Колоннада
Көрүнүш
Колоннада (фр. colonnade) – антаблемент же арканы кармап туруучу түркүктөрдүн катары. Имараттын сыртынан К. курулуштун бөлүмдөрүн бири-бири менен бириктирүүчү же аны курчап турган мейкиндик менен байланыштыруучу галерея, портиктерди түзөт; К. чоң залдарда да болот. Мындан сырткары жупташкан колонналардан турган эки ярустуу К-лар кездешет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004