Комплементардуулук

Википедия дан

Комплементардуулук - аракеттешүүчү молекулалардын бири бирин толуктап жайгашып, алардын ортосунда суутектик, иондук байланыштын пайда болушу. Мунун негизинде начар аракеттешүүчү молекулалар бири бирине бекем тартылып, ажыроо күчүнө туруктуу болот. К. ДНКнын молекуласынын түзүлүшүндө ачык айкын байкалат. Мында эки полинуклеотиддик чынжырдагы пурин жана пиримидин негиздеринин (А-Т,Г-Ц) комплементардуу аракетинин натыйжасында, кош спиралдуу ДНК молекуласы түзүлөт. К. көп биологиялык атайын кубулуштардын негизинде жатат: полинуклеотиддердин, белоктордун синтезинде, ферменттик катализде, иммунитеттин молекулярдык механизминде жана башка Комплементардуу структуралар бири бирине ачкыч кулпуга дал келгендей туура келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]