Компьютердик программа

Википедия дан

Компьютердик программа (англ. computer program) — кадамдап жазылган көрсөтмөлөр тобу, ал берилиштерден маалыматты иштеп чыгууга зарыл болгон аракеттерди аткарууга компьютерди багыттайт. Бул көрсөтмөлөр программалоочу тарабынан жазылып, сөздөрдүн, символдордун жана коддордун тобунан турат жана ар түрдүү программалоо тилдеринде жазылат же коддолот. Программалоо тилинин көрсөтмөлөрүн компьютер түшүнөт жана тааныйт. Компьютер программасын түзүү үчүн программалоочу пайдаланган процесс программаны иштеп чыгуунун өмүр цикли деп аталат. Программалар буйруктардан турат жана берилиштерди иштетип, маалымат түзүү үчүн зарыл болгон аракеттерди компьютерге аткартат. Программа эске жүктөлөт жана анда компьютер аткара турган аракеттер аныкталат. Программа түзүлгөндөн кийин, ал баскычтоп тактасын жана орундарды башкаруучу түзүлүштөрдү пайдалануу менен компьютерге киргизилет. Компьютерге анын тез эсиндеги программаны гана аткартууга болот, эгерде программа сактагыч түзүлүштө сакталса, анда аны алды менен тез эске жүктөп алуу максатка ылайык.

Чатботтор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чатбот-бул мессенджердин ичинде иштеген программа. Мындай программа суроолорго жооп берүүгө, ошондой эле аларды өз алдынча суроого жөндөмдүү. Чат боттор типтүү маселелерди чечүү үчүн ар кандай тармактарда колдонулат.[1]

Кошумча караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компьютердик программалоо

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Программанын түрлөрү.

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак."КОМПЬЮТЕР жана ИНТЕРНЕТ Энциклопедиялык окуу куралы". Бишкек, Кыргызстан 2004-ж.