Колдонуучу:Gulya-bsg

Википедия дан

НООКЕН РАЙОНУ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

НООКЕН РАЙОНУ — Жалалабат облусундагы адм.-айм. бирдик. Фергана өрөөнүнүн түн. чет-жакасын, Алаштоо, Бабашата кырка тоолорунун түш. капталдарын ж-а алардын этектериндеги жакын дыйкан чарбасы, Кочкората шаары, 55 кыштак бар. Борбору — Масы кы штаг ы. Район 1928-ж. Базаркоргон р-нун курамында түзүлгөн; анда анын аянты 4,5 миң км2, калкы 60 миң адамды түзгөн; 1935-ж. Масы р-ну болуп, өзүнчө бөлүнүп, аянты 2,5 миң км2, калкы 40 миңдей болгон. Масы р-ну Базаркоргон м-н биригип, 1937-ж. Ленин р-ну аталган. Борбору — Ленинжол аталат. 1945—50-ж. райондун аймагында Майлысуу шаары ж-а Кочкор- ата (2003-жылдан шаар), Көкташ шаарчалары пайда болгон. 1952-жылдан Майлысуу ш. облуска баш ийген шаар. 1978- ж. кайрадан бөлүнгөн. 1992-жылдан Н. р. Н. р-нун аймагы Фергана өрөөнүнүн түн. чет-жакасындагы түздүктү, Бабаштүздүктү ээлейт. Батышынан ж-а түн.-батышынан Аксы, түндүгүнөн Токтогул, чыгышынан Базаркоргон р-ндору, түштүгүнөн Өзбекстандын Анжиян, Наманган облустары м-н чектешет. Аянты 2,5 миң км2. Калкы 104,8 миң (2001). Райондо 8 айыл өкмөтү (Арал, Бүргөндү, Достук, Масы, Момбеков, Ноокен, Сакалды, Шайдан айыл өкмөттөрү), 950гө ата кырка тоосунун түш. капталын ээлейт. Түзөң бөлүгү деңиз деңг. 600—800 м бийиктикте жайгашып, Майлысуу, Нарын д-нын өрөөндөрү м-н тилмеленген. Түздүк түн.-чыгышты карай улам өрдөп, адырлар тилкесине (бийикт. 800—1200 м), андан ары Бабашата кырка тоосуна (4485 мге чейин) өтөт. Онтомо, Алаштоо, Ангирек- тоо массивдери да райондун аймагында жайгашкан. Тоолуу бөлүгү кокту-колоттуу; батыштан чыгышты карай Шыңсай, Кудуксай, Карамисте, Майлысуу, Бакатерек, Жорголот, Көлмөн, Шаркыратма, Коштал, Жылгынды, Жолборсмазар, Уялуу- терек, Алаш, Шыңгырама, Газалымазар, Алчалымайдан, Шайдансай ж.б. өрөөндөр жайгашкан. Райондун аймагында элдин эс алуусу ж-а туризм үчүн ылайыктуу Тоскоолата, Алашата, Cере, Каракол сыяктуу табияты кооз жерлери, жайлоолору бар. Кен байлыктары: мунай, газ (Майлы- суу), курулуш материалдары (айнек жасоого жарамдуу кум, шагыл, чопо ж. б.), минералдуу суулар (Эски Кочкоратадагы — Бешкоргон, Досу, Үчемчек минералдуу суулары). Райондун климаты мелүүн континенттик, жапыз, бөксө тоолуу бөлүгүндө субтропик климатына окшош. Кышында түш. циклондордун таасири астында турат. Батыштан ж-а түн.-батыштан мелүүн кеңдиктин нымдуу аба массалары, жайын- да түштүктөн, түш.-батыштан тропиктик кургак аба массалары да кириши мүмкүн. Ал эми түндүктөн ж-а түн.-чыгыштан соккон Арктика абасын ж-а Cибирь антицик лонунун абасын Фергана ж.б. тоолор өрөөнгө дээрлик өткөрбөй тосуп калат. Натыйжада бул региондо кышы жумшак, нымдуу, жайы ысык, кургакчыл аба ырайы түзүлөт. Январдын орт. температурасы —1,4°C, эң төмөнкүсү —16°C, июлдуку 27,5 —28°C, эң жогоркусу 41°C. Жылдык жаан-чачынынын өлчөмү 450 мм, тоолуу бөлүгүндө 1000 ммге чейин; басымдуу бөлүгү кышында түшөт. Ири суулары: Алашсай, Майлысуу, Шайдансай. Топурак өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт. Тоо этегиндеги деңиз деңг. 721—1000 м бийиктикте жайгашкан түздүктөрү боз топурактуу келип, дээрлик өздөштүрүлгөн. 1000—1100 м бийиктикте адырлар тилкеси жатып, боз топурактуу келет. 1100—1300 м бийиктикте эфемер өсүмдүктүү кургак талаа, талаа ж-а мистелүү сейрек токой мүнөздүү, алардын астында күңүрт боз ж-а күрөң топурактары өөрчүгөн. Андан жогору орто бийиктикке (1300—2800 м) бөксө тоолор кара күрөң тоо токой тибиндеги топурактуу келип, алкактын төмөнкү бөлүгүндө жапайы жаңгак-жемиш токою (жаңгак, алма, алча, ж. б.), жогорку бөлүгүн карагат, арча, түркүн чөптүү шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Токой тилкесинен жогору субальп, альп шалбаалары, 3100 мден жогору гляциал- дык-нивалдык алкактар мүнөздүү. Райондун аймагында 1999-жылкы эл каттоо б-ча кыргыз (65,52 %), өзбектер (29,32%), орус (1,02%), уйгур (1,32%), о. эле тажик, татар, түрк, беларус, украин, корей, немец ж.б. улуттар жашайт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 30 киши туура келет. Шаар калкы 16,1%ти түзөт. Райондун экон-нын негизин а. ч. тармагы түзөт. Айыл чарбасынын ичинен дыйканчылык, а. и. пахтачылык, дан өсүмдүктөрүн өстүрүү, тамекичилик өнүккөн. Райондо 950дөн ашык дыйкан чарбасы иштейт. Райондун а. ч-га жарактуу жеринин жалпы аянты 247,4 миң га болсо, анын 18,3 миң гасы сугат, 1,7 миң гасы кайрак жер, 118,3 миң гасы жайыт. Айдоо жерлерине дан өсүмдүктөрү (8214 га; а.и. буудай 6330 га), картошка (397 га), жашылча (1312 га), бакча (466 га) ж. б. айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Мал чарбасында негизинен жүн багытындагы кой, эт-сүт багытындагы уй асыралат. Райондо 2000-ж. 19,5 миң карамал (а. и. 10,5 миңи саан уй), 72,9 миң кой, эчки, 540 чочко, 5,1 миң жылкы болгон. Райондун ө. ж. ишканаларына Кочкоратадагы «Кыргызмунайгаз» акционердик коому, Ноокен айыл өкмөтүндөгү жашылча-жемиш консерва заводу, Момбеков айыл өкмөтүндөгү «Кыргыз-Түрк», Cакалды айыл өкмөтүндөгү «Лимбатыш», Арал айыл өкмөтүндөгү пахтаны кайра иштетүүчү заводдор, Кочкората шаарчасындагы керамика ж-а фар- фор буюмдарын чыгаруучу «Анар» акционердик коому, кыш чыгаруучу «Ока-Ке- рамика» заводу, Достук айылындагы то- мат пастасын иштеп чыгаруучу «Мүрөк» заводу ж.б. кирет. Райондо Тоскоолата токой чарбасы ж-а Кочкората токой чарбасы бар. Райондогу автомобиль жолу- нун жалпы уз. 310 км, анын асфальтталганы 220 км. Райондун аймагынан Бишкек — Ош, Майлысай — Кочкората — Масы автомобиль жолдору, Үчкоргон — Ташкөмүр темир жолу, Майлысуу — Жалалабат газ кууру өтөт. 2000/01-окуу жылында 50 мектеп (гимназия, көмөкчү жатак-мектеп, 36 орто, 7 негизги, 7 башталгыч мектеп) иштеп, анда 27,7 миң окуучу окуп, 1621 мугалим, 43 тарбиячы иштеген. Мындан тышкары, 1982-ж. ачылган сүрөт өнөр мектеби (170тей окуучу окуйт), 1968-ж. негизделген Кочкората муз. мектеби (135 окуучу окуп, 10 мугалим эмгектенет) бар. Райондо борборлоштурулган оорукана (240 орундуу), райондук номерлүү оорукана (245 орундуу), ден соолукту калыбына келтирүүчү облустук оорукана (105 орундуу), 4 айылдык врачтык амбулатория, 4 участкалык оорукана, 19 фельдшер-акушердик пункт, балдар бейтапканасы, стоматалогиялык бейтапкана, Карылар үйү (Кочко- рата шаарчасы), балдардын сүт азык ашканасы иштейт. Райондук саламаттыкты сактоо мекемелеринде 1591 мед. кызматкер эмгектенген. Райондук санитариялык- эпидемиологиялык станцияда 49 медици- налык кызматкер (а. и. 6 санитардык врач), борбордук дарыкана, 18 дарыкана пункту иштейт. 2001-ж. райондо 19 маданият үйү, 2 муз. мектеп, 6 көчмө клуб, музей иштеп, 15тен ашуун өздүк көркөм чыгармачылык ийримдери уюшулган. Райондук «Ноокен жаңырыгы» гезити чыгат.