Колдонуучу:Adamboluu/Эрчел, Ханде
Ханде Эрчел (түрк. Hande Erçel; 24 Аяк оона 1993[1], Бандырма, Балыкесир) — Түрк актрисасы жана фотомодель.
Бою: 1.72 см
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ханде Эрчел 1993-жылы 24-ноябрда Бандрма шаарында (Балыкесир провинциясы, Түркия) соода тармагында иштеген Кей Эрчел менен Айлин Эрчелдин үй-бүлосүндо туулган. Анын эжеси Гамзе Эрчел Йылдырым -- (1992-жылы 18-январда туулган) блогер. Эрчел Мимар Синан атындагы көркөм өнөр университетинин салттуу түрк искусствосу факультетин бүтүргөн . 2012-жылы Эрчел Бакуда өткөн Miss Civilization of the World сулуулар сынагына катышып, экинчи орунду алган. 2018-2020-жылдары түрк ырчысы Мурат Далкылыч менен сүйлөшүп жүргөн. 2021-жылы "Эшигимди каккыла" (Постучись в мою дверь) сериалындагы өнөктөшү, актёр Керем Бурсин менен мамилесин тастыктаган. 2022-жылдын январында түгөйлөр ажырашканын жарыялашкан. 2022-жылдын декабрынан бери ишкер Хакан Сабанжы менен сүйлөшүп жүрөт.
Карьера
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эрчел 2015-2016-жылдары "Гүнештин кыздары" телесериалында Селин Йылмаздын ролун аткарган. 2016-2017-жылдары "Сүйүү сөздү түшүнбөйт" (Любовь не понимает слов) телесериалында Хаят Узундун ролун аткарган [1] .
2017-2018-жылдары "Кара бермет" сериалында Хазалдын ролун аткарган.
2019-жылы " Шакек " телесериалында Мужде Акайдын жана "Азиз" сериалында Азизе Гүнайдын ролун ойногон .
2020-жылдан 2021-жылга чейин Эрчел "Эшигимди каккыла" телесериалында Эда Йылдыздын ролун ойногон.
2023-жылдан 2024-жылга чейин "Такыр башка" телесериалында Лейла Гедиздин ролун аткарган.
2016-жылы Эрчел престиждүү L'Oréal Paris косметикалык брендинин жүзү болуп тандалды. Ал Арас Булут Ийнемли менен бирге DeFacto жинсы брендин жарнамалаган [2].
Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Hande Erçel kimdir? (түрк.). Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2020.
- ↑ Биография: Ханде Эрчел / Hande Erсel – турецкая актриса. Текшерилген күнү 16 -октябрь (тогуздун айы) 2020.
[[Категория:Туулгандар 1993-жылы]] [[Категория:Актрисалар]]