Коллектор тоосу

Википедия дан

Коллектор тоосуАлай кырка тоосунун түндүк тармагы. Кадамжай районунда. Шаймерден коллизия жана Сүрмө-Таш сууларынын (Исфайрам-Сайдын сол куймасы) аралыгында жайгашкан. Батыштан түштүк-чыгыш жана түндүккө карай жапыздап, 55 кмге созулат. Туурасы 13-15 км. орточо бийиктиги 4400 м, эң бийик жери 5259 м (Талкуш чокусу). Кыры аска-зоокалуу; ири мөңгүлөрү (Егоров, Дугова жана башкалар) бар; капталдары өтө тик, терең жана тар капчыгайлуу.

Бийик батыш бөлүгү пермдин сиенит-диорит, диорит жана гранит-диорит, ортонку бөлүгү девондун доломит, доломиттүү акиташ теги, жапыз түндүк чыгышы карбондун конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит тектеринен түзүлгөн. Тоого негизинен талаа (1800-1900 м бийикке чейин), шалбаалуу талаа жана шалбаалуу токой (арча менен бадалдар; 1900-2900 м), субальп жа альп шалбаасы, шалбаалуу талаа жана сейрек бетегелүү талаа (2900-3300 м), түбөлүк кар мөңгүлүү гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]