Коммунисттик кыймыл

Википедия дан

Коммунисттик кыймыл - дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөгү коммунисттик партиялардын ишмердүүлүгү.

Эл аралык жана социалисттик кыймылдын В.И. Ленин башчылык кылган радикалдык-революциялык большевисттик канатынын II Интернационалдын көптөгөн ишмерлери менен биротоло ажырашуусу Коммунисттик кыймылдын келип чыгуусунун саясий өбөлгөсү болуп калды. Коммунисттик кыймылдын башталышы деп орус социал-демократиясындагы большевиктик агымдын консолидациясын жана 1917-ж. октябрында большевиктердин бийликти тартып алышын эсептейт.

1919-ж. Коминтернди түзүү Коммунисттик кыймылдын бир өлкөнүн чегинен чыгуусуна, өзүнүн түпкү максаты деп, социалисттик революциянын жеңишин жана пролетариаттын диктатурасын орнотууну эсептеген коммунисттик партияларды түзүүгө түрдүү каражаттар менен жардам көрсөтүүгө багытталган. Ленин тарабынан уюшулган Коминтернге кабыл алуунун шарттары улуттук компартиялардын ишмердүүлүгүн координациялаган жана аны бир Борбордон багыттаган бирдиктүү иерархиялык уюмду түзүүгө багытталган. СССР- деги коммунисттердин бийлигин бекемдөө, 1920-30-жж. Батыш өлкөлөрдөгү кризистик процесстер жана таптык күрөштүн курчушу, Коммунисттик кыймыл тарабынан антиколониалдык күрөшкө колдоо көрсөтүү сыяктуу факторлор менен жумушчу кыймылынын радикалдык революциячыл канатынын лидерлерине каржылык жардам көрсөтүүнүн айкалышын камтыган Коминтерндин активдүү ишмердүүлүгү Европа, Түштүк жана Түндүк Африканын бардык өлкөлөрүндө улупук компартиялардын пайда болушуна мүмкүнчүлүк берген. 1920-ж. аягы 1930-ж. Коммунисттик кыймылдын ишмердүүлүгү троицттик агымдын пайда болушун шарттаган СССРдеги партиянын ичиндеги күрөштүн курчушун, андан соң түздөн-түз сталинизмдин таасири менен ишке ашып жатты. Бул болсо Л.Д. Троцкий тарабынан IV Интернационалдын түзүлүшүн, эл аралык аренада Коммунисттик кыймылдын бөлүнүшүнө алып келген, бардык компартиялар жана социал-демократиянын Коминтерн тарабынан жумушчу кыймылындагы социал-фашизм катары бурмалап баалагандыктан, көптөгөн коммунисттик ишмерлерге каршы сталиндик репрессиялар жүргүзүлгөн. Бирок 1935-ж. Коминтерндин VII Конгрессинде бирдиктүү антифашисттик фронтту түзүү үчүн күрөштүн стратегиясы иштелип чыккан. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдары Батыш Европанын бир катар өлкөлөрүндө (Франция, Италияда) коммунисттик партиялар каршылык көрсөтүү кыймылдарында активдүү катышышкан. Бул болсо согуштан кийинки мезгилде алардын позицияларынын бекемделишине жардам берген.

1943-ж. Коминтерн таркатылган. СССРде КПССтин XX съездинде сталинизмдин кылмыштарынын бетин ачып жарыялоо, 50-ж. К. к-дагы кризис, улуттук компартиялардан катардагы мүчөлөрдүн массалык чыгуусуна алып келген. Коммунисттик кыймылдын чегинде жарака пайда болуп, ал өсүп жаткан келишпестик, кийин СССР менен КЭРдин, демек КПСС менен КПК ортосундагы саясий бөлүнүүдөн улам тереңделген. Натыйжада Коммунисттик кыймылда негизги постсоветтик бөлүк, IV Интернационалдын партиялары көрсөткөн аз сандаган троицкисттик агым менен катары прокытайлык жана проалбандык багыттагы партияларды камтыган маоисттик канат пайда болгон.

Коммунисттик кыймылдагы кризисттик процесстерге карабай бир катар өлкөлөрдө компартиялардын абалдары узак убактысы менен бекемделип турган; айрым мамлекеттерде (Италия, Франция, Бельгия, Индия) компартиялар массалык саясий партияларга айланышкан, шайланма мыйзам чыгаруучу органдарда өзүлөрүнүн өкүлдөрүн кармашкан. Бир катар мамлекеттерде айрым мезгилдерде өкмөттүн курамына киришкен (Италия, Франция, Финляндия). Сталинизмдин кризиси жана КПССтин аша чабууларынан четтөөсү толук өлчөмдү камсыз кылбаса дагы улуттук партиялардын өз алдынчалыгынын өсүшүнө көмөк көрсөткөн (көбүнчө КПССтен каржылык көз карандылыкта болушкан). Бирок 70-ж. Батыш өлкөлөрдөгү структуралык алга жылуулар, илимий-техникалык революция, эл аралык чыңалуунун жоюлушу, «чыныгы социализм» өлкөлөрүндөгү кризисттик процесстер, «жаңы солчулдар» кыймылынын активдештирүүсү сыяктуу факторлордун таасири астында компартиялар көптөгөн өздөрүнүн мурдагы программалык көрсөтмөлөрүнөн баш тартуу зарылчылыгы келип чыкты. Бул шарттарда Коммунисттик кыймыл «еврокоммунизм» сыяктуу агым пайда болду. Италия, Испания, Франция жана бир катар өлкөлөрдүн партияларында өнүктүрүлгөн «еврокоммунизм» идеясы өзүнө СССРдеги «негативдик кубулуштарды» сындоону (биринчи кезекте адам укугунун бузулушу) пролетариат диктатурасынан баш тартууну, «демократтык социализмдин» көптөгөн жоболорун кабыл алууну камтыган «Еврокоммунизмдин» көптөгөн өкүлдөрү Чехословакияга жана Афганистанга советтик куралдуу кийлигишүүнү айыпташкан.

80-ж. аягы 90-ж. башында КПССте жана СССРде болуп өткөн процесстердин, ошондой эле Чыгыш Европада социализмдин жеңилүүсүнүн таасири астында Коммунисттик кыймылдын ичиндеги кризистик процесстер күчөгөн. КПСС тарабынан көптөгөн чет өлкөлүк компартиялардын каржыланышы тууралуу көптөгөн фактылардын Орусияда ачыкка чыгуусу алардын авторитетин түшүрүп, саясий таасирин начарлатты. Көптөгөн партияларда алардын ортодоксалдык агымы жана эл аралык социал-демократията ориентация жасаган демократтык күчтөрдүн ортосундагы бөлүнүү күчөп жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8