Компьютердик сабаттуулук

Википедия дан

Компьютердик сабаттуулук – түтүмдүү билим жана билгичтик, адамдын жашоосуна өтө керектүү, эмгек, компьютердик коомдогу эс алуу, компьютерди интеллектуалдык эмгекте курал катары пайдалануу. Ал жалпы билим берүүчүлүк жана профессионалдуу сабаттуулукта базаланат, математикалык негиздөө, физика, электрониканын элементтери, программалоо, электрондук-эсептөө машиналары ж. б.:
алгоритм, анын катмары, каражаты жана баяндоо методу жөнүндө түшүнүк;
алгоритмдин ЭЭМ үчүн сунушталган программасынын калыпы жөнүндө түшүнүк;
алгоритмдик программалоонун биринин негиздерин (Бейсик, Паскалы, Фортран) билүү;
ЭЭМдеги практикалык пикир алышуунун жолдору;
– түшүнүүнүн мааниси, электрондук-эсептөө техникасынын турмушта, адамдын жашоосунда, илимде, өндүрүштө колдонулушу жана ролу.

Аталган элементтер компьютердик сабаттуулуктун жөнөкөй негиздери болуп саналат. Жогорку деп эсептелген тепкичтерге төмөнкүлөр кирет:
– ишемдүү компьютердик сабаттуулук, ЭЭМ менен иштөөнүн алдын ала берилген божомол билгичтиги, татаал алгоритмдерди иштеп чыгуу жана аларды бир же бир нече программаларга сырбелгилөө, пайдалануучу ЭЭМ жөнүндө жакшы билим, өзүнүн ишмердүүлүгү үчүн татаал эмес программаларды билүү, стандарттык программа менен камсыздоону чыгармачылык ийкемдүүлүк менен колдонуу, информатика боюнча өзүнүн билим деңгээлин кеңейтүүгө умтулуу;
– түтүмдүү компьютердик сабаттуулук – максаттуу билим түтүмү жана компьютер аймагындагы аткаруу, компьютердик дүйнөдөгү техниканы кеңири ориентирлөө, бир ЭЭМден экинчи ЭЭМге, бир программалоо тилинен экинчи программалоо тилине кенен өтүү, компьютерлештирүүнүн коомдогу оң жана негативдүү кыймылдарын баамдоо, программалык каражаттарды кенен иштеп чыгуу жана жогорулатуу жана компьютердин бардык тармактардагы пайдаланылуусу.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004