Колесников, Феодор Николаевич

Википедия дан

Колесников, Феодор Николаевич – Кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1922-жылы Кыргыз ССРинин Ысык-Көл районундагы Семеновка айылында дыйкандын үй бүлөсүндө туулган.Улуту орус. КПССтин мүчөсү.Советтик Армиянын катарына 1942-жылдын октябрь айында чакырылган. Лейтенант.Өзү жүрүүчү артиллериялык полктун батарея командири.

Эрдиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуу Ата Мекендик согушка 1-Украин, 1- Белорус фронтунун составында катышкан.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын аскердик эрдиги Мекен тарабынан 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана эки Кызыл Жылдыз ордендери менен белгиленген. 1945-жылдын 27-февралында эрдиги, каармандыгы жана баатырдыгы үчүн өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.
Ысык-Көл районунун Семеновка айылындагы орто мектепке ысымы коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иманкулов.А, Алыкулов.Б, Турсунбеков.Ч “Алардын эрдиги түбөлүккө жашайт”- Фрунзе; 1986