Колдонуучу:Басыз

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Каман - басыз уруусунун курамындагы ири уруктар тобунун аталышы. Этникалык аталыштардын адегендеги мааниси байыркы бабаларыбыздын тотемистик түшүнүктөрүн аныкташы мүмкүн. Каман “баатыр”, “алп” маанилерин туюндурат.(Баскаков, 1984, 62). Бул уруктар тобунун Камандар деп аталып калышына келсек элибизге белгилүү болгон ХVII кылымдын орто чениндеги "Казак кайың сааганда Кыргыз Гиссар качканда" деген макал-лакап пайда болгон учурда Аксуулук (Чыгыш Туркестан) Түгөлбука Басыздын баатыр уулу Каңдыбай жоо чабышта набыт болуп, анын келинчеги - казак кызы Гулжакан ханзаададан төрөлгөн үч жашар Бекей жана келиндин боюнда алты айлык бала калат. Замандын оош-кыйыш татаал мезгилинде Түгөлбука акылман жоодон жеңилип калсак тукум калсын деп келинин небереси менен төркүнү-казак кудаалары тарапка жөнөтүп жиберет. Арадан убакыт өтүп Гулжакан Алчын деген уул төрөйт. Арадан жылдар өтүп Бекей менен Алчын бой жетип ата-тегин издеп Сузактын Көк-Арт өрөөнүнө келишет. Бекей жашынан тың чыгып эл оозуна алынып калган учурда Курманбек баатырдын небереси Шырдакбек менен аң уулап келе жатып алдынан азуусу аркайган каман чыга калса атынан учуп түшүп, камандын үстүнө минип, шамшарын сууруп чыгып камандын кулагын толгой кармап туруп колтука сайып жыгытат экен. Ошондо бул окуяны көрүп турган Шырдакбек алдындагы каман баатыр эмей эле үстүндөгү анык Каман баатыр турбайбы деп таң калган экен. Ошондон кийин Бекей баатыр Каман баатыр аталып, Бекейден таркагандар Камандар деп аталып келет. Камандар: Өзгөн, Сузактын Көк-Арт өрөөнү, Тогуз-Торо, Акталаа аймактарын мекендеп келишет. Негизги уруктары: Токтоназар, Токтомуш, Качкынчы, Эшиге,Чыбы, Балпык.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Ж.Болотов Камандар санжырасы 2003 ж.

Негизги макала: Этнография