5 миң т эт, 26,6 миң л сүт, 151 т жүн өндүрүлгөн. 1990—95-ж. райондогу колхоз, совхоздор жоюлуп, алардын менчиктери жеке менчиктерге өткөрүлүп берилген. Райондун а. ч-нда 24056 адам иштейт (2001). Райондун экон-нда ө. ж-дын үлүшү да кыйла маанилүү. 2000-ж. райондун жалпы ө. ж-нда 193671 миң сомдук продукция өндүрүлгөн. Райондо ө. ж. ишканаларынан пахтаны кайра иштеп чыгуучу «Акти- лек-А», «Алтынкемер» жоопкерчилиги чектелген ишканалары, «Кыргыз — Түрк Этем Озсой» заводу, жаңгак жыгачынан үй буюмдарына керектүү материалдарды иштеп чыгаруучу Кыргыз-Түрк Вуд Индастри ишканасы иштейт. Ал эми Кыргыз-Америкалык «Дюбек холдинг» тамеки ферменттөөчү, Кыргыз-Корей жибек өндүрүүчү биргелешкен ишканалары өз продукцияларын чет өлкөлөргө сунуш кылууда. Ошондой эле райондо «Байлык», «Кенч», «Айыл курулуш», «Карүңкүр» акционердик коомдору, сүт, нан заводдору, 138 тегирмен, 58 май тегирмен, 31 ак жуаз чакан ишканалары иштейт. Базаркоргон кыш-нда жеке менчик 8 базар бар. Райондун токой чарбаларында (Арстанбапата, Ачы, Каба, Кызылүңкүр) жапайы жаңгак жемиш токоюнун жаңгак, алма, алча, мисте ж. б. мөмөлөрү чогултулуп, ишканаларда кайра иштетилип чыгарылат. Токой чарбаларында аарычылык да өнүккөн; андан алынган бал чет өлкөлөрдө жогору бааланып, келишим б-ча Германия, Япония ж. б. ири өлкөлөр көп жылдар бою алып турат. Райондогу транспорт каттамынын негизги түрү — автомобиль жолу. Андагы жолдордун жалпы уз. 194 км, анын асфальтталганы 147 км. Райондун борбору — Базаркоргон кыш. жолдор тоому болуп саналат. Ал аркылуу Бишкек — Жалалабат — Ош автомобиль жолу өтөт. Андан сырткары Базаркоргон — Арстанбап, Базар- коргон — Кызылүңкүр, Базаркоргон — Жалалабат ж. б. автомобиль жолдору бар. Б и л и м б е р ү ү, м а д а н и я т, с а л а м а т т ы к с а к т о о. 1920-ж. Жалалабат кантонуна караштуу Базаркоргон чөлкөмүндө сабатсыздыкты жоюу б-ча комиссия ишке киришип, жер-жерлерге мектеп ачыла баштаган. Аймактагы кыргыз айылдарындагы 1-мектеп 1925-ж. Жон айылында Карымшак уулу Чыйбыл тарабынан анын өз үйүндө ачылган; ал 1-баскычтагы башталгыч мектеп болгон. 1926— 27-окуу жылында Базаркоргондо алгачкы жатак мектеп (интернат) ачылып, ал «Коммунисттик жаштар мектеби» деп аталган. Райондо 2001/02-окуу жылында 2 кесиптик лицей (Базаркоргон, Кажырабат кыш-нда; аларда 465 окуучу окуп, 21 мугалим, 16 мастер иштеген), 44 орто, 7 негизги, 5 башталгыч мектеп (жалпы билим берүүчү мектептерде 32987 окуучу окуп, 2253 мугалим иштейт), 13 мектепке чейинки мекеме (анда 900 бала тарбияланат) болгон. Андан сырткары райондук спорт (357 окуучу), муз. мектептер (115 окуучу), гимназия жатак мектеби, 4 гимназия багытында иштеп жаткан мектеп (жалпы гимназиялык мектептерде 4758 окуучу окуйт), балдар ж-а өспүрүмдөрдүн «Жаш талант» чыгармачыл борбору (210 окуучу) иштейт. Арстанбап, Кызылүңкүр аймактарында окуучулар жайында эс алуучу жайлар бар. Райондо 2000-ж. борборлоштурулган китепкана (китеп фондусу 25,2 миң нуска), 27 айылдык китепкана, 8 маданий-социалдык комплекс, 13 маданият үйү, аваздык аспаптык ансамбль («Асман»), 26 ийрим, маданий эс алуу паркы (саябак), кинотеатр, борборлоштурулган оорукана, 6 айылдык оорукана, бейтапкана, учук оорулар диспансери, 16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 17 фельдшер-акушердик пункт, 5 айылдык төрөт үйү, санитардык эпидемиологиялык станция, кан куюу бөлүмү, балдар санаторийи болгон. Райондук саламаттыкты сактоо мекемелеринде 932 адис иштейт. Райондук калкты турмуш- тиричилик жактан тейлөөчү «Айпери», «Базаркоргон мээнет» ишканалары, 24 чачтарач, 16 бут кийимдер ж-а кийим тигүү мастерскою иштейт. Райондо да арбын, алар Арстанбапата, Актайлаката, Көлкупаната тарыхый эстеликтери ж.б. мазарлары. Райондук «Арстанбап таңы» гезити чыгат.


СУЗАК РАЙОНУ[булагын түзөтүү]

СУЗАК РАЙОНУ — Жалалабат облусуна караштуу адм.-айм. бирдик. Район 1919-ж. Жалалабат р-ну болуп түзүлүп, 1940-ж. Сузак р-ну деп өзгөргөн. Мурда С. р-нун аймагында 3 район болгон: 1935-ж. Көгарт району уюшулуп, ал 1937-ж. Октябрь р-ну болуп өзгөргөн; 1944-ж. Ачы р-ну уюшулуп, 1954-ж. чейин өзүнчө район болгон. 1959-ж. бул райондор биригип, Сузак р-ну аталган. С. р. батышынан ж-а түн.-батышынан Базаркоргон, түш.-чыгышынан Өзгөн, түн.-чыгышынан Тогузторо, түштүгүнөн ж-а түш.-батышынан Өзбек Респ. м-н чектешет. Аянты 2,8 миң км2. Калкы 205050 (2001). Райондо 13 айыл өкмөтү (Атабеков С., Багыш, Барпы, Каралма, Карадарыя, Көгарт, Курманбек, Кызкөл, Кызылтуу, Ленин, Сузак, Ташбулак, Ырыс), 128 айыл (кыштак), Көкжаңгак 1 шаар бар. Райондун борбору — Сузак кыштагы. Райондун табияты жөнүндө к. Көгарт өрөөнү, Каралма өрөөнү макалаларын. Райондун жери облустагы калк жыш жайгашкан аймактардын катарына кирет. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 50дөн ашык киши туура келет. Негизинен кыргыздар (126 миң), о. эле өзбек (68 миң), орус (140), украин, татар, тажик, уйгур, казак, дуңган ж. б. улутун өкүлдөрү жашайт (1999). Калкынын көбү Көгарт өрөөнүндө.Райондун чарбасынын негизин дыйканчылык (а. и. дан, пахта, тамеки, жашылча, жүзүм ж. б. өстүрүү) ж-а мал чарбасы (кой, эчки, уй, жылкы, чочко ж. б. асыроо) түзөт. Райондо 410 дыйкан чарбасы, 8200дөй жеке менчик чарбасы, 45 фермердик сүт товар чарбасы иштейт (2001). А. ч-на жарактуу 206,4 миң га жердин 46,1 миң гасы айдоо (а. и. сугат жери 28,0 миң га, кайрак жери 18,1 миң га), 12,7 миң гасы чабынды, 143,5 миң гасы жайыт. 8,4 миң гасы бак-дарак, 106 га саздак жер, 5315 гасы тамарка (огород). Айдоо жерлерине дан эгиндери (24,2 миң га), а. и. буудай (20,3 миң га; 2001-жылкы дүң жыйы- мы 57,3 миң т), арпа (220 га; 450 т), жүгөрү (2071 га; 11,8 миң т), шалы (1645 га; 4311 т); пахта (5895 га; 15,3 миң т), тамеки (694 га; 1700 т); картошка (1340 га; 12,9 миң т), жашылча (2565 га; 43,7 миң т), коон- дарбыз (110 га; 2200 т), май өсүмдүктөрү (7818 га; 8055 т); мөмө жемиш (685 га; 4580 т) өстүрүлөт (2001). Райондо 2001-ж. 41,2 миң кара мал (а. и. 24,4 миңи уй), 152,9 миң кой (а. и. 97,5 миңи соолук кой), 11,7 миң жылкы (а. и. 4,5 миң бээ), 131,5 миң тоок асыралып, 10 миң т эт, 45,5 миң т сүт, 443 т жүн, 57 миң даана жумуртка даярдалган. Райондо жүзүмчүлүк да өнүккөн, 1293 га жерге жүзүм өстүрүлөт (2001-ж. дүң жыйымы 5900 т болгон). Сугатта Кемпирабат суу сактагычынын ж-а райондун аймагы аркылуу өткөн Карадарыя каналынын мааниси зор. Өнөр жай ишканаларынан райондун аймагында жайгашкан Көкжаңгак ш-ндагы «Көк- жаңгак» шахтысы, «Гүлазык» (нан чыгарат), «Жетиген» (электр жылыткычтарды, балдардын велосипедин ж. б. чыгарат) акционердик коомдору, «Кенже» жеке менчик ишканасы, Сузак кыштагындагы пахта заводу ж. б. иштейт. С. р-нун аймагынан Бишкек—Ош, Жалалабат—Казарман автомобиль жолдору, Көкжаңгак—Жалалабат—Карасуу, Канабат—Ташкен темир жолдору өтөт. Райондо 95 мамл. мектеп, 2 жеке менчик лицей иштейт (2001). Алардын 70и орто, 23ү негизги, 2өө башталгыч мектеп. Мамл. жалпы билим берүүчү мектептерде 49,5 миң окуучу окуп, 3096 мугалим, жеке менчик лицейлерде 416 окуучу окуп, 45 мугалим иштейт. Райондогу алгачкы ачылган мектептер: Сузак кыштагында —1924-ж., Октябрь айылында мектеп 1927-ж., Жалгызжаңгакта, Т аштак кыштагында 1938-ж., Орто Азия кыштагындагы мектеп 1937-ж. ачылган. Райондо о. эле 3 гимназия (Т аштак, Көгарт, Бабур; 2997 окуучу окуп, 211 мугалим иштейт), жатак-лицей, балдар үйү (240 окуучу, 31 мугалим), 3 спорт мектеби (Карадарыя, Октябрь, Балговещенка айылдарында; 1169 окуучу, 24 мугалим), 2 балдардын чыгармачылык үйү (866 окуучу, 18 мугалим, 22 кружок) бар. Каралмада, Жылантемирде балдар эс алуучу лагерлер жайгашкан. Эки кесиптик лицей, 2 муз. мектеп, 2 билим берүү борбору иштейт. Калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү 80 пункт, 17 чакан ишкана, «Учкун» фирмасы бар; 24 байланыш бөлүмү иштейт. Райондо 2001-ж. 12 оорукана (833 орундуу), төрөт үйү, айылдык врачтык амбулатория, 45 фельдшер-акушердик пункт, санитариялык-эпидемиологиялык станция, балдар санаторийи, карылар үйү, кан куюучу бөлүм болгон. Сузак кыш-нда борборлоштурулган мечит бар. Маданий-агартуу мекемелерден 18 маданият үйү, 32 китепкана, 4 мемориалдык музей (анын 3өө үй музей: Б. Алыкулов, Т. Тайгараев, А. Юнусовдун; о. эле Т. Байзаковдун мектептеги музейи), Сузак кыш-нда эс алуу паркы бар. Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулуп, колхоздоштуруу мезгилинде курман болгондорго аллея салынган. Райондук «Көгарт» нуру гезити чыгат.

АКСЫ РАЙОНУ[булагын түзөтүү]

АКCЫ РАЙОНУ — Жалалабат облусунун түн.-батышында жайгашкан адм. район. 1928-ж. негизделип, Кызылжар р-ну деп аталган. Курамына Чаткал, Алабука, Кербен, Ташкөмүр аймактары кирип, Жалалабат кантонуна баш ийген. Райондун борбору Кербен кыштагы болгон. 1936-ж. Алабука, Чаткал, Караван, Ташкөмүр өз алдынча район болуп түзүлүп, Кызылжар р-ну жоюлуп кеткен. 1943-ж. Ташкөмүргө шаар статусу берилгенине байланыштуу Ташкөмүр р-ну Жаңыжол р-ну деп аталып, райондун борбору Ташкөмүрдөн Малкалды (азыркы Жаңыжол) айылына көчүрүлгөн. 1958-ж. районго Караван,түгүнөн ж-а түш.-батышынан Өзбекстан, батышынан Алабука, түн.-батышынан Чаткал, түн.-чыгышынан Токтогул, чыгышынан Ноокен р-ндору м-н чектешет. Аянты 3,5 миң км2. Калкы 103,8 миң (2002). Райондо 67 кыштакты бириктирген 12 айыл өкмөтү (Авлетим, Акжол, Аксуу, Жаңыжол, Жергетал, Каражыгач, Кара- суу, Кашкасуу, Кербен, Кызылтуу, Кош- дөбө, Үчкоргон) бар. Борбору — Кербен айылы. Райондун аймагы Карасуунун алабын (Нарын дарыясынын оң куймасы) бүт ээлейт. Жери тоолуу. Түн., түн.-батыш тарабында Чаткал, түштүгүндө Бозбутоо,1963-ж. Чаткал, Алабука р-ндору кошулуп, борбору Караван айылы болуп калат. 1969-ж. Алабука, Чаткал р-ндору кайрадан бөлүнүп чыккан. 1991-жылдан Жаңыжол р-ну Аксы р-ну деп аталат. Түш-чыгышында Атойнок кырка тоолору жайгашкан. Алардын ортосунда батыштан чыгышка Кербен түздүгү созулуп жатат. Кен байлыктары: таш көмүр, курулуш материалдары. Климаты континенттик. Жайы ысык, кышы анча суук эмес. Январдын орт. температурасы тоо этегиндеги ж-а тоо арасындагы дыйканчылык зоналарында —2... —3°C, июлдуку 24—25°C; тоолорунда январдыкы —4...—5°C, июлдуку 18—22°C. Жылдык жаан-чачыны райондун түш. бөлүгүндө 290 мм, түн. ж-а түн.-чыгыш бөлүгүндө 600— 650 ммге чейин. Райондун аймагынан Пачата, Карасуу ж-а анын куймалары — Авлетим, Итагар, Аркыт ж.б. суулары агат. Алты көл бар; эң ириси — Cарычелек, анын тегерегинде Ийрикөл, Алакөл, Бакакөл, Кылакөл сыяктуу көлдөрү бар. Өрөөндөрдө боз топурак басымдуу, мында шыбак, эрмен, адырашман, жылгын, камгак, ажырык чөптөр, о. эле мисте, бадам сыяктуу жемиш бактары өсөт. Тоолору (Чаткал) күрөң ж-а кара топурактуу келип, чекилдек, алма, алча, жаңгак, карагай ж. б. өсөт. Cарычелек коругу уюшулган. Негизинен кыргыз (1999-жылдагы эл каттоо б-ча 91,6%), о. эле өзбек, орус, татар, украин, тажик, уйгур ж. б. улуттар да жашайт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 15 адам туура келет.Райондук чарбанын негизги тармагы айыл чарбасы. Негизинен дыйканчылыгы өнүккөн. Айдоо аянты 17690 га, анын 6439 гасы сугат, 11251 гасы кайрак жер. Жер ж-а агрардык реформанын негизинде райондо 5 колхоз, 4 совхоздун ордуна 230 дыйкан, 30 фермердик, 937 жеке, 3 мамл. үрөн чарбалары түзүлгөн. 2000-жылга карата 19412 т дан эгиндери, 1980 т тамеки, 13354 т картошка, 5600 т пахта, 7931 т жашылча, 3365 т бахча, 2271 т май өсүмдүктөрү, 12232 т мөмө-жемиш жыйналган. 2001-ж. 19773 кара мал, 73911 кой-эчки, 10102 жылкы, 42137 үй куштары болгон; 6118 т эт, 24750 т сүт, 176 т жүн, 2,6 млн жумуртка даярдалган. Өнөр жай ишканаларынан «Ыманата» акционердик коому (1993-ж. «Кербен» сүт-май заводунун базасында уюшулган), «Гүлазык» жоопкерчилиги чектелген коому (1993-ж. «Кербен» вино цехинин базасында уюшулган), «Мадина» чакан ишканасы (1992-жылдан иштейт; пахта тазалайт, ун чыгарат, жыгач иштетет), «Глейзер-Дунай — Нарын» биргелешкен ишканасы (1997-ж. уюшулган; пахта тазалайт; кубаттуулугу 10 миң т) иштейт. Райондо алгачкы мектептер 1919-ж.Cыны, 1923-ж. Аксуу (жетим балдар үчүн жатак-мектеп), 1928-ж. Кербен айылдарында ачылган. 2001/02-окуу жылында 44 орто, 5 негизги, 8 башталгыч мектепте 26053 окуучу окуп, 2154 мугалим эмгектенген. Мындан тышкары райондун аймагында жатак-лицей, 11 бала бакча, спорт мектеби, муз. мектеп, 2 кесиптик-техникалык окуу жайы, 2 балдардын эс алуу жайы, 16 маданият үйү, кинотеатр, музей, эс алуу багы, 20 мечит бар. Райондун калкын борбордук, 6 айылдык оорукана, 3 айылдык врачтык амбулатория, 29 фельдшер-акушердик пункт, 14 дарыкана, CЭC тейлейт. Аларда 127 врач, 565 мед. орто билимдүү адис иштейт (2001). Райондук «Аксы турмушу» гезити кыргыз тилинде чыгат.

ТОГУЗТОРО РАЙОНУ[булагын түзөтүү]

ТОГУЗТОРО РАЙОНУ — Жалалабат облусунун түн.-чыгышындагы адм. район. 1935-ж. уюшулган. Түндүгүнөн Нарын облусунун Жумгал, чыгышынын Акталаа р-ндору, түн.-батышынан Токтогул, батышынан Базаркоргон, Сузак р-ндору, түштүгүнөн Ош облусунун Өзгөн р-ну м-н чектешет. Аянты 3962 км2. Калкы 22,3 миң (2001). Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 4,1 киши туура келет. Райондо 4 айыл өкмөтү (Атай, Карасуу, Каргалык, Тогузторо), 13 кыштагы бар, борбору — Казарман айылы. Райондун табияты жөнүндө к. Тогузторо ойдуңу макаласын.Чарбасынын негизги тармагы айыл чарбасы, а. и. мал чарбасы өнүккөн. Райондо уяң ж-а чала уяң жүндүү кой өстүрүлөт. 1985-ж. чейин топоз да багылган. Район б-ча 2000-ж. 5684 баш кара мал, 25773 кой-эчки, 4232 жылкы, 13301 үй кушу асыралып, 1840 т эт, 6300 т сүт, 52 т жүн, 637 миң даана жумуртка өндүрүлгөн. А. ч. жарактуу жери 236,9 миң га, а. и. 9355 га айдоо, 3530 га чабынды, 224,1 миң га жайыт жерлерди түзөт. Район б-ча кылкандуу дан эгин (3171 га), май өсүмдүктөрү (200 га), жашылча (117 га)айдалып, 4288 т буудай, 228 т арпа, 25 т жүгөрү, 1480 т өсүмдүк майы, 2008 т кар- тошка, 1784 т жашылча жыйналып алынган (2001). Өнөр жай ишканаларынан Макмал алтын комбинаты, Туз өндүрүүчү Тунук» фирмасы, «Макмал» механикалаштырылган көчмө колоннасы, токой чарбасы иштейт. Маанилүү автомобиль жолдору: Казарман — Бишкек, Казарман — Жалалабат. Райондун аймагында алгачкы мектептер 1930—34-ж. Арал, Кайыңды айылдарында ачылган. 2000/01-окуу жылында 12 орто, 1 негизги мектеп, 3 бала бакча (245 бала тарбияланат), 1 кесиптик-тех. окуу жайы иштеген. 2779 окуучу окуп, 480 мугалим (а. и. 1 мугалим Кыргыз Респ-нын эмгек сиңирген мугалими, 45и эл агартуу отличниги) эмгектенет. Макмал орто мектебинин базасында лицей класстары, айрым мектептерде математика, англис тили б-ча тереңдетип окута турган атайын класстар, компьютер м-н жабдылган класстар ачылган. Борборлоштурулган китепкана, анын 13 филиалы, 5 клуб, маданият үйү, Тогузторо тарыхый-этнографиялык музейи иштеген (2001). Райондун калкын борбордук оорукана, 3 айылдык врачтык амбулатория, 8 фельдшер-акушердик пункт тейлейт.

ЧАТКАЛ РАЙОНУ[булагын түзөтүү]

ЧАТКАЛ РАЙОНУ — Жалалабат облусундагы адм.-айм. бирдик. Облустун батыш тарабында жайгашкан. 1935-ж. уюшулган. 1944—56-ж. Талас облусунун карамагында болгон. 1956—60-ж. Алабука, 1960—69-ж. Аксы р-нун курамында, 1969—80-ж. кайрадан Алабука р-нуна кошулган. 1980-жылдан өз алдынча ра-йон. 1980—84-ж. Талас, 1984—91-ж. Ош облусунун, 1991-жылдан Жалалабат облусунун карамагында. Түштүгүнөн Алабука р-ну, чыгышынан Аксы р-ну, түн.- чыгышы ж-а түндүгүнөн Талас облусу түш.-батышы ж-а батышынан Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 6,2 миң км2. Калкы 20848 (2001); 12 айылды бириктирген 2 айыл (Канышкыя, Чаткал), 2 шаарча (Сумсар, Терексай) өкмөттөрүнө бөлүнөт. Борбору — Канышкыя кыштагы (1988-ж. чейин Жаңыбазар айылы). Райондун аймагында Сумсар, Шакафтар, Терексай шаарчалары жайгашкан. Райондун табиятын к. Чаткал өрөөнү, Чандалаш өрөөнү, Чаткал кырка тоосу, Бешарал коругу, Кара-токо ж. б. макалаларын.Рельефинин тоолуу ж-а климатынын катаал болушуна байланыштуу калк сейрек отурукташкан. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 3 киши. Калкы 20848 (2001); негизинен кыргыздар, о. эле өзбек, орус, тажик ж. б. улуттар жашайт. Райондун чарбасынын негизин а. ч. түзөт. 186 фермердик, 132 дыйкан чарбалары түзүлгөн. 7101 га айдоо аянты (а. и. 2548 га кайрак, 4553 га сугат жери), 317075 га жайыты, 1710 га чабындысы бар. 2001- ж. 4200 га жер айдалып, 8087 т түшүм алынган. Негизинен буудай, картошка, арпа, жүгөрү, жашылча ж. б. өстүрүшөт. 2000-жылдын 10-январына карата райондо 4375 бодо (а. и. 180 топоз, 4195 уй), 3080 жылкы (1770 бээ), 24162 кой-эчки (тубары 20 миң) 22950 үй кушу багылган. Транспорттун негизи түрү — автомобиль. Район аркылуу Алабука — Чаткал — Карабуура автомобиль жолу өтөт. Райондун аймагындагы бардык автомобиль жолдорун 1972-ж. уюшулган №27 жол эксплуатациялоо ишканасы тейлейт. Чаткал өрөөнүндө алгачкы мектептер 1930-жылдары Сарыбулак, Жаңыбазар, Айгыржол, Канышкыя, Акташ, Коргонсай айылдарында ачылган. 1980-ж. Чаткал р-ну кайрадан уюшулганына байланыштуу райондук элге билим берүү бөлүмү түзүлгөн. 2000/01-окуу жылында 11 орто, 5 негизги, 2 башталгыч мектепте 5813 окуучу окуп, 526 мугалим иштеген. О. эле мектепке чейинки балдар мекемелеринде (7 бала бакча) 313 бала тарбияланып, анда 23 педагог эмгектенген. Райондо спорт мектеби, балдар чыгармачылык үйү, балдардын билимин өркүндөтүүчү борбор, 2 муз. мектеп, балдардын эс алуу жайы (250 орундуу), райондук борбордук китепкана, анын 13 филиалы, балдар китепканасы, 8 клуб мекемелери, маданият үйү бар. Райондун калкын 3 оорукана (126 орундуу), райондук СЭС, 2 айылдык врачтык амбулатория, 6 фельдшер-акушердик пункт, дарыкана тейлейт. Кыргыз тилинде «Чаткал оттору» гезити чыгат.