Кол жазмалар фондусу

Википедия дан

Кол жазмалар фондусу (Кол жазмалар фондусу), Кол жазма жана жарыялоо фондусу — Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын КЖБсынын карамагындагы, эски басма жана кол жазма китептерин, республиканын аймагында жашап жаткан элдердин фольклору, этнографиясы, тарыхы жана тили боюнча жазмаларды топтоо, сактоо, иреттөө, изилдөө жана жарыялоо боюнча бирдиктүү илимий борбор. Анын адеп уюштурулушу 1922-ж. Түркстан Мамл. окумуштуулар кеңешинин астындагы казак-кыргыз билим комиссиясынын иши менен байланыштуу. Ушул кезден баштап Сагымбайдан «Манас» жазылып алына баштайт. Адегенде К. Мифтаков, андан кийин аягына чейин Ы. Абдыракманов жазып алган. Орто Азия республикалары өз алдынчалыгын алгандан кийин 1924-ж. апрелде Кыргыз автономия облусунун Эл агартуу комитетинин астында Билим комиссиясы кайра түзүлгөн. Ал Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан илим изилдөө иштерин багыттап, тескеп туруу үчүн уюштурулган. Билим комиссиясынын эң алгач баштаган иштеринин бири — калк арасынан элдик оозеки чыгармаларды жазып алуу, топтоо жана изилдөө болгон. 1926-ж. комиссиянын мүчөлөрү К. Мифтаков, А. Шабданов жыйналган материалдардын негизинде кыргыз фольклорун түрлөргө бөлүштүрүү, кол жазмаларды паспорттоштуруу, системага келтирүү боюнча алгачкы иштерди өтөшкөн. 1926-ж. декабрда Кыргызстандын борб. музейи түзүлүп, бардык жыйналган фольклордук тексттер, кол жазмалар анын карамагына өткөрүлгөн. Ал эми 1928-ж. Фрунзе Край таануу институту ачылып, анын негизги милдеттеринин бири элдик оозеки чыгармаларды, баарыдан мурда «Манасты» жыйноо, сактоо, изилдөө деп аныкталган. Ошол мезгилге чейин топтолгон кол жазмалардын бардыгы ушул институтутка толук бойдон өткөрүлүп берилген. Ал 1930-ж. Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын астында Маданий курулуш институту болуп кайра курулган. 1936-ж. май айында ал Тил жана жазуу илим изилдөө институтуна айланган. 1940-ж. Кыргыз ССР ЭКСинин алдында Тил, адабият жана тарых илим изилдөө институту түзүлүп, кол жазмалар толугу менен ушулинституттун карамагына өткөн. 1954-ж. кол жазмалар фондусу бул институттан бөлүнүп чыгып, СССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар фондусунун карамагына өткөн. Ошондон тартып 1968-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтуна Кол жазмалар жана жарыялоо сектору болуп өткөнгө чейин Академиянын Президиуму алдындагы Коомдук илимдер бөлүмүнүн бир бөлүкчөсү болуп келген. 1968—87 жылдары Тил жана адабият институтунун 1987жылдын сентябрь айынан баштап, Академиянын Коомдук илимдер бөлүмүнүн астында Кол жазмалар менен жарыялоо бөлүмү де ген ат менен өз алдынча бөлүм катары иш жүргүзүп келет.

Кол жазмалар фондусу— «Манас» эпосунун тексттери, көчүрмөлөрү, манасчылардын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу материалдар, сүрөттөрү сакталган илимий борбор. Фондунун «Манас» бөлүмү адегенде Билим комиссиясынын мүчөлөрү топтогон материалдардан түзүлүп, кийин илимий мекемелердин фольклордук экспедициясы тарабынан толукталган. Азыр негизинен «Манастын» белгилүү варианттарынын көчүрмөлөрү, ар кыл эпизоддору элден топтолуп алынып жатат. К. «Манастын» варианттары, Көчүрмө, «Манасты» жыйноо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4