Луксор

Wikipedia дан
(Луксор шаары барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search
Луксор.

ЛуксорЕгипеттеги музей-шаар. Нил дарыясынын (орто ченинде) оң өйүзүндө, Байыркы Египеттин борбору Фивынын калдыктарынын арасында жайгашкан. Калкы 488 миң (2010). Биздин заманга чейин 21–11-кылымда Египеттин борбору болгон. Аэропорту бар. Амон храм комплекси (15–13-к.; колоннадалары, статуялары жана сфинкс аллеялары менен) байыркы Фивынын урандылары менен бирдикте Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Луксор – эл аралык туризмдин ири борбору. Кол өнөрчүлүк (өзгөчө белек-бечкектер) өнүккөн. Айыл чарбалуулуу райондун борбору.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7