Колдонуучу:TSI-Turatbekov Aijigit

Википедия дан

Кыргыз элинин салттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кадаа-салт деген эмне?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

И.В.Суханов: “Каада-салт – бул идеологиялык мамилелердеги көз караштар, эрежелер, нормалар жана принциптер, ошондой эле инсандын руханий сапаттарын ачып көрсөтүүчү, белгилүү бир экономикалык мамилелерден талап кылынуучу аракеттер”– деп белгилейт

Салт улам кийинки муун тарабынан оңдолуп, толукталып кийинки урпактарга өткөзүлүп берилет же коомдук өнүгүүгө тоскоолдук жаратылса токтотулуп калышы да мүмкүн. Салт менен үрп-адатты коендой окшош деп кароого болбойт, экөөнүн айырмасы аздыр-көптүр бар. Маселен, үрп-адат, турмуш-тиричилик, өндүрүштүк эмес чөйрөдө кезигет, ал эми салт болсо, коомдук аң-сезимдин бардык жагында көрүнөт. Демек, үрп-адат коомдук психологияга, ал эми салт идеология чөйрөсүнө жакын. Каада-салт коомдук мамилелердин негизги принциптерин, ошондой эле үрп-адатты, ырым�жырымдарды да өзүнө камтыйт. Каада-салт, үрп-адат экөө тең рухий жана материалдык өндүрүштүк мамилелердин бардык туруктуу формаларын чагылтат. Үрп-адат адамдардын муундан муунга өтүп тарыхый калыптанган коомдук мамилелеринин туруктуу нормалары, жашоо жана турмуш тиричилиги экендиги илимий адабияттарда аныкталат

Элдин жашоосунун өзгөчөлүгүнө, иш- аракетине байланыштуу пайда болуп, тарыхый узак жолду өтүп, муундан муунга берилип келген, элдин күчү менен сакталып, адамдардын жүрүм-турум эрежелери, улуттун рухий жүзү салттар аркылуу келген

Каада-салт макал-лакап менен өтмө катар байланышта болот. Анткени алар түздө-түз каада-салт менен үрп-адатты, ырым-жырымды чагылтат, ошол эле убакта жүрүм�турумдун, акыл-насааттын эрежеси менен талабын аныктап жатып өздөрү салтгуу ойломдун бир түрүнө айланат. Ырым-жырымдуу поэзия каада-салтка, үрп-адатка эстетикалык мүнөз берет. Элдик салт мүнөзүндөгү поэзия кишилерге моралдык жана эстетикалык рахат берип, таалим-тарбияга кызмат кылат. Каада-салт, үрп-адат жалпы адамзаттык мүнөзгө ээ болуу менен бирге, улуттук касиетти да өзүнө камтыйт. Ал - аз изилденген маселе. Улуттук салт дегенде кишилер тигил же бул улуттун психикалык, рухий турпатына, коомдук аң-сезимине мүнөздүү жүрүм-турум эрежелерин түшүнүшөт

Кыргыз элинин салттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Аксакалдарды улутоо
  • Тушоо той
  • Ат оюндар
  • Жуучу түшүү
  • Сөйкө салуу
  • Бешик той
  • Жентек
  • Өрүүлүк
  • Азан чакырып ат коюу
  • Чач алдыруу, кулак көсөө, чач өрдүрүү

Кыргыз эли өз каада-салтын кылымдан кылымга турмуш шартына, улуттук менталитетине, табитине ылайык түптөп жана сактап, улам кийиики муундарга рухий кенч, мурас катары калтырган. Анткени анда элдин кылым карыткан турмуштук тажрыйбасы, акыл-эс, түшүнүк-туюму, жашоо өрнөгү топтолгон жана анын жөндүү зарылдыгы күнүмдүк философиянын деңгээлинде аныкталган. Ошондуктан каада-салттын ар кандай жол�жосундары, эреже нормалары көбүнчө жекече турмуш жаатындагы кубаныч менен кайгы, жакшылык менен жамандыктын болгонун белгилеп келет. Аны жерүү элден чыккандык катары каралат. Ал эми салттын аки-чүкүсүн сактагандык улуттук санаттын урунттуу белгисиндей бааланат. Ушундай пикирлер улам жыйылып, коомдук деңгээлге чейин көтөрүлүп салттын сакталышын бекемдеп турат.

Аксакалдарды улутоо Кыргызда аксакалдарды сыйлоо, аларды улук тутуу адаты эң эле кучтуу орун алган. Аксакалдар отурган уйгө жаштар уруксатсыз бир да кире алышпаган. Аксакалдын алдында бир ооз созду да бийлик кылып айта алышкан эмес. Карынын каргышы тийсе шексиз олот деген ишенич болгон. Карыдан бата алса омуру узарып, багы ачылат деген ишенимди бек туткан.«Жамгыр менен жер когорот, бата менен эл көбөйөт» деген макал сөздөр байыртан калган создор болгон. Карылардан бата алуу адаты эң кучтуу орун алган. «Сен сыйласаң карыңды, кудай сыйлайт баарыңды» деген макал сөздөр бар. «Карысы бар жерде — касиет бар» деген да сөздөр бар. Кыргызда чечилбей турган чоң кенешти карылар чечип, карыларга ар дайым кайрылып чечтирип келген. Ашка тойго кылып түшүрүлгөн. Мисалы, бир чоң уруунун ичинде бир канча майда уруулар болуп, алардын эң аксакалы, тойго мурун түшүрүлгөн. Жоого да ошону мурун салышкан.

Тушоо той

Тушоо кесүү ырымы

Эмчегин берген энебиз, Өсүп келет денебиз. Бут калчылдап баса албай, Каз-каз деген эмнебиз? Басууга бала талпынып, Күндөн күнгө артылып. Бутун шилтеп басууга, Энесине асылып. Кагылайын каз ту рун, Дени соо бат туруң. Шилтеди бутун эки-үч, Басканда кирет бутка күч. Балага боору эзилет, Тушоо тою берилет.

Ала жип бутка байланды, Ат, кунан алые айдалды. Биринчи маара жакындап, Экинчиси такымдап. Тең келатат баарысы, Бут куйрукка шакылдап. Биринчини карасаң, Таманы куйрукка тиет жаркылдап.

Тушоо кесер шамшаарды, Камдап турган атасы. Тушоосун кести баланын, Арты жетип бүтө элек,

Арыштап келет жөтөлөт. Аталары жүгүрүп, Балдарын сүрөп көтөрөт, Байгелерин алышты, Жай-жайына тарашты. Тушоо кесер той болду, Оз алдынча зор болду, Маалында басып кете албай, Кээ бир бала кор болду. Дени таза соо бала, Маалына жетпей жүгүрөт, Энеси менен атасы, Кубанышат сүйүнөт. Кестирүүгө тушоосун, Жетине албай күтүнөт. Шар жүгүрүп бал асы, Шаттанат анын атасы. Маңдайында баласы, Маана кылат апасы.

Ат оюндар Кыргыздардын жылкыга жасаган өзгөчө мамилеси, ат оюндарына кызыгуусу байыркы замандардан эле болгондугу маалым. Илгертеден эле кыргыздардын бир да майрамы көкбөрүсүз өткөн эмес. Мейли ал чоң той болсун, бешик той болсун же согуштагы жеңиш болсун, жадакалса тарыхта жөн гана доор алмашканда да улак тартылгандыгы маалым. Айтор, көкбөрүнүн тарыхы кыргыз элинин тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Элибиз көз карандысыздыкка карай улуу жолдо улуттук маданиятын жоготпой сактап келгендей эле көкбөрүнү да унутушкан эмес. Албетте, көкбөрүгө тыюу салынып, анын жок болуп кетүү коркунучу алдында калган күндөр да болгон. Ал мезгил улуттук өз алдынчалык колдоого алынбаган совет мезгилине дал келген. Бирок кылымдарды карыткан оюн бардык сыноолордон татыктуу өтүп, ушул күндөргө чейин сакталып калды. Эми бүгүнкү күндө кыргыздын азаматтары той-топурлардан тышкары Көз карандысыздык майрам күнү да ат жалында өз өнөрлөрүн тартуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Айта кетчү нерсе, көкбөрүнү олимпиадалык спорт түрлөрүнүн катарына кошуу аракеттери жасалып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Азырынча бул демилге кыял болуп турат.

Улак тартыштын көкбөрү деп аталышы элибиздин башынан өткөргөн кадимки эле жашоо-тиричилигинен алынган. Учурунда жалпы элдин малы ачык асман алдында эч кандай короосуз багылып келгендиги белгилүү. Андыктан мындай абалда көчмөндөрдүн башкы душмандары бөрүлөр болушкан. Ач жапайы жырткычтар малга кол салып, элге көптөгөн зыян алып келишкен. Мына ошондо малчылык менен жашоо кечирген көчмөндөр атчан болушуп, бөрүлөрдү чогулуп алышып кубалашкан. Ал мезгилде эч кандай ок атуучу курал жок болгондуктан, камчыны пайдаланышчу. Ал эми улак тартыш душманга каршы күрөшүүгө карата даярдык болгон. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда көкбөрү боюнча 80ден ашуун команда бар. Тилекке каршы, алардын 10го жакыны гана эл аралык мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Буга себеп – каражаттын жетишсиздиги. Анткени аргымактарды багуу, таптоо жана аларды мелдештерге жеткирүү үчүн көп каражат сарпталары анык. Айтор, көкбөрү каражатты көп талап кыла турган спорт түрү болуп саналат. Орто эсеп менен бир мелдешти өткөрүү үчүн бир нече миллион сом керектелет. Андыктан кыргыз спортунун визиттик карточкасынын өнүгүшү колдоодон көз каранды.

Жуучу түшүү «Жакшыга жуучу келет,жаманга куучу келет». Мунун ар кандай жагдайы бар. Баланчанын уулу кыз тандап жүрүп, ошол кызды жактырып калса, ал адептүүлүк менен үй-бүлѳсүнѳ билдирет. Ата-энелер кѳбүнчѳ сырдана жеңелери, теңтуштары аркылуу билет).  Кээде, балага кызды ата-энеси, ага-туугандары тандайт. Ошентип, жуучу шайлашат. Айыл ичинде алымдуу, оозунда сѳзү бар, салт-санааны билген аксакалдар аттуу-тондуу болуп барып, жуучуга түшѳт.

Сөйкө салуу Бул – куда түшүүнүн башталышы, сыр билги адамдардын сырдана мамилеси, ич ара кадыр туткан каада-салты. Мал алып келишип, кыргызда күмүш нарктуу деп, күмүш сѳйкѳ салышчу. /й ээси урматтап тосуп, кайра кийит менен жѳнѳтчү. Мында куда болуучулар бири-бирине кулдук уруп, ѳз ара ызатташып, болочок жаш үй-бүлѳлѳргѳ түбѳлүктүү камкордук кѳрүшѳт.

Бешик той

Наристенин тѳрѳлүшү – ошол үйдүн ашкан кубанычы. Бешик той берилет. Колдо бар мал союлат. «Илгери анын бешик тоюна ак кочкор союлган» деген сѳз бар. Тойго чакырылгандар кѳйнѳк-кече, ороо-чулгоо, акча-тыйын ыроолошот, мал алпарышат. Адатта, таеке-тайындары бешик, шимегин жасатып, анын тѳшѳнчү-орунчусун жасалгалап барышат.

Набаттуу байбичелер чоң дасторконго отуруп, оң-сол чүкѳлѳрдү бешиктин баш жагынан кѳтѳрүп эңкейтип, «оң бол, оң бол» дегенде, ал чүкѳлѳр күлтүгүнѳ түшүп кетет. (Ага дейре бешик менен шимекти майлап, арча аркылуу аластап алат). Колдорун тийгизип ич ара ырымдашкан байбиченин жанындагылар менен чогуу наристени жаткырышат. «Бешик апа, бек карма, умай эне, уйку бер» деп баланы таңат. Жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы… болуп, жети нерсени бешикке жаап, энесине карматат. Ал кѳтѳрүп алып, тѳрдѳн эшикке, эшиктен тѳрдү карай жүгүнѳт. Байбичелер алкайт, баталарын берет. Эми бешик терметилет.

Жентек Наристе тѳрѳлѳѳрү менен кошуна-колоңдорго жетине албай, зор кубаныч менен даам сыздыруу. Болгон тамак-ашын ортого коюу. Мурда сары май бузуп, алгач наристеге оозантуу, үйдүн кары адамына ооз тийгизүү – нарктуулукту билгизчү. Ал «жентек» үчүн атайын даярдалып,  мурунтан козу карын, кой карын, торпок карын сары май куюулуп сакталган. Анын уландысы «Бешик той» болуп кетет.

Өрүүлүк

Жакын кѳчүп келген үй-бүлѳнүн жакын-алысына карабай, куржун кечеге тамак-аш (бышкан эт, каймак, май, боорсок, кымыз, бозо, ж.б.), айрымдарына кездеме, мал, буюм-тайым (шырдак, туш кийиз, тѳшѳк, кийит ж.б.) алып барып, жаңы конуштагы эшик-тѳрүн кѳрүү. Ал үй да жетине албай, бар оокатын аябай, кабыл алат. Жандык союп да коет.

Айрым учурда ѳрүлүктѳп баргандарга кайра кийим да кийгизет. Сыр билги немелер бири-бирин сыйлап турат.  Жакшы кошуналар ырыстуу тамактарына тең орток болушат. Конок келген үйдүн кадырлуу меймандарынын катарында отурушат. Ѳрүлүктѳн таарыныч да, мактаныч да пайда болот. «Жанаша кѳчүп барсам, беш токоч ѳрүлүгү болбоду», «Эшик-тѳрүн кѳрѳ элекпис, кошуна-колоңго жок немелер экен» сыяктуу сындар айтылат. Ушундайдан алыс-жакындардын аралары ачылап кетүүлѳрү да болуп жатат.

Азан чакырып ат коюу Ымыркай жар чакырып, жарык дүйнөгө келген соӊ ага азан чакырып ат коюу кыргыз элинин салты. Анткени ымыркай өчкөн отту тутандыра турган, үзүлгөндү улай турган жаӊы толуктоо. Демек, ага ат коюу менен адамдардын арасындагы адам болуу укугу ыйгарылат. Адамдар аны өз катарына кошот.Адатта ат коердо баланын ата-энеси тууган-туушкандарын, айыл-аксакалдарын мал союп, дасторкон жасап чакырат.Ысымды ыйгаруу учуру ыйыктай туюлган. Азан чакыруу кадыр-барктуу айыл аксакалына же молдого ыйгарылган. Бардыгы короого чыгышат. Баланы атасы же энеси аны чапанынын этегине салып, азан чакырчу адамдын жанында туруш керек. Азан  чакырчу адам кыбылага карап, колун эки кулагынын артына такап: «Алло-о, акбар»,-деп үч жолу катуу кыйкырып айтат. Андан кийин «Баланчанын уулунун (кызынын) аты «баланча» болсун»,-  деп үч жолу кайталайт. Андан кийин баланы колуна алып, кулагына  үч жолу       «Атыӊ баланча болду», - деп кайталайт. Бардык тургандар ымыркайга бата беришет. Ат коюу расими ушуну менен аяктайт.

Чач алдыруу, кулак көсөө, чач өрдүрүү чач алдыруу эркек бөбөктөрдүн ырым-жырымы. Аны жасатуу ата-эненин демилгеси. Уулун ылым санаалашканбы, же гиети чапкан адамынабы, кийим-кечек, буюм-тайым алып, куржун менен келүү, максатын түшүндүрүү. Түшкөн үй коногун күтүнөт. Баланын «чачын алды кылып» ырымдайт. Негизи мал энчилеш керек. Кыз баланын кулагын көсөтүү менен чачын өрдүрүү ырым-жырымы жогорудагы салттан анча айырмаланбайт. Ошондой жол-жоболор менен келет. Кулакты аялдар көсөйт

Акырында айтарыбыз, албетте, бул макала менен эле өзүбүздүн изилдөөлөрүбүздү жыйынтыктап, чек коюудан алыспыз. Анткени бүгүнкү илим менен техниканын гүлдөп-өсүп турган мезгилиндеги жалпы ачылыштарга, заманга ылайык көз караш, каада-салттардын дагы жаңыланышына таянып бул багыттагы иштерди уланта бермекчибиз. Андыктан кьлымдарды карытып, «жазылбаган мыйзам» катары эсептелип келген уюткулуу кыргыз элинин каада-салттары, үрп-адаттары ж.б.у.с. тармагында алгылыктуу изилдөөлөр улана бермекчи